Бишкектин кээ бир жеринде 26-апрель күнү 12 саатка суу өчөт

© Sputnik / Жоомарт УраимовБутылкаларга толтурулган суу. Архив
Бутылкаларга толтурулган суу. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.04.2022
Жазылуу
"Батыш" суу кампасында оңдоо жана профилактикалык иштер аткарылат.
БИШКЕК, 21-апр. — Sputnik. Бишкек мэриясы 26-апрель күнү кээ бир аймактарда эртең мененки саат 9:00дөн 21:00гө чейин ичүүчү суу өчүрүлө турганын эскертти.
Лев Толстой, Алыкулов, Горький (Пригородное айылы) көчөлөрү жана Ала-Арча дарыясы менен чектешкен аймактарда, Военный городок, Кызыл-Аскер конуштарында, 110-кварталда жана Достук кичи районунда суу берилбейт.
Бул күнү "Батыш" суу кампасында оңдоо жана профилактикалык иштер аткарылат.
Бишкектеги жолдор менен тротуарлар оңдоп жатылат - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.04.2022
Бишкек мэриясы оңдоп жаткан жолдор менен тротуарлар
Жаңылыктар түрмөгү
0