https://sputnik.kg/20260414/1100772708.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Sputnik Кыргызстан
Ардактуу угармандар ушул саатка алынган жаңылыктар менен тааныштырабыз. Микрофондо Элдияр Асылбеков. Алгач кабарлардан кыскача... Айпери Медет кызы дүйнөлүк... 14.04.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-04-14T11:00+0600
2026-04-14T11:00+0600
2026-04-14T11:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/04/0e/1100772542_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_9c0ff06276963babb4faf4c615950033.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Sputnik Кыргызстан
Ардактуу угармандар ушул саатка алынган жаңылыктар менен тааныштырабыз. Микрофондо Элдияр Асылбеков. Алгач кабарлардан кыскача... Айпери Медет кызы дүйнөлүк рейтингде биринчи орунга чыктыСловения НАТОдон чыгуу үчүн референдумга баш коюуда Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Дүйнөлүк банктын аткаруучу директору менен жолукту. Алдыда кененирээк... Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Дүйнөлүк банктын аткаруучу директору Беатрис Мазер менен жолугуп, өлкөнүн стратегиялык өнүгүүсүн талкуулады. Жолугушууда Касымалиев Кыргызстан 2030-жылга чейин Ички дүн продукцияны 30 млрд доллардан ашырып, кирешеси ортодон жогору өлкөгө айланууну көздөп жатканын белгиледи. Ал ошондой эле акыркы жылдары экономиканын өсүшү жогору болуп, бюджеттин көлөмү бир нече эсеге көбөйгөнүн жана инвестициялар артканын айтты. Өзгөчө көңүл Камбар-Ата-1 ГЭСи долбооруна бурулуп, бул багытта аймактык кызматташуу жүрүп жатканы белгиленди. Мындан тышкары, билим берүү системасын реформалоо жана мамлекеттик башкарууну жөнөкөйлөтүү чаралары да талкууланды. Өз кезегинде Беатрис Мазер Кыргызстандын экономикалык жетишкендиктерин жогору баалап, Дүйнөлүк банк өлкө менен кызматташууну улантууга даяр экенин билдирди. Тараптар биргелешкен долбоорлорду кеңейтүүгө кызыкдар экенин ырасташты.
Кыргызстан жыл башында кол чатыр экспортун кыйла көбөйттү. Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, январь айында чет өлкөгө 9 миң 300дөн ашык кол чатыр жөнөтүлгөн, ал эми 2025-жылдын ушул эле мезгилинде бул көрсөткүч болжол менен 2миң 900дү түзгөн. Ошентип экспорттун көлөмү үч эседен ашык өстү. Экспорттолгон товардын бардыгын Россия сатып алган.
Кыргызстандык балбан Айпери Медет кызы кыз-келиндер күрөшү боюнча 76 кг салмак категориясында Дүйнөлүк күрөш уюму түзгөн рейтингде биринчи орунду ээледи. Ал жалпысынан 53 миң упай топтоп, дүйнөнүн мыкты балбандарынын сап башына чыкты. Рейтингде андан кийин эквадордук жана кубалык спортчулар орун алды. Ал эми Мээрим Жуманазарова кыз-келиндер күрөшү боюнча 68 кг салмак категориясында Дүйнөлүк күрөш уюмунун рейтингинде 5-орунду ээледи. Ал жалпы 25 миң 400 упай топтогон. Рейтингде биринчи орунду жапониялык балбан ээлесе, кийинки орундарда Болгария, АКШ жана Кытай спортчулары жайгашты.
Словения НАТОдон чыгуу боюнча референдум өткөрүү ниетинде болуп жатканын өлкөнүн Мамлекеттик жыйынынын төрагасы Зоран Стеванович айтты. Бул туурасында РИА Новости жазды. Стеванович Любляна көз карандысыз саясат жүргүзүп, бардык өлкөлөр, биринчи кезекте улуу державалар менен кызматташуусу керектигин, бирок бул кызматташтык баш ийүү дегенди билдирбеши зарыл деген пикирин айткан. Жакынкы Чыгышта азыр кырдаал чайпалып турган чакта НАТО кризиске кептелди. АКШ президенти Дональд Трамп НАТОну кагаз жүзүндөгү жолборс деп атап, АКШнын Тегеран менен тирешүүсүндө көмөктөшпөгөнү үчүн сындап жатат. Германия менен Франция да Ормуз кысыгын ачуу боюнча операцияга катышуудан баш тарткан. Евродипломатиянын башчысы Кая Каллас Евробиримдик мамлекеттери ал жакка флот жөнөтүүгө даяр эместигин билдирген. Пентагондун башчысы Пит Хегсеттин айтымында, Трамп НАТОнун маселесин Иран менен чатак аягына чыккандан кийин чечет.
