00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:00
4 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:00
3 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
18:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
7 мин
Ачык кеп
Кыргызстанда Дүйнөлүк акча жумалыгы - 2026 кампаниясы өттү. Кандай жыйынтыктарга жетишилди?
21:05
46 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Жазылуу
Кадастр маалыматтарынын негизинде мүлк салыгы эсептелгенден кийин салык төлөөчүлөрдүн саны 20 эседен ашканы анык болду. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын карыздарды өндүрүү жана жергиликтүү салыктарды көзөмөлдөө башкармалыгынын жетекчиси Туратбек Күлчороев билдирди.Анын маалыматына ылайык, 2024-жылы турак жайлар үчүн салык төлөөчүлөрдүн саны 73 миңди түзгөн. "Кадастр" мамлекеттик мекемесинин базасы менен интеграцияланып, автоэсептөө киргизилгенден кийин салык салынуучу турак жайлардын саны 1 млн 475 миңге чейин көбөйгөн. Салык кызматы быйыл 1-марттан тартып кыймылсыз мүлк салыгын тескөөдө санариптештирүүнүн экинчи фазасын ишке киргизди. Мекеме кыймылсыз мүлктөрдүн реестрине кирүү мүмкүнчүлүгүн алып, эми салыктар Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин расмий маалыматтарынын негизинде автоматтык түрдө эсептелет."Мамлекет расмий маалыматтардын негизинде так эсептөө милдетин өзүнө алат. Жарандар кагаз иштеринен бошотулуп, убактысын үнөмдөшөт", — дешти Салык кызматынан. Ошол эле учурда турак эмес мүлккө салыктарды автоэсептөөдө маалыматтардын айырмачылыктары кездешкен учурлар бар. Күлчороевдин айтымында, бул кадастр системасындагы маалыматтардын актуалдуу эместигине байланыштуу, анын ичинде объектилердин аянтынын өзгөрүшү, мүлктүн багыты жана башка параметрлер бар.
Өзбекстанда качкын президент Курманбек Бакиевдин бир тууган иниси Ахмат Бакиев каза болгонун редакциянын ишенимдүү адамдары билдирди.Сөөк бүгүн Жалал-Абадга алып келиниши керек, маркум туулган айылы Масаданда жерге берилет. Бакиев алты бир тууган экени маалым.Курманбек Бакиевдин өзү 30 жылга эркинен ажыратылып, Ак үйдүн жанынан элге ок чыгарган деп айыпталган болчу. Учурда качкын президент Беларуста күн кечирүүдө.
Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиевдин катышуусунда Туруктуу өнүгүү максаттарына байланышкан депутаттык жумушчу тобунун жыйыны өттү. Бул тууралуу парламенттен билдиришти. Маалыматка ылайык, жыйынга депутаттар, тиешелүү мамлекеттик органдардын жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышты. Анда Марлен Маматалиев өткөрүлүп жаткан жыйын туруктуу өнүгүү максаттарын талкуулап, аларды ишке ашыруудагы парламенттин ролун кеңейтүүгө багытталган маанилүү сунуш-пикирлер айтылган аянтча экенин белгиледи. Ошону менен катар төрага өлкөдө жасалып жаткан реформалар, ишке ашырылып жаткан долбоорлор тууралуу да айтып, туруктуу өнүгүү максаттарына жетүүдө өнөктөштөрдүн колдоосу өтө маанилүү экенине токтолду. Анын айтымында, 2030-жылга чейин ички дүң өнүмдү кеминде 30 млрд долларга чейин жеткирүү, жан башына 4,5 миң долларга көтөрүү менен реалдуу экономикалык өсүштү 8%дан кем эмес кармоо пландалууда. Ал эми Жогорку Кеңеш керектүү укуктук-ченемдик актыларды иштеп чыгууга өзгөчө көңүл буруусу зарыл экендиги белгиленди.
Аида Исатбек кызы эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары болуп дайындалды. Мекеменин маалымат кызматы тиешелүү тескемеге минкаб башчысы Адылбек Касымалиев кол койгонун билдирди. Буга чейин бул кызматты Айнура Орозбаева аркалап келген. 31 жаштагы Исатбек кызы буга чейин Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын депутаты болгон. Ал Чүй облустук университетин "юриспруденция" адистиги боюнча аяктаган.
Жаңылыктар түрмөгү
0