Бишкектин бир катар жолдору оңдолуп, тротуарлар салынат. Тизме

© пресс-служба мэрии города БишкекЖол оңдоо иштери. Архив
Жол оңдоо иштери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.04.2022
Жазылуу
Ремонт жасала турган жолдордун узундугу 8,6 чакырым.
БИШКЕК, 12-апр. — Sputnik. Бишкек шаарынын мэриясы жакында тогуз көчөнүн жолу жана жети көчөнүн тротуары оңдоло турганын билдирди.
Ремонт жасала турган жолдордун узундугу 8,6 чакырым. Алар төмөнкүлөр:
Месарош көчөсүнүн Дэн Сяопинден Жамгырчиновго чейинки бөлүгү;
Эр-Тайлак көчөсүнүн Арча-Бешиктен Репинге чейинки бөлүгү (Арча-Бешик конушу);
Жунусалиев көчөсүнүн Эр-Тайлактан Абдрахмановго чейинки бөлүгү (Арча-Бешик конушу);
Садыбакасов көчөсүнүн Эр-Тайлактан Абдрахмановго чейинки бөлүгү (Арча-Бешик конушу);
Курултай көчөсүнүн Магистралдан Кожомкуловго чейинки бөлүгү (Ынтымак конушу);
Ак-Ордо көчөсүнүн Барпы Алыкуловдон Тагай-Бийге чейинки бөлүгү (Ак-Ордо конушу)
Шералиев көчөсүнүн 18-көчөсүнөн Түндүккө чейинки бөлүгү (Арча-Бешик конушу);
Интергельпо көчөсүнүн Кең-Суудан Дэн Сяопинге чейинки бөлүгү;
Сыдыков көчөсүнүн Калык Акиевден Турусбековго чейинки бөлүгү.
Ал эми жасала турган тротуарлардын узундугу 13,1 чакырым. Алар төмөнкүлөр:
Тагай бий көчөсүнүн Гагаринден Ак-Ордого чейинки бөлүгү (чыгыш тарабы);
Садырбаев көчөсүнүн Семетейден Жайыл баатырга чейинки бөлүгү (батыш тарабы);
Ахунбаев көчөсүнүн Бакаевден Садырбаевге чейинки бөлүгү (түндүк тарабы);
Өмүр көчөсү Барпы Алыкуловдон Кырк-Кызга чейин (түндүк тарабы);
Чүй проспектисинин Бейшеналиевден Жаш Гвардияга чейинки бөлүгү (эки тарабы тең);
Алтымышев көчөсүнүн Бакаевден Садырбаевге чейинки бөлүгү (түндүк тарабы);
Асаналиев көчөсү Гагаринден темир жол линиясына чейин (эки тарабы тең).
Жол оңдоо иштери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.03.2022
Бишкектин кээ бир жолдору оңдоп-түзөө үчүн жабылды. Тизме
Жаңылыктар түрмөгү
0