https://sputnik.kg/20260413/1100750036.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Sputnik Кыргызстан
Жогорку Кеңеш бала асырап алуу маселелерин талкуулады Депутат Махабат Мавлянова демилгеси менен өткөн жыйында бала асырап алуу тармагындагы көйгөйлөр каралды... 13.04.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-04-13T08:59+0600
2026-04-13T08:59+0600
2026-04-13T09:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/04/0d/1100749870_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_04d4c74ff900de46c04c56177c519486.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Sputnik Кыргызстан
Жогорку Кеңеш бала асырап алуу маселелерин талкуулады Депутат Махабат Мавлянова демилгеси менен өткөн жыйында бала асырап алуу тармагындагы көйгөйлөр каралды. Иш-чарага депутат Бурул Аманова, тиешелүү министрликтердин өкүлдөрү жана асырап алуу кезегинде турган ата-энелер катышты. Талкууда атайын порталдын иши жана документ топтоодогу бюрократиялык тоскоолдуктар негизги маселе катары көтөрүлдү. Бул жагдайлар ата-энелер үчүн процессти кыйла татаалдаштырып жатканы белгиленди. Жыйынтыгында портал менен Тундук системасын интеграциялоо сунушталды. Бул кадам процедураны жеңилдетип, ачык-айкындуулукту камсыздай турганы айтылды. Махабат Мавлянова ар бир бала үй-бүлөдө тарбияланууга укуктуу экенин белгилеп, бул маселени жеке көзөмөлүнө аларын билдирди. Ал эми Бурул Аманова бюрократияны кыскартуу жана мамлекеттик органдардын өз ара иштешүүсүн күчөтүү зарылдыгын белгиледи.
Министрлер кабинети соода эрежелерине өзгөртүү киргизүү боюнча долбоорду коомдук талкууга чыгарды Жаңы талапка ылайык: Табигый ширелер менен нектарлар өзүнчө текчелерге же зоналарга коюлушу керек Өнүмдөрдүн курамы жана ширенин үлүшү так жана түшүнүктүү көрсөтүлөт Органикалык товарлар үчүн «Organic» деген атайын белгилер жана текчелер болот Бул өзгөрүүлөр керектөөчүлөрдү коргоого жана табигый шире өндүрүүчүлөрдү колдоого багытталган Документ 2026-жылдын 1-майынан тарта күчүнө кириши мүмкүн
ИИМ легалдаштырылбаган унаалардын ээлерин 1-майга чейин аларды өлкөдөн чыгарып кетүүгө же тетикке сатып жиберүүгө милдеттендирүүнү сунуштап жатат. Эгер бул талап аткарылбаса, унаалар утилизацияланат. Президенттин жарлыгынын долбоорунда мындай унааларды сыртка чыгарып кетүүгө шарт түзүү, айып короолордо сактоо баасын эки эсеге төмөндөтүү (суткасына 50 сом) каралууда. Бирок мунун шарты – унаа ээси белгиленген мөөнөттө унаасы боюнча маселени чечиши кажет.
Кыргызстандык фермерлер арашан койлорун экспорттоого уруксат берүүнү сурашууда Айыл чарба министрлиги март айында эттин кымбатташын алдын алуу үчүн өлкөдөн мал экспорттоого тыюу салган. Мекемеге кой баккан фермерлердин биримдиги кайрылып, арашан тукумундагы койлорго чет элдиктерден суроо-талап көп экенин белгилешип, бул тукумдагы койго тыюуну алып салууну өтүнүшкөн. Министрлик мындай тукумдагы койлордун баасы кымбат болгондуктан эт өндүрүү багытында каралбай турганын, аны экспорттоо ички рыноктогу кой этинин баасына анчейин таасир бербестигин айтты.
АБА ЫРАЙЫ13-апрель, дүйшөмбүдө күн ачык болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты. Аба ырайы Чүй, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +20...+25, Талас аймагында +19...+24, Ысык-Көл жана Нарын жергесинде +15...+20 градус жылуу болот.Күндүн табы борбор калаада +23...+25, Ош шаарында +22...+24 градуска чейин көтөрүлөт.
Жогорку Кеңеш бала асырап алуу маселелерин талкуулады Депутат Махабат Мавлянова демилгеси менен өткөн жыйында бала асырап алуу тармагындагы көйгөйлөр каралды. Иш-чарага депутат Бурул Аманова, тиешелүү министрликтердин өкүлдөрү жана асырап алуу кезегинде турган ата-энелер катышты. Талкууда атайын порталдын иши жана документ топтоодогу бюрократиялык тоскоолдуктар негизги маселе катары көтөрүлдү. Бул жагдайлар ата-энелер үчүн процессти кыйла татаалдаштырып жатканы белгиленди. Жыйынтыгында портал менен Тундук системасын интеграциялоо сунушталды. Бул кадам процедураны жеңилдетип, ачык-айкындуулукту камсыздай турганы айтылды. Махабат Мавлянова ар бир бала үй-бүлөдө тарбияланууга укуктуу экенин белгилеп, бул маселени жеке көзөмөлүнө аларын билдирди. Ал эми Бурул Аманова бюрократияны кыскартуу жана мамлекеттик органдардын өз ара иштешүүсүн күчөтүү зарылдыгын белгиледи. Министрлер кабинети соода эрежелерине өзгөртүү киргизүү боюнча долбоорду коомдук талкууга чыгарды Жаңы талапка ылайык: Табигый ширелер менен нектарлар өзүнчө текчелерге же зоналарга коюлушу керек Өнүмдөрдүн курамы жана ширенин үлүшү так жана түшүнүктүү көрсөтүлөт Органикалык товарлар үчүн «Organic» деген атайын белгилер жана текчелер болот Бул өзгөрүүлөр керектөөчүлөрдү коргоого жана табигый шире өндүрүүчүлөрдү колдоого багытталган Документ 2026-жылдын 1-майынан тарта күчүнө кириши мүмкүн ИИМ легалдаштырылбаган унаалардын ээлерин 1-майга чейин аларды өлкөдөн чыгарып кетүүгө же тетикке сатып жиберүүгө милдеттендирүүнү сунуштап жатат. Эгер бул талап аткарылбаса, унаалар утилизацияланат. Президенттин жарлыгынын долбоорунда мындай унааларды сыртка чыгарып кетүүгө шарт түзүү, айып короолордо сактоо баасын эки эсеге төмөндөтүү (суткасына 50 сом) каралууда. Бирок мунун шарты – унаа ээси белгиленген мөөнөттө унаасы боюнча маселени чечиши кажет. Кыргызстандык фермерлер арашан койлорун экспорттоого уруксат берүүнү сурашууда Айыл чарба министрлиги март айында эттин кымбатташын алдын алуу үчүн өлкөдөн мал экспорттоого тыюу салган. Мекемеге кой баккан фермерлердин биримдиги кайрылып, арашан тукумундагы койлорго чет элдиктерден суроо-талап көп экенин белгилешип, бул тукумдагы койго тыюуну алып салууну өтүнүшкөн. Министрлик мындай тукумдагы койлордун баасы кымбат болгондуктан эт өндүрүү багытында каралбай турганын, аны экспорттоо ички рыноктогу кой этинин баасына анчейин таасир бербестигин айтты. АБА ЫРАЙЫ13-апрель, дүйшөмбүдө күн ачык болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты. Аба ырайы Чүй, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +20...+25, Талас аймагында +19...+24, Ысык-Көл жана Нарын жергесинде +15...+20 градус жылуу болот.Күндүн табы борбор калаада +23...+25, Ош шаарында +22...+24 градуска чейин көтөрүлөт.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/04/0d/1100749870_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_91f14f02d582edf4521ebc1e8f1f90cf.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио