00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
5 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
6 мин
Об экономике и не только с Кубатом Рахимовым
20:06
54 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
4 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
7 мин
Ачык кеп
Россиянын жана башка уюмдардын жардамы менен уран калдыктары коопсуздандырылууда
15:08
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Параплавание: спорт, который учит верить в себя
16:04
52 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Стимул
«Мыкты чоң ата» жана «Мыкты чоң апа» сынагынын жеңүүчүлөрү менен маек
17:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Итоги ОРТ 2025 года и как с годами меняется тест
18:07
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
6 мин
Кеменгер
Кошок жанры алтайлыктарда “сыгыт ырлары” деп аталат
19:07
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Будь в курсе
«Манты за 700 сомов». Отмена % за обслуживание в кафе спровоцировала чрезмерный рост цен
20:06
37 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Россиянын жана башка уюмдардын жардамы менен уран калдыктары коопсуздандырылууда
21:04
41 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1
Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Биймырза уулу: салттуу музыка жумалыгында усталар арасында сынак өтөт

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Манас" театрынын директору Азиз Биймырза уулу
Манас театрынын директору Азиз Биймырза уулу - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.04.2022
Жазылуу
"Манас" театрынын директору Азиз Биймырза уулу быйыл салттуу музыка жумалыгында аспаптарды жасаган усталар арасында сынак өтөрүн айтты.
Бишкекте өтүп жаткан салттуу музыка жумалыгы быйыл 18инчи ирет уюштурулууда. Аны менен бирге IX эл аралык музыка, бий конгресси да кошулуп, быйылкы саамалык эл аралык алкакка чыкты. Иш-чаралардын максаты — салттуу музыканы даңазалоо, өркүндөтүп жайылтуу, коңшу жашаган элдер менен ынтымакты бекемдөө жана алардын салттуу музыкалык искусствосун таануу. Бул тууралуу Азиз Биймырза уулу Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Биймырза уулу: салттуу музыка жумалыгында усталар арасында сынак өтөт
Анын айтымында, быйылкы салтуу музыка жумалыгы маданий жана илимий бөлүктөн турат.
"Былтыр 2021-жылы Баткен шаарында "Салттуу музыка жумалыгын" жана эл аралык "Достук" фестивалын өткөргөн элек. Ага Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстандын көрүнүктүү маданият өкүлдөрү, салттуу музыканын дасыккан чеберлери жана жаш таланттар катышкан. Ал эми быйылкы саамалык эл аралык алкакка чыгып, IX эл аралык музыка, бий конгресси да кошулду. Андан сырткары, Күү күнү, Ыр күнү, Дастан күндөрү өтүп, күн сайын кечинде концерт уюштурулат. Жумалыкка Казакстан, Түркия, Өзбекстан, Азербайжан, Россиянын Алтай жана Тыва республикаларынын өкүлдөрү келишти. Ошондой эле Венгрия, Италия, Улуу Британия, Индия жана Бангладеш өлкөлөрүнүн өкүлдөрү илимий багытта өтө турган конгресске онлайн-форматта катышат. Кыргызстанга келген коноктор, кыргыз өнөрпоздору төкмө акын Замирбек Үсөнбаев менен комузчу Сааданбай Шабдановдун мастер-классын угуп, салттуу музыкалык искусствонун айтуучулук багыты боюнча "Манас" театрынын манасчы, дастанчы, акындарынын концертине күбө болушат. Ошону менен бирге Кыргыз улуттук академиялык драма театрында "Коркут Ата" спектакли көрсөтүлүп, окуу жайларда салттуу музыкалык искусствонун окутулушу боюнча тегерек столдор, музыкалык окуу жайлардын отчеттук концерти болору күтүлүүдө. Ар эки жыл сайын жумалык конкурс иретинде өткөрүлүп келген эле. Бул жылы салттуу маданияттагы кол өнөрчүлүктү даңазалоо аркылуу уста, чеберлерге дем берүү иретинде аспаптарды жасаган усталар арасында сынак өткөнү турат", — деди Биймырза уулу.
Жумалык 25-апрелде Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында салттуу музыка чеберлеринин гала-концерти менен жыйынтыкталары кошумчаланды.
Жаңылыктар түрмөгү
0