Боевая работа САУ Малка артиллерийских подразделений ЦВО на Авдеевском направлении - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

SWIFT системасынан россиялык канча банктын өчүрүлөрү айтылды. Тизме

© REUTERS / DADO RUVICSWIFT системасы
SWIFT системасы - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.03.2022
Жазылуу
Европа айтып келген санкциялардын кезектегиси, тагыраагы, SWIFT системасынан чыгарыла турган россиялык банктардын тизмеси чыкты.
БИШКЕК, 2-мар. — Sputnik. Евробиримдик SWIFT системасынан жети банкты өчүрүү боюнча чечим кабыл алды. Бул туурасында РИА Новости кабарлады.
Аталган тизмеге ВТБ, "Россия", "Открытие", Новикомбанк, Промсвязьбанк, Совкомбанк жана ВЭБ.РФ банктары кирген.
ВТБ банкынан бул боюнча комментарий беришкен.
"Бул системадан өчүрүү Россияда кардарларды тейлөөгө жана корпоративдик кардарлардын эл аралык которуулары боюнча кырдаалга таасирин тийгизбейт", — деп айтышты банктан.
Россия президенти Владимир Путин 21-февралда Луганск жана Донецк элдик республикаларын таануу боюнча жарлыкка кол койгон. Алар 2014-жылы өздөрүн Киевден көз карандысызбыз деп жарыялаган. 24-февралдын таңынан тарта Россия Украинаны куралсыздандыруу боюнча операцияны баштады. Бул абалды курчутуп, Батыш мамлекеттери жана АКШ тарабынан санкциялар толкунун жаратты. Алардын бири — россиялык банктарды SWIFT системасынан өчүрүү чечими болгон. Ал бир нече күндөн бери айтылып келе жатып, бүгүн конкреттүү банктардын аты аталды.
Ал эми президент Владимир Путин "АКШ жана ага кошулган чет элдик мамлекеттердин, эл аралык уюмдардын кастык мамилесине байланыштуу атайын экономикалык чараларды колдонуу боюнча" жарлыкка кол койгон. Россиянын Борбордук банкы Директорлор кеңешин жыйынга чогултуп, негизги ченди 20 пайызга чыгаруу чечимин кабыл алган.
Россиянын президенти Владимир Путин - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.03.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Путин Россияда финансылык туруктуулукту сактоо боюнча документке кол койду
АКШнын Коргоо министрлигинин штаб-квартирасы - Пентагон. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.03.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Пентагон: НАТО Украинанын үстүнөн учууларга тыюу салчу зона түзүүнү талкуулабайт
Жаңылыктар түрмөгү
0