00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
07:46
5 мин
Ежедневные новости
08:00
3 мин
Жаңылыктар
09:00
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
5 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Утро хорошего дня
Подростковые проблемы через призму искусства - как говорить о сложном?
08:04
43 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
5 мин
Күн башат
Калк жашоосун чагылдырган салттуу музыка – Эл ичинен талант издеген сынак
09:05
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Будь в курсе
Женщины в бизнесе Кыргызстана: равные права или двойные барьеры?
12:04
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Бишкекте тургундарды жылуулук менен камсыздоону жакшыртуу боюнча кандай иштер жүргүзүлүүдө?
13:04
25 мин
Күн башат
Кызыл-Омполду, Кумтөрдү жана башка кендерди иштетүүдө Кыргызстан эмнеге көңүл бурушу керек?
13:31
24 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
0 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Кыргызстанда кант диабети “жашарууда”— диабетти алдын алуу иштерине кандай көңүл бурулуп жатат?
15:04
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
ОГО!
Люди и события, которые не оставили нас равнодушными
16:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Об экономике и не только
с Кубатом Рахимовым
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Спортбокс
Спорттук экипировкаларды тандоодо эмнеге көңүл буруу кажет?
19:06
40 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Итоги недели
Информационно-аналитическая программа
20:06
0 мин
Ачык кеп
Кыргызстанда кант диабети “жашарууда”— диабетти алдын алуу иштерине кандай көңүл бурулуп жатат?
23:04
45 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Креативдүү адистер керек. Жапаровдун CREATE4KG фестивалындагы сөзү

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевCREATE4KG Кыргызстандын креативдүү индустриялар биринчи фестивалында президент Садыр Жапаров
CREATE4KG Кыргызстандын креативдүү индустриялар биринчи фестивалында президент Садыр Жапаров  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.04.2022
Жазылуу
Президент караңгыда көз таап, капилеттен сөз таап, кыйчалыш учурлардан кыйгап өтүп келген бабалардын дүйнө таанымында креативдүүлүк эң ириде — жаратмандык экендигине токтолду.
БИШКЕК, 23-апр. — Sputnik. Садыр Жапаров CREATE4KG Кыргызстандын креативдүү индустриялар биринчи фестивалына катышып, сөз сүйлөп, креативдүү экономика мамлекеттин саясатынын артыкчылыктуу багыттарынын бири катары аныкталгандыгын айтты. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди.
Төмөндө анын сүйлөгөн сөзүн толугу менен беребиз:
Бүгүнкү фестивалга Кыргызстандын булуң-бурчунан келген жаңыча ой жүгүрткөн, таланттуу, креативдүү, идеяларга бай жана демилгелүү инсандар катышып жатат.
Бүгүнкү күндө көтөрүлүп жаткан креативдүү экономика салыштырмалуу жаңы багыт экени баарыбызга белгилүү. Креативдүү экономика акыркы жылдары адамдын интеллектуалдык потенциалына негизделген, калктын кирешесинин көбөйүшүнө жана иш менен камсыз болушуна, ошондой эле экспортту жогорулатууга жана инновациялык ишкердикти өнүктүрүүгө өбөлгө болуучу экономиканын келечектүү секторлорунун бири катары дүйнө жүзү боюнча, анын ичинде Кыргызстанда да өзгөчө орун алып, активдүү өнүгүп жаткан маалы.
Өлкөбүздүн кылымдарды карыткан маданиятка ээ, салт-санаалары менен элдик кол өнөрчүлүгү бай, таланттуу жаштарга арбын, туристтик зор потенциалга ээ өлкө экендигин эске алып, ал аркылуу жашыл экономика менен санариптик жана креативдүү экономикага басым жасоого мезгил келип жеткендигин баса белгилеп кетейин.
Креативдүү катмардын өзөгүн илимий-техникалык чөйрөдө, маданиятта, архитектурада, дизайн менен искусстводо, музыкада жана көңүл ачуу индустриясында иштеген жарандардын прогрессивдүү бөлүгү, ошондой эле бизнес, коммерция, финансы, укук, саламаттык сактоо жаатындагы адистердин кеңири тобу түзөт.
Ошону менен бирге азыркы учурда жигердүү өнүгүп келе жаткан маалыматтык-коммуникациялык технологиялар чөйрөсүндөгү санариптик продукцияларды — компьютердик программаларды, тиркемелерди, ал тургай оюндарды жана башкаларды чыгаруу дагы креативдүү экономикага тиешелүү.
Президент Садыр Жапаров. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.04.2022
Садыр Жапаров тендер системасынын эмнеге жоюлганын түшүндүрдү
Учурда өлкөдөн чыкпай туруп эле каалаган дүйнөлүк компанияларда онлайн иштеп, өзүнө да, өлкөсүнө да пайда келтирип жаткан жаштарыбыз арбын. Дүйнөлүк масштабда санариптештирилген продукциялар тоскоолдуксуз экспорттолуп жатканы кадыресе эле көрүнүш болуп калды. Мындай шартта жарандарыбыздын жөндөмдөрүн монетизациялоо жолу аркылуу элибиздин киреше табууга мүмкүнчүлүгү бар экенине күбө болуудабыз.
Мына ошондуктан мамлекет тарабынан көрсөтүлүп жаткан колдоо жарандардын креативдүү потенциалын ачууга жана дүйнө жүзүндө талап кылынган инновациялык продуктулардын генерациясына түрткү берет деп эсептейм. Мамлекет дал ушул багытта актуалдуу дүйнөлүк тенденцияларды эске алып, 2026-жылга чейин Кыргызстандын өнүктүрүүнүн улуттук программасында креативдүү экономикага өзгөчө орун берген.
Мындан эки күн мурда, 21-апрелде — Дүйнөлүк чыгармачылык жана инновациялык ишмердүүлүк күнүндө "Креативдүү экономиканы өнүктүрүү жана Кыргыз Республикасын прогрессивдүү өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү боюнча чаралар жөнүндө" Жарлыкка кол койдум. Ага ылайык, Креативдүү экономика Кыргызстандын мамлекеттик саясатынын артыкчылыктуу багыттарынын бири катары аныкталды.
Министрлер кабинети Кыргызстандын креативдүү экономикасын өнүктүрүү концепциясын бекиткендигин дагы баса белгилеп айта кетейин. Мындан ары да министрлер кабинети Креативдүү индустриялар паркын түзүү жана бардык шарттар менен камсыз кылуу боюнча иш-аракеттерди сиздер менен биргеликте жүргүзөт деп ынандырып кете алам.
Дүйнө жүзүндөгү болуп жаткан тобокелчиликтер жана азыркы замандагы көйгөйлөр креативдүү экономиканы бир топ тездетүүгө түртүп жатат. Аларды ар кайсы мамлекеттин калкы өз дүйнө таанымына жараша түшүнүп, кабыл алып жатышат. Бул боюнча азырынча бирдиктүү жана жалпыланган орток түшүнүк жок! Анын креативдүүлүгү дал ушунда!
Негизи эле креативдүү экономика — адамдын чыгармачылыгы менен идеялары, акылы менен технологиянын айкалышуусунан келип чыккан концепция. Анын негизги мүнөздөмөлөрү — жаңы технологиялар жана ачылыштар, адамдын билимине, идеяларына жана креативдүү ой жүгүртүүсүнө негизделген экономикалык ишмердик десек жаңылышпайбыз.
Кыргызстан президенти Садыр Жапаровдун Азербайжанга расмий сапары - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.04.2022
Кыргызстан менен Азербайжан стратегиялык өнөктөшкө айланды
Креативдүү экономика бул өткөн тарыхыбызга, андан бери келаткан каада-салтыбызга, ошончо мезгилден бери топтолгон тажрыйбабызга таянуу менен заман талабына жараша мындай баалуулуктарыбызга жаңы дем, жаңы түс берип, жаратмандык аркылуу элибиздин туруктуу өнүгүүсүнө ишенимдүү жол экенин өзгөчө белгилейм!
Ал эми дайыма көчмөн турмушка ыңгайлашкан элибиздин, караңгыда көз таап, капилеттен сөз таап, кыйчалыш учурлардан кыйгап өтүп келген бабаларыбыздын дүйнө-таанымында креативдүүлүк — бул эң ириде жаратмандык.
Биз ири өлкөлөрдөй болуп финансылык капитал менен жаратылыш ресурстарына гана эмес, адамдын акыл көрөңгөсүнө, ойлоп табуучулугуна, жаратмандыгына таянып, руханий жана материалдык байлык күтө алабыз.
Убакыт эч качан бир орунда токтоп турбагандай эле турмуш талаптары, ага ылайык жаңы милдеттер ар дайым пайда болуп турат. Алар өз убагында чыгармачылык менен креативдүү идеяларга негизделген өзгөчө чечимдерди талап кылат. Өлкөбүз ааламдашуу шартында олуттуу өзгөрүүлөрдүн жана илимий-инновациялык саясатты өркүндөтүүнүн алдында турат. Ушуга байланыштуу билим берүүгө жаңыча ыкмалар, жаңыча усулдар зарыл. Коомчулукка белгилүү бир компетенцияларга ээ болгон кадрлар гана эмес, өнүгүүгө жана инновацияларга түрткү берген креативдүү адистер керек.
Кыргызстандын чыгармачыл коомчулугу келечекте туруктуу өнүгүүнүн кыймылдаткыч күчтөрүнүн бири катары дүйнөлүк чыгармачылык чөйрөгө активдүү интеграцияланышы керек.
Мен ар бир мекендешимди жаратмандыкка умтулууга, чыгармачылык көз карашты калыптандыруу жаатында алектенүүгө жана келечекте ата мекендик гана эмес, дүйнөлүк коомчулуктун актуалдуу суроолоруна жооп издөөсүнө жарай турган интеллектуалдык продуктуну өндүрүүгө чакырам.
Кыргызстандын ар бир жараны кайсы гана тармакта болбосун, креативдүү, ошол эле маалда жаратман боло аларына үмүтүм чоң! Бүгүнкү фестиваль бардык чөйрөлөрдү мындан ары өнүктүрүү үчүн кубаттуу стимул болуп кызмат кылат деп ишенем.
Сөзүмдүн аягында, фестивалды жогорку деңгээлде уюштурган Креативдүү индустриялар ассоциациясына жана Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасына ыраазычылык билдирем.
Бардыгыңыздарга ийгилик, жаратмандык жана илимий-чыгармачылык жаатында жаңы ачылыштарга жетүүңүздөрдү каалайм!
Президент Садыр Жапаров. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.04.2022
Садыр Жапаров Кыргызстандагы креативдүү экономика боюнча жарлыкка кол койду
Жаңылыктар түрмөгү
0