https://sputnik.kg/20260413/1100758452.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Sputnik Кыргызстан
Кыргыз-кытай чек арасындагы "Эркеч-Там" өткөрүү постунда өз өмүрүнө кол салган чек арачы көз жумду.Мамлекеттик чек ара кызматы билдиргендей, жоокердин өмүрүн... 13.04.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-04-13T15:00+0600
2026-04-13T15:00+0600
2026-04-13T15:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/04/0d/1100758286_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_617ec4bc4aa897c3f02820819b31240d.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Sputnik Кыргызстан
Кыргыз-кытай чек арасындагы "Эркеч-Там" өткөрүү постунда өз өмүрүнө кол салган чек арачы көз жумду.Мамлекеттик чек ара кызматы билдиргендей, жоокердин өмүрүн сактап калуу үчүн бардык чаралар көрүлгөнүнө карабай, аны аман алып калууга мүмкүн болгон жок. Эске салсак, келишим боюнча кызмат өтөп жаткан 22 жаштагы чек арачы 7-апрелде өз жанын кыюуга аракет кылган. Ага Алай райондук ооруканасында операция жасалып, абалы оор деп бааланып жаткан.
Кыргызстанда автоунааларды мыйзамдаштыруунун дагы бир өнөктүгү өтүшү мүмкүн. Бул тууралуу ИИМ жетекчисинин биринчи орун басары президенттин Ош облусунун тургундары менен жолугушуусунда билдирди.Мамлекет башчы Садыр Жапаров автоунааларын мыйзамдаштыргысы келгендерди бул мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбоого, "уктап калбоого" чакырды. Белгилей кетсек, ИИМде президенттин дагы бир жарлыгынын долбоору бар. Анда мыйзамдаштырылбаган автоунаалардын ээлерин 1-майга чейин автону өлкөдөн чыгарып кетүүгө же тетикке сатып жиберүүгө милдеттендирүү сунушталууда. Болбосо, машиналар утилдештирилет. Долбоор коомдук талкууга чыгарылган.Буга чейин Кыргызстанда чет элдик номерлери бар автоунааларды мыйзамдаштыруу боюнча өнөктүк өткөрүлгөн. Экономика министрлигинин маалыматына ылайык, 1-апрелден 1-октябрга чейин анын алкагында болжол менен 30 миңге жакын транспорт каражаты каттоодон өткөн.
Кыргызстандын курулуш тармагында кандай жаңы технологиялар пайда болушу мүмкүн экенин BiExpo ЖЧКсынын директору Виктор Линовицкий айтып берди. Ал Sputnik Кыргызстандын маалымат борборуна келди.14-апрелде Бишкекте Kyrgyz Build эл аралык көргөзмөсү ишин баштайт. Линовицкий анда эмнелер көрсөтүлөрүн да айтып өттү. "Кыргызстанда курулуш тармагында чоң өсүш болуп жаткандыктан бетон үчүн жаңы кошулмалар сунушталат. Алар курулуштун бекемдигин, сапатын арттырат. Ошондой эле кыргызстандык ишканаларга энергияны үнөмдөөчү терезелер жана айнектер сунушталат. Алар кышында жылуулукту сактап, жайында имараттарды желдеткичсиз эле салкын кармоого жардам берет", — деди ал. Мындан тышкары, көргөзмөдө өрт коопсуздугуна байланыштуу заманбап табылгалар да көрсөтүлөт.
Бүгүн Ош шаарына дүйнөнүн 372-чи, Россиянын 88-чи, Кыргызстандын туңгуч космонавты Салижан Шарипов иш сапары менен келип, шаардагы космонавттардын ысымын алып жүргөн Ю. Гагарин жана В. Терешкова атындагы орто мектептердин окуучулары менен жолугушту. Мэриядан билдиришкендей, космонавтты мэрдин орун басары Масуда Айдарбекова, Россиянын Ош шаарындагы башкы консулу Роман Свистин, билим берүү тармагынын өкүлдөрү жана окуучулар тосуп алышты. Иш-чарада Салижан Шарипов балалык кыялы, космосту багындырууга болгон аракеттери, космостук учуулары жана жеткен ийгиликтери менен бөлүшүп, окуучуларга алдыга койгон максаттарына умтулууну сунуштап, кыялдарынын орундалышына тилектештигин билдирди. "12-апрель — Эл аралык авиация жана космонавтика күнүнө карата өткөрүлүп жаткан иш-чаранын алкагында мектеп окуучуларынын космос мейкиндигин чагылдырган макеттери жана өз колдору менен тарткан сүрөттөрү көрсөтүлүп, чакан концерттик программа тартууланды", — деп айтылат маалыматта.
