https://sputnik.kg/20260413/1100766233.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Sputnik Кыргызстан
Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиевдин катышуусунда Туруктуу өнүгүү максаттарына (ТӨМ) байланышкан депутаттык жумушчу тобунун жыйыны өттү. Парламенттен... 13.04.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-04-13T19:00+0600
2026-04-13T19:00+0600
2026-04-13T19:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/04/0d/1100766067_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_5e10b881b36cfd42a0b3181a72d77ecc.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Sputnik Кыргызстан
Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиевдин катышуусунда Туруктуу өнүгүү максаттарына (ТӨМ) байланышкан депутаттык жумушчу тобунун жыйыны өттү. Парламенттен билдиришкендей, жыйынга депутаттар, тиешелүү мамлекеттик органдардын жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышты. Төрага өлкөдөгү реформалар менен долбоорлорго токтолуп, бул багытта өнөктөштөрдүн колдоосу өтө маанилүү экенин айтты. Анын айтымында, 2030-жылга чейин төмөнкүдөй көрсөткүчтөр пландалууда: Ички дүң продукция (ИДП) кеминде 30 млрд долларга жеткирүү; ИДПны жан башына 4,5 миң долларга чейин көтөрүү; Реалдуу экономикалык өсүштү жыл сайын 8%дан кем эмес деңгээлде кармоо. Төрага Марлен Маматалиев бул отурум глобалдык максаттарды талкуулоо жана аларды ишке ашырууда парламенттин ролун кеңейтүүгө багытталган маанилүү аянтча экенин белгиледи. Ошондой эле Жогорку Кеңеш бул стратегиялык максаттарга жетүү үчүн керектүү укуктук-ченемдик актыларды иштеп чыгууга өзгөчө көңүл бурушу зарыл экени белгиленди.
Бишкек шаарында 15-16-апрелде Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин айыл чарба министрлеринин 11-кеңешме жыйыны өтөт. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Жыйынга ШКУга мүчө мамлекеттердин айыл чарба тармагына жооптуу жетекчилери катышат. Буга Индия, Иран, Казакстан, Кытай, Кыргызстан, Пакистан, Россия, Тажикстан, Өзбекстан жана Беларусь кирет. Анда аймактык жана глобалдык деңгээлдеги айыл чарба тармагынын актуалдуу маселелери талкууланат. Анын ичинде азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо, заманбап агротехнологияларды киргизүү жана агроөнөр жай комплексин туруктуу өнүктүрүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулат. Ошондой эле ШКУга мүчө мамлекеттердин айыл чарба тармагы боюнча кызматташтыгын тереңдетүү, алдыңкы тажрыйбаларды жана мыкты практикаларды алмашуу маселелери каралат.
Кыргызстан жыл башында кол чатыр экспортун кыйла көбөйттү. Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, январь айында чет өлкөгө 9,3 миңден ашык кол чатыр жөнөтүлгөн, ал эми 2025-жылдын ушул эле мезгилинде бул көрсөткүч болжол менен 2,9 миңди түзгөн. Ошентип экспорттун көлөмү үч эседен ашык өстү. Экспорттолгон товардын бардыгын Россия сатып алган.
Россия Украина боюнча өзүнүн алдына койгон максаттарына жетүүнү көздөйт. Бул туурасында РФ президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков айтканын РИА Новости жазды."Биз Украина боюнча өзүбүздүн койгон максаттарыбызга жетүү ниетибиз бар", — деди Песков журналисттерге. Кремлдин өкүлү Киевдин бул жаатта жасайм деп турган нерселерин колдогондо анын кесепети кандай болорун айтты. "Киев бийлигинин милитаристтик жана согушту жактаган ниетин колдоп-коштоо кырдаалды тынчтык жолу менен жөнгө салчу ыкманы табууга көмөкчү болуп бере албайт", — деди Песков. Кремлдин өкүлү сүйлөшүүлөр максатына жетмейинче атайын операция улана берерин кошумчалады.
Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиевдин катышуусунда Туруктуу өнүгүү максаттарына (ТӨМ) байланышкан депутаттык жумушчу тобунун жыйыны өттү. Парламенттен билдиришкендей, жыйынга депутаттар, тиешелүү мамлекеттик органдардын жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышты. Төрага өлкөдөгү реформалар менен долбоорлорго токтолуп, бул багытта өнөктөштөрдүн колдоосу өтө маанилүү экенин айтты. Анын айтымында, 2030-жылга чейин төмөнкүдөй көрсөткүчтөр пландалууда: Ички дүң продукция (ИДП) кеминде 30 млрд долларга жеткирүү; ИДПны жан башына 4,5 миң долларга чейин көтөрүү; Реалдуу экономикалык өсүштү жыл сайын 8%дан кем эмес деңгээлде кармоо. Төрага Марлен Маматалиев бул отурум глобалдык максаттарды талкуулоо жана аларды ишке ашырууда парламенттин ролун кеңейтүүгө багытталган маанилүү аянтча экенин белгиледи. Ошондой эле Жогорку Кеңеш бул стратегиялык максаттарга жетүү үчүн керектүү укуктук-ченемдик актыларды иштеп чыгууга өзгөчө көңүл бурушу зарыл экени белгиленди.Бишкек шаарында 15-16-апрелде Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин айыл чарба министрлеринин 11-кеңешме жыйыны өтөт. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Жыйынга ШКУга мүчө мамлекеттердин айыл чарба тармагына жооптуу жетекчилери катышат. Буга Индия, Иран, Казакстан, Кытай, Кыргызстан, Пакистан, Россия, Тажикстан, Өзбекстан жана Беларусь кирет. Анда аймактык жана глобалдык деңгээлдеги айыл чарба тармагынын актуалдуу маселелери талкууланат. Анын ичинде азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо, заманбап агротехнологияларды киргизүү жана агроөнөр жай комплексин туруктуу өнүктүрүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулат. Ошондой эле ШКУга мүчө мамлекеттердин айыл чарба тармагы боюнча кызматташтыгын тереңдетүү, алдыңкы тажрыйбаларды жана мыкты практикаларды алмашуу маселелери каралат.Кыргызстан жыл башында кол чатыр экспортун кыйла көбөйттү. Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, январь айында чет өлкөгө 9,3 миңден ашык кол чатыр жөнөтүлгөн, ал эми 2025-жылдын ушул эле мезгилинде бул көрсөткүч болжол менен 2,9 миңди түзгөн. Ошентип экспорттун көлөмү үч эседен ашык өстү. Экспорттолгон товардын бардыгын Россия сатып алган. Россия Украина боюнча өзүнүн алдына койгон максаттарына жетүүнү көздөйт. Бул туурасында РФ президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков айтканын РИА Новости жазды."Биз Украина боюнча өзүбүздүн койгон максаттарыбызга жетүү ниетибиз бар", — деди Песков журналисттерге. Кремлдин өкүлү Киевдин бул жаатта жасайм деп турган нерселерин колдогондо анын кесепети кандай болорун айтты. "Киев бийлигинин милитаристтик жана согушту жактаган ниетин колдоп-коштоо кырдаалды тынчтык жолу менен жөнгө салчу ыкманы табууга көмөкчү болуп бере албайт", — деди Песков. Кремлдин өкүлү сүйлөшүүлөр максатына жетмейинче атайын операция улана берерин кошумчалады.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/04/0d/1100766067_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_784bdccb07f6257d65a9cef9fede951a.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио