00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
7 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
6 мин
Об экономике и не только с Кубатом Рахимовым
20:06
44 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Жазылуу
Кыргызстанга Россия курчу мектептер бассейни менен болотПесков максатка жетмейинче Украинадагы атайын операция улана берерин билдирдиСалык кызматы Декларация тапшыруу мөөнөтү 1-майда аяктарын эскертетМамлекеттик салык кызматы 1-майга чейин жеке жактар жана жеке ишкерлер бирдиктүү салык декларациясын тапшыруу зарылдыгын эскертти. Белгиленген мөөнөткө чейин декларацияны төмөнкүлөр тапшырууга тийиш: – Жеке ишкерлер (патенттин негизинде өзгөчө режимдеги соода зонасында жана бирдиктүү салыктын 0%, 0,1%, 0,5% жана 1% ставкалары боюнча иштегендерден, ошондой эле юридикалык жакты түзбөгөн дыйкан (фермердик) чарбаларынан тышкары); – Эл аралык уюмдарда, ошондой эле Кыргызстандын аймагында жайгашкан чет мамлекеттердин дипломатиялык жана консулдук мекемелеринде иштеген КРнын жарандары; – Отчеттук мезгил ичинде кирешесинен киреше салыгы кармалбаган жеке жактар.Толук маалыматты аймактык салык органдарынан, 116 телефону аркылуу, ошондой эле www.sti.gov.kg сайтынан алууга болот.
Бишкектеги Аалы Токомбаев көчөсүндө Россиянын колдоосу менен салынып жаткан мектептин курулушу 2027-жылы аяктайт. Бүгүн Жогорку Кеңештин эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрайымы Элвира Сурабалдиева менен Россиянын Кыргызстандагы элчиси Сергей Вакунов курулуш иштерин көрдү. Мектептин жалпы аянты 27 миң чарчы метр, 1 224 балага ылайыкталган. Белгилей кетсек, билим берүү долбоорунун алкагында Россия Кыргызстанга тогуз мектеп куруп бермей болгон. Биринчи этапта Бишкек, Баткен, Каракол шаарларына салынып жатат. Экинчи этапта Ош, Манас, Талас, Нарын облустары жана Новопавловка айылына курулуп, билим уялары 2029-жылы колдонууга берилери айтылды.Ар бир мектеп 1224 окуучуга ылайыкташып, заманбап окуу класстары, лабораториялар, китепканалар, медициналык бөлмөлөр, бассейндер, спорт аянтчалары, актовый залдар жана ашканалар менен жабдылат. Окутуу процесси эки өлкөнүн билим берүү стандарттарына ылайык жүргүзүлөт.
Кара-Балтада үйдө багылган жана кароосуз калган ит-мышыкка чип тагылат Мэрия кызматтын баасы 200 сом экенин билдирди. Азырынча бул ыктыярдуу болсо, кийин мыйзамга ылайык милдеттүү болору айтылды. Муниципалитет жандыктардын ээси аларды эмдетип жана бычтырып алса болорун кабарлады. Стерилизация жана процедуралар акысыз жүргүзүлөт. Каалоочулар 0700 335 449 номерине байланышса болот.
Россия Украина боюнча өзүнүн алдына койгон максаттарына жетүүнү көздөйт. Бул туурасында РФ президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков айтканын РИА Новости жазды. "Биз Украина боюнча өзүбүздүн койгон максаттарыбызга жетүү ниетибиз бар", — деди Песков журналисттерге. Кремлдин өкүлү сүйлөшүүлөр максатына жетмейинче атайын операция улана берерин кошумчалады.
ЭМИ ВАЛЮТА КУРСУ МЕНЕН ТААНЫШЫП АЛЫҢЫЗДАР:Улуттук банктын билдирүүсү боюнча ушул тапта: 1 АКШ доллары 87 сом 45 тыйынга евро 102 сом 22 тыйынга юань 12 сом 80 тыйынга рубль 1 сом 14 тыйынга Казак тенгеси 18 тыйынга барабар
МУНАЙ БААСЫ Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи 92 үлгүсүндөгү бензиндин литри 74 сом 40 тыйындан баштап сатылууда. Аи 95 үлгүсүндөгү күйүүчү майдын литри 80 сом 40 тыйындан жогору, дизель майы литрине 79 сом 80 тыйындан тарта бааланса, унаа газынын литри 39 сом 40 тыйындан сатылууда.АБА ЫРАЙЫ15-апрелге караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. 15-апрель, шаршембиде күндүз айрым жерлерде жаан жаап, күн күркүрөп, бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты. Абанын температурасы Чүй, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +23...+28, Талас аймагында +19...+24, Ысык-Көлдө +14...+19, Нарын жергесинде +16...+21 градус жылуу болот. Күндүн табы борбор калаада +25...+27 градуска чейин көтөрүлүп, кечке маал жамгыр жаашы ыктымал. Ош шаарында күн ачык болуп +24...+26 градус ысык болот.
Жаңылыктар түрмөгү
0