Япониялык экономист: Россияны SWIFT системасынан чыгаруу натыйжа берген жок

© REUTERS / CHRIS HELGRENSWIFT логотиби. Архив
SWIFT логотиби. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.04.2022
Жазылуу
SWIFT — бул дүйнөдөгү бардык финансылык уюмдар жүргүзгөн операциялар тууралуу маалымат камтылган система. Европа биримдиги жакында андан Россиянын бир топ банктарын чыгарып салган.
БИШКЕК, 13-апр. — Sputnik. Эл аралык SWIFT системасын колдонуу боюнча Россияга киргизилген чектөөлөр Батышка каалагандай натыйжа берген жок. Бул тууралуу жергиликтүү ЖМКларга япониялык экономика илимдеринин доктору Дзюничи Ядованын берген маегине таянып "Прайм" басылмасы жазды.
Экономисттин айтымында, аталган системадан Россиянын жети ири банкы гана чыгарылган. Ал эми алардын үлүшүнө өлкөдөгү финансылык активдердин 30 гана пайызы туура келет. Башка финансылык мекемелер мындай санкцияларды айланып өтүшкөн.
"Россияда 300дөй банк бар. Эгер алардын баарын системадан чыгарып сала турган болсо, демек, 300дөй акча жүгүртүү багытын бууп салууга туура келет", — деди адис.
Ошондой эле ал Евробиримдикке кирген мамлекеттер Россиянын газы менен мунайына көз каранды болгондуктан, SWIFT боюнча киргизилген санкциялар натыйжасыз болуп жатканын кошумчалады.
Белгилей кетсек, SWIFT — бул дүйнөдөгү бардык финансылык уюмдар жүргүзгөн операциялар тууралуу маалымат камтылган система. Европа биримдиги жакында андан Россиянын бир топ банктарын чыгарып салган.
Банктын кызматкери юань санап жаткан учурда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.04.2022
Доллардын бүтүп бараткан доору. Юань башкы валютага айланабы?
Жаңылыктар түрмөгү
0