Манас менен Нескаранын согушу. Улуу баяндан 6 факт

© Фото / Теодор ГерценТеодор Герцендин Манас эпосуна тартылган сүрөтү. Архив
Теодор Герцендин Манас эпосуна тартылган сүрөтү. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.04.2022
Жазылуу
Манас баянын Манас менен Нескаранын согушу уламакчы.
Байдын Нескара тууралуу баяны. Казактардан жардам суроо. Жакыпка жолуккан Бай эс-учун жыйып Нескара жөнүн айтат. Анын айтуусу боюнча, Нескара жаадай сызган Чабдар аты бар, жагалдуу кара тону бар, алеңгир жаа асынган, азезил шайтан мас кылган, жеткен аяр, урушта жеңилүү эмне экенин билбеген, пейли катуу киши, аты менен адамча сүйлөшөт. Манас жөнүн укканда аны ушундайда жок кылайын деп арык казып аткан алты миң колун алып жоого аттанганын айтат. Өзү муну топурак астында жатып укканын, алар кетер менен боз топурактан эптеп суурлуп чыгып, качыр минип, колдун артынан түшүп, алты күн жүрүп мында келгенин айтат. Муну уккан Жакыптын ич дүйнөсү эзилип, зилдейт. Ашыкканы жанда жок Жакып чал айылга барып, "жетимиш үйлүү кыргызга жетип кабар салыптыр". Ошол жерге Жакыпты пааналап каңгы деген калк келген экен, бир жыл болуптур, алты-бештен түтүн конуп, башчысы Чегиш деген алп экен, аларга угузуптур. Карып калган Балта, Ошпур менен Саламат, эки жүз токсон түтүн баягы манжу калмактары деген алаамат келе жатканын угуп, тополоңго түшөт. Өздөрүндө болгон кол ушул болсо не кылат, казак туугандардан жардам сурайлы деп Жакып бай Балта чалды кабарга жиберет. Балта чал алты күндүк жол жүрүп "Казактын ары четине, Иле суунун бетине, аягы Барыскан, Дарканга барып" уруш жөнүн айтканда, "Күнөс балбан күркүрөп, атка минип алыптыр", Камбардын уулу Айдаркан баштап чанжыр жол менен селдей каптап, сегиз миң кол менен Жакып, Манаска жардам колун сунуп беш-алты күндүк жолго чыгат.
Нескаранын колу адашып, маңгулдарга барып уруш ачышы. Нескаранын алты миң аскери Бай Жакыптын айылы Кең-Аралды жандай өтүп, алардын журтун аңдап билбей, ары дагы токтолбой эки күнү жол жүрүп, адашып маңгул айылын басат. Ал жердин ээси Жайсаңбай деген бай экен. Анын он миң жылкысы бар экен. Жылкыларына тийип, басып келген мындай көп аскер ким экенин билбей, Жайсаң туш тараптан маңгулдарды алдырып, беш жүз кол топтоптур. Маңгулдар Нескаранын жигиттеринен "издегениңер ким эле, неге бизге кол салдыңар" десе, арык чапкандардын башчысы Басаңкул "Бай Жакыптын баласы, кайда болот айтыңар, издегенибиз ошол" дешет. Маңгулдардын байы Жайсаңбай силер издеген Манас менен Жакыптын бу кезде жерлеген турагы Кулан жайлоо, Куу-Тез экенин айтат. Ага ишенбей, бул куу чал баласын бизден жашырып койгон Жакыптын өзү болсо керек, бизди өзгө жолго салып, адаштырат деп шектенет. Ошон үчүн мунун өзүнө "укурук салалы, бортоңдогон бул чалдын өзүн кармап алалы" деп камынат. Маңгулдар да көбөйө баштайт. Мунун чын-төгүнүн көрөлү, Манасты таап берсин деп Жайсаңбайды туткун кылып турат. Жайсаңбай "Манаска катылууга каруум жок, айдап берер алым жок" деп алардан коркконун билдирет. Ортодо Жайсаңбайды Басаңкул качырып киргенде ал колун көздөй качат, кол ичинен Таноо деген калмак Басаңкулду колок менен атып өлтүрөт. Муну уккан кол башчы Нескара колу менен маңгулдарга аламан уруш ачат.
Манастын Стамбулдагы эстелиги. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.03.2022
Бай менен Жакыптын жолугушу. Улуу "Манастан" 6 факт
Жайсаңбайдын айылынын күлүн көккө сапыруу. Маңгулдун алты жүз аскери жазайылды жаткырып, беш жүз төө мылтыгын күркүрөтүп аттырып уруш катуу башталат. Уруш уланып, көп колго туруштук бере албай Жайсаңбай тоого качат. Нескаранын арык казган жоокерлери маңгулдарды талап кирет, "катындар ыйлап чуркурап, балдары ыйлап чыркырап", бир тобу качып зыркырап, элүүдөй киши өлүп, Жайсаңбайдын айылы чабылат да, чачырайт. Манасты издеп барган Нескара Жайсаңды колдон чыгарганга өкүнөт. Эртеси "он бешке толгон жаштуудан, олоңдой кара чачтуудан, көчтөн чыккан көрктүүдөн, көмкөрө кундуз бөрктүүдөн жүз отуз кыз алыптыр", ага да болбой "эмчеги тикче, эти арык, эңчегер бойлуу, кара каш, эптүү сулуу келинден эки жүз" ургаачыны туткундайт. Нескара өзү баш болуп таланган мал-мүлктү жүктөп, кыз-кыркынды айдап, аңгере жол менен кайра адашып өтүп кеткен Манастын айылын издеп кайтат.
