Эрназар Акматалиев менен Улукбек Жолдошбековдун Азия чемпионатындагы атаандаштары

© Фото / United World WrestlingКыргызстандык балбан Эрназар Акматалиев. Архив
Кыргызстандык балбан Эрназар Акматалиев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.04.2022
Жазылуу
Азия чемпионатына эркин күрөш боюнча Кыргызстандын атынан он балбан катышат.
БИШКЕК, 16-апр. — Sputnik. Эркин күрөштүн көрүнүктүү балбандары Эрназар Акматалиев менен Улукбек Жолдошбековдун Азия чемпионатындагы атаандаштары белгилүү болду.
Азиянын күчтүү спортчуларын чогулткан мелдеш 19-24-апрель күндөрү Монголиянын Улан-Батор шаарында өтөт.
Бириккен күрөш уюму (UWW) Азия чемпионатынын катышуучуларынын тизмесин жарыялады.
Эрназар Акматалиев 70 килограмм салмактагылар арасында кармашат. Бул категорияда жалпы тогуз балбан катталган:
Сырбаз Талгат (Казакстан);
Навин Навин (Индия);
Мохаммад Мехди Еганех Жафари (Иран);
Тайши Нарикуни (Япония);
Ёнсок Чжонг (Корея);
Мохаммед Абдулкарим (Кувейт);
Тэмуулэн Энхтуя (Монголия);
Бегижон Кулдашев (Өзбекстан).
Улукбек Жолдошбеков килемде 61 килограмм салмакта күрөшөт. Бул категорияда жалпы 12 спортчу күч сынашат:
Алибег Алибегов (Бахрейн);
Акбар Курбанов (Казакстан);
Мангал Кадян (Индия);
Дариуш Хазрат Голизаде (Иран);
Рэй Хигучи (Япония);
Инсанг Чой (Корея);
Али Альмохани (Кувейт);
Наранхуу Нармандах (Монголия);
Сампат Бандара (Шри-Ланка);
Мухаммад Икромов (Тажикстан);
Жахонгирмирза Туробов (Өзбекстан).
Азия чемпионатына эркин күрөш боюнча Кыргызстандын атынан он балбан катышат, анын экөө резерв.
Кыргызстан балбандары Жоламан Шаршенбеков жана Акжол Махмудов. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.04.2022
Акжол менен Жоламан Азия чемпионатында кимдер менен күрөшөт. Тизме
Жаңылыктар түрмөгү
0