Европа согушка аттанууда. Ой толгоо

© Sputnik / Алексей Витвицкий / Медиабанкка өтүүБрюсселдеги Европарламенттин штаб-квартирасында аял. Архив
Брюсселдеги Европарламенттин штаб-квартирасында аял. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.04.2022
Жазылуу
Люксембургда чогулган европалык тышкы саясий мекемелердин башчылары жыйындын максаты Россияга карата чектөөлөрдүн жаңы топтому экенин жашырышкан деле жок.
Алты аптадан бери Москвага биринин аркасынан бири санкция салгандар европалыктарга жалбарарын, жок эле дегенде экономикасы кыйрашын күтүшкөн. Тескерисинче, өздөрү кыйынчылыкка бата башташты деген ойдо серепчи Елена Караева. Анын бул тууралуу ой толгоосу РИА Новости сайтына жарыяланган.
Биринчилерден болуп европалык супермаркеттердин текчелеринде ун калбай, анын аркасынан күн карама майы жоголду. Бириккен Европа бир эле убакта азык-түлүктүн эң маанилүү эки түрүнүн (мындан сырткары, азык-түлүк өнөр жайынын маанилүү ингредиенттери) таңсыктыгына заматта кабыларын "Россияны ооздуктоо" стратегдери да элестете алышкан эместир. Мында аларга ой чабыттын кеңдиги жана саясий чыгармачылыктын эркиндиги жетишпей калган өңдүү.
Ун менен майдын аркасынан жумуртка жана эт (үй канаттууларынын да, бодо малдын да) тартыштыгы жаралышы (же баасы асмандап кетиши) ыктымал. Киевге келип кеткен жалпы европалык дипломатиянын башчысы Жозеп Боррель "бул жаңжал согуш талаасында жеңишке жетет" деп билдирип, өлкөнү курал менен көбүрөөк камсыздоону убада кылды.
Еврокомиссиянын төрагасынын орун басары Экинчи дүйнөлүк согуштун жыйынтыгы менен түзүлүп, миллиондогон адамдардын каны менен төлөнгөн тышкы саясаттын европалык постулаттарын кайра карап чыккандай.
Жаңы, балким, алтынчы, жыйырма алтынчы же элүү алтынчы чектөө чараларынын маңызы Россия үчүн эч кандай мааниге деле ээ эмес, анткени өлкөнүн абалы жакшы, табигый байлыктары бар, келечекке оптимизм менен карайт. Ал эми мунайды Россиядан импорттогон Болгарияга бул жагынан кыйын эле болот. Германиялык ири бизнеске да оңой-олтоң эмес: Европанын эң күчтүү экономикасы ары сапаттуу, ары арзан россиялык энергетикалык ресурстарды импорттоп келген. Дал ушул германиялык өнөр жай экспорту дүйнөлүк глобалдык соодада атаандаштыкка азыркыдай жөндөмдүү кылган.
Украиналык качкындар Польшадагы чек ара бекетинде - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.03.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Европа Украинаны сатып кетеби? Ой толгоо
Анан, албетте, германиялык өнөр жайчылар гана эмес, франциялык, италиялык, испаниялык жана ЕБге мүчө 27 өлкөнүн калганындагы алардын кесиптештери киргизилген, пландалып жаткан чектөөлөр эбегейсиз жоготуу – кирешеден да, рыноктордон да кол жуудурарын түшүнбөй коюшпайт.
Россияга каршы юридикалык жактан киргизилип жаткан санкциялар иш жүзүндө бир топ жыл калыбына келтире албагыдай зыян келтирүү менен жалпы европалык экономиканы талкалоодо.
Россиянын рынокту кайда кеңейтүү, кантип жана эмне менен каныктыруунун жолу бар. Ошондуктан чектөөлөр РФтин өзү үчүн өсүшкө өбөлгө болсо, бириккен Европа үчүн санкциялар экономикалык өнүгүү стратегиясына, эки жылдык пандемия козгогон рецессиядан чыгуу тактикасына, локдаундан бери али калыбына келе элек европалык жарандардын сатып алуу жөндөмүнө катуу доо кетирет. Ушул көйгөйлөрдүн баары үйүлүп турганда миллиондогон качкындарды да кабыл алууда.
Брюсселге жана анын тарапташтарына жагабы же жакпайбы, бирок континенттеги геосаясий каатчылыкты четке жылдыруу менен бириккен Европа өзүнүн саясий финалына дагы бир кадам таштоодо. Биримдик жана баалуулуктардын ортоктугу тууралуу канчалык катуу жар салышкан сайын өзүнөн шек туудурат.
Ушул өңүттө россиялык тарыхый тажрыйба жана өзүн таный билүү жөндөмү бар, отуз жыл мурунку геосаясий кырсык да дүкөн текчелеринде эң зарыл азыктардын түгөнүшү менен башталганы баарыбыздын эсибизде.
Армянскидеги РФтин куралдуу күчтөрүн аскердик техникасын колоннасы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.04.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Донбасс үчүн чечүүчү салгылаш. Аскерий сереп
Жаңылыктар түрмөгү
0