Боевая работа САУ Малка артиллерийских подразделений ЦВО на Авдеевском направлении - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

Европа Украинаны сатып кетеби? Ой толгоо

© REUTERS / FABRIZIO BENSCHУкраиналык качкындар Польшадагы чек ара бекетинде
Украиналык качкындар Польшадагы чек ара бекетинде - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.03.2022
Жазылуу
"Жок, биз учууга тыюу салынган зона уюштурбайбыз", "жок, биз силерди Европа биримдигине тездетилген жол-жобо менен кабыл албайбыз" деп улам баш тартуудан соң Украинанын бул жагдайдагы анык ролу ачыкталып калды.
Туш-туштан колдогон сүрөөндөргө, мына-мына бөлүнүп, которулат деген миллион жана миллиарддарга карабастан Украинаны алдап кетишкенин моюнга алып, түз айтуу абзел экенин белгилейт серепчи Елена Караева. Анын учкай макаласы дал ушул жагдайга арналып, РИА Новости сайтына жарыяланган.
Ишеним көрсөтүп алкагандарды да, колдоо көрсөтпөй жактырбагандарды да азыркы бийлик оор сыноого салып, таштап койду. Болбосо, Бириккен Улуттар Уюмунун пикиринде эбак качкынга айланган үч миллиондой адамдын тагдырын кантип сүрөттөөгө болот?
Бириккен Европа аларды кучак жайып тосуп алууга даяр экенин айтат. Бирок бул – россиялык-украиналык каатчылыкка чейин эле отуз беш миллиондон ашуун киши тамак менен турак жайды жылытуунун бирин тандоого аргасыз деген Европа. Бул – мыйзамсыз келгендердин чатырлары шаарлардын парктарын жана ээн калган унаа туннелдерин ээлеп калышы турмуштун кадыресе көрүнүшүнө айланып калган бириккен, бардар Европа. Бул – сырттан келгендер тургай өз жарандары азык-түлүк алууга чыгардан мурун бирдиктүү валютасын санап калган бириккен Европа. Бул – дээрлик ар бир мамлекетинде инфляциянын жаңы толкуну каптап, баарын дагы кымбаттатып кете тургандай абалда турган бириккен Европа.
Анан ушундай бириккен Европа эл алдында жана өзүнчө да берилген убадаларына ылайык дагы үч миллиондой кишини кабыл алууга тийиш. Аларды бардык мыйзам жана конвенцияларга ылайык турак жай, тамак-аш, ар кыл деңгээлдеги – бала бакчадан жогоркусуна дейре билим, кадимки эмдөөдөн хирургиялык операцияларга чейинки ар кыл деңгээлдеги медицина менен камсыздоо милдети да бар. Качкындардын басымдуу бөлүгүн аялдар, балдар жана карыялар түзгөнүн эске алсак, бириккен Европага бюджеттен булардын баарына акча табууга туура келет.
Май куйуучу жайга кезекте турган унаалар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.03.2022
Антироссиялык санкциялар Европанын экономикасын кыйратууда
Бул менен баары чечилип калбайт, ошол эле Европа салыктарды көбөйтүп, пенсияга чыгуу курагын жогорулатууга аргасыз. Антпесе пандемия маалында бизнести колдоо аракеттеринен улам бошой түшкөн казынаны толтуруш кыйын. Же европалык борбордук банк акча баскан станокту болушунча иштетүүгө мажбур болот. Бирок антсе да инфляция күч алып, кайра эле баалардын кымбатташына кептейт.
Чынында убадаларга алданган үч миллион адамды кабыл алуунун башка жолу да жок эмес. Франция өкмөтү өлкөнүн ар бир тургуну "ыктыярчы болуп жазыла ала" турган интернет-аянтчаны ишке киргизди. Алар качкындарга баш калкалар жай, качкындарды коштоп-колдоо милдеттенмелерин өз моюндарына ала алышат. Бирок катардагы жарандардын мындай ынтызарлыгы качанкыга чейин жетиши мүмкүн? Качкын макамын тез алган күндө да бөтөн өлкө, чоочун тил жана жат маданий чөйрөдө жайгашуу оор, узак жана абдан татаал процесс эмеспи.
Ал жактагы маданиятта, чынында кайрымдуулукка жумшаган чыгымдарынын баары бирдиктүү салык декларациясына камтылып, бул өз кезегинде салык салынчу кирешелерди азайтылат. Ошондуктан жардам берүү үчүн жумшалган акча же башка каражаттар акыркы тыйынына чейин эсептелет.
Эзелтен колонияларынын, баса, өздөрүнөн ыраакта жүргүзүлгөн согуштардын эсебинен бардар турмуш кечирүүгө кынык алган Европа бул жагдайда кайдан, кантип жана эмнеден акча жасап алууга болорун кылдат эсептеп жатканын бөркүңүздөй көрүңүз.
Азыркы бул жардамы орто же узак мөөнөттүк келечекте түз акча алып келбесе да пейили кенен жана меймандос континент деп атыгуу үчүн инвестиция катары каралышы ыктымал. Муну Киевдегилер түшүнө башташтыбы? Бир катар белгилерге караганда ошондой өңдөнөт. Ал эми бүгүн Европа тарабынан кабылданып жаткандар качан түшүнөрүн айтыш кыйын. Өз бийлигинин айынан өлкөсүнөн ажырагандар Европага ишенип, бирок көңүлдөрү калары бүгүн эле айдан ачык.
Россиянын президенти Владимир Путин. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.03.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Путин: Украина өзөктүү курал жасоого ниеттенген, анын негизги бутасы РФ болмок
Донецктин борборунда Украинанын ракетасы жарылган жерде турган аял - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.03.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Киевден пикир: Украинага чындап денацификация керек
Жаңылыктар түрмөгү
0