Нескаранын жолун тороо. Нескара жайын Бай тууганынан уккан соң Жакып айылына келип, атын минип, ак найзасын колго алып, жашы өткөнгө карабай төгөрөктөн төрт жүз аскер жыйыптыр. Ала байрак, куу найза көтөрүп, карылар менен балдардан дагы эки жүз адам тааптыр. Ыктуу жерлерди ылгап, ушул алты жүз кол менен Нескаранын жолун тосуптур. Жолду бууп, жоболоңду салыптыр. "Өтөрүнө жолу жок, ары жактан караса, өмөлүп келген колу жок алты миң төрт жүз колдун" шору кайнайт. Бир жагында кыргыздарга жардамга келген алтай казак калкынан ашкере баатыры Камбардын уулу Айдарбек, бир жагында наймандар менен Карабек, бир жагында Көкчө, бир жагында Алымсейит баатырлар өз-өз колдорун баштап кытайдын колун жапырып, камоого алыптыр. Булардын ичинде маңгул баатыры Үйшүн, бир жүз он беш кишиси менен Үмөт, эки жүз ашык кол болуп Жайсаң жүрөт. Баары бир миң беш жүз кол болду. Буларга сегиз миң аскер кол менен күркүрөгөн Күнөс баатыр кошулду. Ушулардын баарын он үч жарым жашы бар, башында дөөлөт кушу бар, Манас Ак-Кыя деген жердин белесинде Аккуласын алкынтып тосуп алды.
Атчан. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.02.2022
Манастын алтайлык калмактарды кууп чыгышы. Ордо оюну. Улуу баяндан 7 факт
Жекеме-жеке согуштар. Кытайдын Даң-Даң деген балбаны "Урушканын сойлоткон, Уларбоз атын ойноткон, устундардан улаткан, учуна болот сулаткан, урган жоосун кулаткан узун найза колунда" бир укмуш жан экен. Ага каршы Күнөс балбан барды күркүрөп, көргөндүн бою дүркүрөп. Эки эр, эки шер "ээринин кашы деп, эт жүрөктүн башы деп, качырып найза шилтешет", "төшкө найза так этет", чарайнага чак этет". Найзадан арга болбой күрсүгө өтөт, андан айла болбой жакалашып чабышат, ажыдаардай арбашат. Эчен кармаштан соң Даң-Даң казактын алп уулу Күнөстү өлтүрөт. Атасы Айдаркандын кой-ай дегенине карабай уулу, али бала эле бойдон турган Көкчө жанагы Даң-Даңга кармашка жөнөгөндө аны Айдаркан токтотуп калат. Буга ачууланган Даң-Даң Айдарканды көздөй чаап келгенде Айдаркан кебелбей туруп, найзасына атактуу кытай балбанын сайып кетти. Эми кытайдын Күдөң деген баатыры чыкты Айдарканга. Анын сүрүнөн Камбардын уулу Айдаркан качып калды эле Жакыптын уулу Манас чыкты жекеме-жекеге. Чыкты да, Күдөңдү көмө жанчып өттү, анан Ыраңшоо деген балбаны чыкты Манаска, аны жеңди, анан Шаңмусар деген эрени чыкты, аны аттан оодарды, атагы чыккан Шалтаң деген атын "урушка бата бергин" деп Бай абасынын алдына тартты. Бай батасын берет, анын батасына алыстан карап туруп арданган Нескара Чабдар атына камчы салып, чабуул баштайт. Аркасынан чаң чыгып Манасты көздөй чабат.
Манас менен Нескаранын бет келиши. Нескара дайыма жеңиш үстүндө жүргөн өтмүшүнө ишенип, ишенген баатырларынан, балбандарынан ажыраганына арданып, найзасын жапырып түз эле Манасты көздөй сунуп келет. Ошол кезде Манастын үстүндө эки буту тарбайган, тулку бою арбайган алп кара куш пайда болот да, Манасты коштой жүрөт, баланын айбаты менен кара күчү денесине толот, кара чаар жолборстой асылган адам аман оңбостой былк этпей турат. Нескара Манас баланын сүрүнөн ага даай албай, Чабдар атына камчы салып, көп колун айлана качат. Аккула атын темине, ак найзасын суна Манас баатыр артынан түшөт. Ошол кезде он тогуз жашар түбү кытай маңгүбө Нескара толуп турган кези экен, жалпы түрктү четинен союп турган кези экен. Ошол балбан Нескара көөдөнүндө сексен шайтаны бар, шайтандай учкан Чабдар аты менен алты миң аскерин алты айлана качат, "өрттөй көзү кызарып, өрдөктөй мойну узарып" он үч жашар Манас бала аны кууп жүрөт. Качып жүрүп Нескара "кабылан жолго жатарбы ай, катыларга катылбай, кадемим мындай катарбы ай, жолборс жолго жатарбы ай, жолугарга жолукпай, жолум мындай катарбы ай" деп арманын айтып, буркурап боздоп барат. Нескара жаадай атылган Чабдар аты менен качып кетет, Манас Бээжин түгүл, Кен тооңо чейин барамын деп куугунга түшкөндө атасы Жакып уулунун атынын чылбырын кармап, кууганга чыгарбай токтотуп калат. Үйшүн, Үмөт, Жайсаң талаткан мал-мүлкүн алат, Жакыптын элине эл болобуз дешет бир ооздон. Күнөс балбандын баласы Чаганбайды Манаска дос кылышат. Нескара тарабынан туткундалган кыз-келиндер азаттыкка чыгат. Манас баатыр бул кеңири аймактардагы элдердин баарын биримдикке чакырат, душманга бир туралы дейт.
Ала-Тоо аянтындагы Манастын эстелиги. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.03.2022
Манастын Эсенкандын тыңчылары менен кармашкан учурунан 6 факт
Жаңылыктар түрмөгү
0