00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
2 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Венесуэла, Гренландия, Иран: дүйнөлүк геосаясаттын жаңы күн тартиби кандай өзгөрүүдө?
09:05
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
В 2025-м план перевыполнен — зампред РКФР о работе фонда за год
10:04
40 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Топуракты күзгү тоңдуруунун мааниси жана жазгы айдап себүүгө даярдык
11:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Башкы прокуратуранын юридикалык академиясында билим берүүнүн сапаты кандай?
13:05
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Караколдогу зоопарк реконструкцияга муктаж — зоопарк өзүн актайбы?
15:04
50 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Улуттук банк акча которуунун жаңы эрежесине түшүндүрмө берди

© Фото / пресс-служба НБКР Кыргызстандын Улуттук банкы. Архив
Кыргызстандын Улуттук банкы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.04.2022
Жазылуу
19-апрелден тарта акча которуу системасы менен келген каражатты жөнөткөн өлкөнүн валютасында гана алууга болот.
БИШКЕК, 19-апр. — Sputnik. Кыргызстандын Улуттук банкы акча которуу системасына байланыштуу эрежелердин өзгөрүшү боюнча түшүндүрмө берди.
Эске салсак, мындан ары Кыргызстанга которулган акчаны жиберген өлкөнүн гана валютасында алууга болот.
Улуттук банк мындай нерсе экономикалык коопсуздукту камсыздоо, ички валюта рыногун турукташтыруу жана доллардын сыртка чыгышынан улам жаралган жагымсыз кесепеттерди азайтуу үчүн жасалып жатканын айтты.
"Акыркы кезде акча которуулардын көлөмү кескин өсүп кетти. Казакстан менен Россиядан түшкөн акчаны кардарлар доллар менен накталай берүүнү талап кылышууда", — деп айтылат маалыматта.
Улуттук банк эскерткендей, учурда эл аралык акча которуу системасы боюнча келген каражат жөнөткөн өлкөнүн валютасында же сом менен берилип жатат.
"Мисалы, акча Россиядан которулса алуучуга рубль менен, Казакстандан которулса теңге менен, ал эми башка өлкө болсо коммерциялык банктын курсу боюнча улуттук валютада берилет. Эгер валюта өлкө аймагында көп колдонулбаса коммерциялык банк Улуттук банктын курсун колдонот. Ал эми кардарга алмаштыруу курсу алдын ала айтылышы керек", — деди УБ.
Акча которуунун конвертация эрежеси өзгөрүүсүз калат. Коммерциялык банк алуучунун макулдугу менен улуттук сомго гана конвертациялай алат.
Кардар коммерциялык банкка которулган каражатты анын эсебине же электрондук капчыгына которуп коюуну табыштай алат.
"Эгер акча которуучу каражатты Кыргызстандын коммерциялык банктарында ачылган долларлык эсепке Россиядан рубль менен жөнөтсө, анда банк өзүнүн курсу боюнча конвертация жасайт", — деди Улуттук банк.
Акча алмаштыруучу жай. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.04.2022
Кыргызстанда доллардын курсу боюнча жаралган түшүнүксүз жагдайга пикир
Жаңылыктар түрмөгү
0