Монголиядагы Азия чемпионаты: Айпери Медет кызынын каршылаштары айтылды

© Фото / United World Wrestling / Kadir CaliskanКыргызстандык балбан Айпери Медет кызы
Кыргызстандык балбан Айпери Медет кызы - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.04.2022
Жазылуу
Медет кызы кыз-келиндер күрөшүндө эң оор деп саналган категорияда — 76 килограмм салмакта кармашат.
БИШКЕК, 15-апр. — Sputnik. Чоңдор арасындагы Азия чемпионатында кыргызстандык балбан Айпери Медет кызы кимдер менен кез келери маалым болду.
Азия чемпионаты 19-24-апрель күндөрү Монголиянын Улан-Батор шаарында болот.
Медет кызы килем бетине 76 килограмм салмакта чыгып келет. Ага чемпионатта атаандаш боло турчу спортчулардын тизмесин Бириккен күрөш уюму (UWW) чыгарды.
Судеш Кумари (Индия);
Юка Кагами (Япония) — жаштар арасындагы жайкы Олимпиада оюндарында коло алган;
Гүлмарал Еркебаева (Казакстан) — Азия чемпионатынын үч жолку коло байге ээси;
Сеоён Жонг (Корея);
Ариунджаргал Ганбат (Монголия);
Валентина Торениязова (Өзбекстан).
Олимпиада оюндарынын коло байге ээси Мээрим Жуманазарова. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.04.2022
Мээрим Жуманазарова Азия чемпионатында кимдер менен күрөшөт. Тизме
Жаңылыктар түрмөгү
0