00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
5 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
18:00
6 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
2 мин
ОГО! Люди и события, которые не оставили нас равнодушными
14:03
44 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:00
5 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Тарыхты жокко чыгара албайбыз! Депутат россиялык тасманын көрсөтүлбөгөнүн сындады

© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаДепутат Марлен Маматалиев
Депутат Марлен Маматалиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.04.2022
Жазылуу
Депутат министр Азамат Жаманкуловго кайрылып, бул маселени көзөмөлдөп коюшун өтүндү.
БИШКЕК, 21-апр. — Sputnik. Бейөкмөт уюмдарда иштегендер россиялык кинолорду Кыргызстанда көрсөтүүгө тоскоолдук жаратып жатат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев парламентте билдирди.
"Акыркы учурда Россия мамлекети "Время правды" деген кинофестиваль уюштурайын десе, ар кандай россиялык кинолорду көрсөтөйүн десе "НПОшниктер" (бейөкмөт уюмдагылар — ред.) кыйкырып муну жокко чыгарып жатыптыр. Биз буга киришпейбиз деп сүйлөшкөнбүз. Бирок ошол эле учурда ушундай тоскоолдуктар болуп жатыптыр. Бүгүнкү күндө биз Улуу Ата Мекендик согушту эч жокко чыгара албайбыз", — деди Маматалиев.
Депутат маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкуловго кайрылып, бул маселени көзөмөлдөп коюшун өтүндү.
"Улуу Ата Мекендик согуш тууралуу кинолор көрсөтүлө берсин, аны жокко чыгара албайбыз да. Менин деле чоң атам согушка барып келген. Ал болгон окуя, биздин тарыхыбыз. Ошондой кинолорду көрсөтөйүн десе каршы чыгып жаткандар бар экен. Стратегиялык өнөктөшүбүз (Россия) дейбиз да, анан жөнөкөй эле кино көрсөтөйүн десе тоскоолдук болуп жатат. Ушуга көңүл буруп, тапшырмаларды берип, карап койсоңуз", — деп кайрылды депутат.
Буга жооп берген Жаманкулов аталган фильм келгенде алгач ички мазмуну каралганын, ал боюнча комиссия түзүлүп, эки ача пикир болгондуктан токтотулганын билдирди. Бирок кечээ, 20-апрелде, тасманы көрсөтүүгө уруксат берилген.
Белгилей кетсек, "Время правды" кинофестивалынын алкагында 15-17-апрель күндөрү Донбасс окуялары тууралуу тасмалар Asia Mall соода борборундагы кинотеатрдан көрсөтүлбөй калган.
Депутат Нуржигит Кадырбеков. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.04.2022
Депутат: Каракол КМШнын маданий борбору аталган, аны өткөрүүгө таптакыр даяр эмес
Жаңылыктар түрмөгү
0