Кыргыз-кытай чек арасындагы "Эркеч-Там" өткөрүү постунда өз өмүрүнө кол салган чек арачы көз жумду.Мамлекеттик чек ара кызматы билдиргендей, жоокердин өмүрүн сактап калуу үчүн бардык чаралар көрүлгөнүнө карабай, аны аман алып калууга мүмкүн болгон жок. Эске салсак, келишим боюнча кызмат өтөп жаткан 22 жаштагы чек арачы 7-апрелде өз жанын кыюуга аракет кылган. Ага Алай райондук ооруканасында операция жасалып, абалы оор деп бааланып жаткан.Кыргызстанда автоунааларды мыйзамдаштыруунун дагы бир өнөктүгү өтүшү мүмкүн. Бул тууралуу ИИМ жетекчисинин биринчи орун басары президенттин Ош облусунун тургундары менен жолугушуусунда билдирди.Мамлекет башчы Садыр Жапаров автоунааларын мыйзамдаштыргысы келгендерди бул мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбоого, "уктап калбоого" чакырды. Белгилей кетсек, ИИМде президенттин дагы бир жарлыгынын долбоору бар. Анда мыйзамдаштырылбаган автоунаалардын ээлерин 1-майга чейин автону өлкөдөн чыгарып кетүүгө же тетикке сатып жиберүүгө милдеттендирүү сунушталууда. Болбосо, машиналар утилдештирилет. Долбоор коомдук талкууга чыгарылган.Буга чейин Кыргызстанда чет элдик номерлери бар автоунааларды мыйзамдаштыруу боюнча өнөктүк өткөрүлгөн. Экономика министрлигинин маалыматына ылайык, 1-апрелден 1-октябрга чейин анын алкагында болжол менен 30 миңге жакын транспорт каражаты каттоодон өткөн.Кыргызстандын курулуш тармагында кандай жаңы технологиялар пайда болушу мүмкүн экенин BiExpo ЖЧКсынын директору Виктор Линовицкий айтып берди. Ал Sputnik Кыргызстандын маалымат борборуна келди.14-апрелде Бишкекте Kyrgyz Build эл аралык көргөзмөсү ишин баштайт. Линовицкий анда эмнелер көрсөтүлөрүн да айтып өттү. "Кыргызстанда курулуш тармагында чоң өсүш болуп жаткандыктан бетон үчүн жаңы кошулмалар сунушталат. Алар курулуштун бекемдигин, сапатын арттырат. Ошондой эле кыргызстандык ишканаларга энергияны үнөмдөөчү терезелер жана айнектер сунушталат. Алар кышында жылуулукту сактап, жайында имараттарды желдеткичсиз эле салкын кармоого жардам берет", — деди ал. Мындан тышкары, көргөзмөдө өрт коопсуздугуна байланыштуу заманбап табылгалар да көрсөтүлөт.Бүгүн Ош шаарына дүйнөнүн 372-чи, Россиянын 88-чи, Кыргызстандын туңгуч космонавты Салижан Шарипов иш сапары менен келип, шаардагы космонавттардын ысымын алып жүргөн Ю. Гагарин жана В. Терешкова атындагы орто мектептердин окуучулары менен жолугушту. Мэриядан билдиришкендей, космонавтты мэрдин орун басары Масуда Айдарбекова, Россиянын Ош шаарындагы башкы консулу Роман Свистин, билим берүү тармагынын өкүлдөрү жана окуучулар тосуп алышты. Иш-чарада Салижан Шарипов балалык кыялы, космосту багындырууга болгон аракеттери, космостук учуулары жана жеткен ийгиликтери менен бөлүшүп, окуучуларга алдыга койгон максаттарына умтулууну сунуштап, кыялдарынын орундалышына тилектештигин билдирди. "12-апрель — Эл аралык авиация жана космонавтика күнүнө карата өткөрүлүп жаткан иш-чаранын алкагында мектеп окуучуларынын космос мейкиндигин чагылдырган макеттери жана өз колдору менен тарткан сүрөттөрү көрсөтүлүп, чакан концерттик программа тартууланды", — деп айтылат маалыматта.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/04/0d/1100758286_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_c5b06ffb2de2b1df6e5c0ad612ad2dd5.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио