Экономист: жаңы соода уюмун түзүү менен долларды алсыратууга болот

© Sputnik / Виталий Тимкив / Медиабанкка өтүүАКШ долларлары. Архив
АКШ долларлары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.04.2022
Жазылуу
Адистин пикиринде, дүйнө мунай, газ жана башка энергетикалык ресурстар үчүн төлөмдөрдү жүргүзүүгө долларга альтернатива табышы зарыл.
БИШКЕК, 18-апр. — Sputnik. Россия, Кытай, Иран сыяктуу санкциялардын алдында турган мамлекеттер биригип, өзүнчө соода уюмун түзө алышса доллардын доору бүтмөк. Бул тууралуу белгилүү экономист Жамшид Адалатяндын Resalat басылмасына берген маегине шилтеме берип "Прайм" басылмасы жазды.
Анын айтымында, дүйнө мунай, газ жана башка энергетикалык ресурстар үчүн төлөмдөрдү жүргүзүүгө долларга альтернатива табышы зарыл.
"Россия, Иран, Кытай сыяктуу Батыштын ыксыз санкцияларына кабылган мамлекеттер өз ара макулдашып, эл аралык жаңы соода уюмун түзсө жакшы болмок. Бирикме ичинде соода операциялары башка валютада жүргүзүлсө эле дүйнө жүзү боюнча АКШ акчасына суроо-талап төмөндөйт", — деди адис.
Ал белгилегендей, доллардын үстөмдүгүн дароо эле жоюп салуу мүмкүн эмес. Анткени дүйнө жүзү боюнча мунай, чийки зат, атургай криптовалюталарды сатып алгандар доллар менен эсептешет. Бирок бул түбөлүктүү нерсе эмес. Акырындык менен АКШ акчасынын ролун төмөндөтсө болот.
"Көптөгөн өлкөлөр долларды дүйнөлүк валютанын катарынан чыгарып салууну кыялданышат. Бирок Американын экономикасы дүйнөдө алдынкы болгондуктан, мындай нерсе буга чейин мүмкүн болбой келген", — деди экономист.
Ал эми япониялык экономист Дайсуке Каракама доллардын үстөмдүгүн солгундата турган жагдайларды айтып берген.
Күйүп жаткан доллар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.04.2022
АКШда Россия доллардын үстөмдүгү жок "аалам" түзө алганын моюндашты
Жаңылыктар түрмөгү
0