Ардактуу угармандар ушул саатка алынган жаңылыктар менен тааныштырабыз. Микрофондо Элдияр Асылбеков. Алгач кабарлардан кыскача... Айпери Медет кызы дүйнөлүк рейтингде биринчи орунга чыктыСловения НАТОдон чыгуу үчүн референдумга баш коюуда Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Дүйнөлүк банктын аткаруучу директору менен жолукту. Алдыда кененирээк... Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Дүйнөлүк банктын аткаруучу директору Беатрис Мазер менен жолугуп, өлкөнүн стратегиялык өнүгүүсүн талкуулады. Жолугушууда Касымалиев Кыргызстан 2030-жылга чейин Ички дүн продукцияны 30 млрд доллардан ашырып, кирешеси ортодон жогору өлкөгө айланууну көздөп жатканын белгиледи. Ал ошондой эле акыркы жылдары экономиканын өсүшү жогору болуп, бюджеттин көлөмү бир нече эсеге көбөйгөнүн жана инвестициялар артканын айтты. Өзгөчө көңүл Камбар-Ата-1 ГЭСи долбооруна бурулуп, бул багытта аймактык кызматташуу жүрүп жатканы белгиленди. Мындан тышкары, билим берүү системасын реформалоо жана мамлекеттик башкарууну жөнөкөйлөтүү чаралары да талкууланды. Өз кезегинде Беатрис Мазер Кыргызстандын экономикалык жетишкендиктерин жогору баалап, Дүйнөлүк банк өлкө менен кызматташууну улантууга даяр экенин билдирди. Тараптар биргелешкен долбоорлорду кеңейтүүгө кызыкдар экенин ырасташты. Кыргызстан жыл башында кол чатыр экспортун кыйла көбөйттү. Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, январь айында чет өлкөгө 9 миң 300дөн ашык кол чатыр жөнөтүлгөн, ал эми 2025-жылдын ушул эле мезгилинде бул көрсөткүч болжол менен 2миң 900дү түзгөн. Ошентип экспорттун көлөмү үч эседен ашык өстү. Экспорттолгон товардын бардыгын Россия сатып алган. Кыргызстандык балбан Айпери Медет кызы кыз-келиндер күрөшү боюнча 76 кг салмак категориясында Дүйнөлүк күрөш уюму түзгөн рейтингде биринчи орунду ээледи. Ал жалпысынан 53 миң упай топтоп, дүйнөнүн мыкты балбандарынын сап башына чыкты. Рейтингде андан кийин эквадордук жана кубалык спортчулар орун алды. Ал эми Мээрим Жуманазарова кыз-келиндер күрөшү боюнча 68 кг салмак категориясында Дүйнөлүк күрөш уюмунун рейтингинде 5-орунду ээледи. Ал жалпы 25 миң 400 упай топтогон. Рейтингде биринчи орунду жапониялык балбан ээлесе, кийинки орундарда Болгария, АКШ жана Кытай спортчулары жайгашты. Словения НАТОдон чыгуу боюнча референдум өткөрүү ниетинде болуп жатканын өлкөнүн Мамлекеттик жыйынынын төрагасы Зоран Стеванович айтты. Бул туурасында РИА Новости жазды. Стеванович Любляна көз карандысыз саясат жүргүзүп, бардык өлкөлөр, биринчи кезекте улуу державалар менен кызматташуусу керектигин, бирок бул кызматташтык баш ийүү дегенди билдирбеши зарыл деген пикирин айткан. Жакынкы Чыгышта азыр кырдаал чайпалып турган чакта НАТО кризиске кептелди. АКШ президенти Дональд Трамп НАТОну кагаз жүзүндөгү жолборс деп атап, АКШнын Тегеран менен тирешүүсүндө көмөктөшпөгөнү үчүн сындап жатат. Германия менен Франция да Ормуз кысыгын ачуу боюнча операцияга катышуудан баш тарткан. Евродипломатиянын башчысы Кая Каллас Евробиримдик мамлекеттери ал жакка флот жөнөтүүгө даяр эместигин билдирген. Пентагондун башчысы Пит Хегсеттин айтымында, Трамп НАТОнун маселесин Иран менен чатак аягына чыккандан кийин чечет.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/04/0e/1100772542_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_d51531403d8b19e37ad80a8be63dd380.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио