Садыр Жапаров Кыргызстандагы креативдүү экономика боюнча жарлыкка кол койду

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Садыр Жапаров. Архив
Президент Садыр Жапаров. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.04.2022
Жазылуу
БУУнун Башкы ассамблеясы 21-апрелди Дүйнөлүк чыгармачылык жана инновациялык ишмердик күнү деп жарыялаган.
БИШКЕК, 21-апр. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров "Креативдүү экономиканы өнүктүрүү жана Кыргызстанды прогрессивдүү өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү боюнча чаралар жөнүндө" жарлыкка кол койду. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.
БУУнун Башкы ассамблеясы 21-апрелди Дүйнөлүк чыгармачылык жана инновациялык ишмердик (креативдүү экономика) күнү деп жарыялаган. Буга байланыштуу жарлык өзгөчө актуалдуулукка ээ экени белгиленди.
"Соңку жылдары адамдын интеллектуалдык потенциалына негизделген жана калктын кирешесинин өсүүсүнө жана иш менен камсыз болуусуна, экспортту жогорулатууга, инновациялык ишкердикти өнүктүрүүгө өбөлгө түзүүчү, ошондой эле элдин тарыхый-маданий каада-салтын сактоо менен калктын көндүмдөрүн жана жөндөмдөрүн монетизациялоого мүмкүндүк берген экономиканын перспективдүү секторлорунун бири катары креативдүү экономика бүткүл дүйнө жүзүндө, анын ичинде Кыргызстанда активдүү өнүгүүдө", — деп айтылат маалыматта.
Адамдын креативдүү жана интеллектуалдык потенциалын колдоо жана жогорулатуу, экономикадагы инновациялык процесстерди өнүктүрүү, ишкерлер үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү жана жумуш орундарын түзүү, экономиканы диверсификациялоо, экспорттун көлөмүн, эмгектин өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу жана алдыңкы иштеп чыгуулар үчүн аянтча түзүү максатында Кыргызстандын Конституциясынын 71-беренесинин негизинде токтом кылынат.
Креативдүү экономика Кыргызстандын мамлекеттик саясатынын артыкчылыктуу багыттарынын бири деп аныкталсын жана келечектеги экономиканын жаңы тармагы катары креативдүү индустриялар секторун илгерилетүүгө мүмкүндүк берген, социалдык-экономикалык өнүгүүгө олуттуу салым кошкон өлкөнүн экономикасынын инновациялык багытын өнүктүрүү үчүн негиз түзүлсүн.
Кыргызстандын министрлер кабинети белгиленген тартипте:
Кыргызстандын креативдүү экономикасын өнүктүрүү концепциясын бекитсин;
креативдүү индустриялар классификациясын аныктасын;
креативдүү индустриялар паркын түзсүн;
2022-жылдын 1-октябрына чейин креативдүү индустрияларды өнүктүрүүгө, ошондой эле Креативдүү индустриялар паркынын, анын башкаруу органдарынын, резиденттердин иштөөсүнө, Креативдүү индустриялар паркынын режимин түзүүнүн негизги принциптерин аныктоого багытталган ченемдик-укуктук актылардын топтомун иштеп чыксын. Анын ичинде Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин кароосуна "Кыргыз Республикасынын Креативдүү индустриялар паркы жөнүндө" мыйзамдын долбоорун киргизсин.
Шамал генераторлору. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.03.2022
ЕЭК менен "Россия сегодня" ЕАЭБдеги жашыл экономика боюнча долбоор даярдайт
Жаңылыктар түрмөгү
0