Айсулуу, Акжол, Жоламан... Монголиядагы Азия чемпионатына барчулардын тизмеси

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевКыргызстандык балбандар. Архив
Кыргызстандык балбандар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.04.2022
Жазылуу
Кыргызстандан күрөштүн бардык үч түрү боюнча балбандар жөнөтүлөт.
БИШКЕК, 11-апр. — Sputnik. Кыргызстандын күрөш боюнча улуттук курама командасы Монголияда боло турчу Азия чемпионатына катышат. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаменти кабарлады.
Мелдеш 21-апрелден 25-апрелге чейин Улан-Батор шаарында өтөт. Балбандар чемпионатка беш күн калганда Монголияга барып машыгуу өткөрүшмөкчү.
Грек-рим күрөшүнөн катыша тургандар:
Балбай Дордоков — 55 кг;
Жоламан Шаршенбеков — 60 кг;
Тынар Шаршенбеков — 63 кг;
Элдияр Сатаров — 67 кг;
Адилхан Нурланбеков — 72 кг;
Акжол Махмудов — 77 кг;
Калидин Асыкеев — 82 кг;
Мелис Айтбеков — 87 кг;
Үзүр Жузупбеков — 97 кг;
Роман Ким — 130 кг.
Спортчуларды улук машыктыруучу Улукбек Карачолоков менен башкы машыктыруучу Азат Эркимбаев коштоп барат.
Эркин күрөштөн катыша тургандар:
Алмаз Сманбеков — 57 кг;
Улукбек Жолдошбеков — 61 кг;
Алибек Осмонов — 65 кг;
Эрназар Акматалиев — 70 кг;
Ислам Орозбеков — 74 кг;
Арсалан Будажапов — 79 кг;
Саякбай Усупов — 86 кг;
Мирлан Чыныбеков — 92 кг;
Айбек Токтогул уулу — 65 кг (резерв)
Орозбек Токтомамбетов — 70 кг (резерв).
Балбандарды улук машыктыруучу Сүймөнкул уулу Таабалды менен башкы машыктыруучу Русланбек Мажинов коштоп кетет.
Чемпионатка катышчу кыздар:
Айсулуу Тыныбекова — 62 кг;
Мээрим Жуманазарова — 68 кг;
Айпери Медет кызы — 76 кг.
Спортчулар менен кошо улук машыктыруучу Байгазы Кенжебаев менен башкы машыктыруучу Нурбек Изабеков жөнөтүлөт.
Белгилүү балбан Мээрим Жуманазарова. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.04.2022
Мээрим Жуманазарова UWW рейтингинде лидерлик ордун сактап калды
Жаңылыктар түрмөгү
0