Элчиликтерди тынч коюңуздарчы. Садыр Жапаров жарандарга кайрылды

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Садыр Жапаров. Архив
Президент Садыр Жапаров. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.04.2022
Жазылуу
Президент элчиликтер жана анын аянтчалары башка мамлекеттердин кол тийгис менчиги болуп саналарын эскертти.
БИШКЕК, 1-апр. — Sputnik. Элчиликтер жана анын аянтчалары башка мамлекеттердин менчиги болуп саналат. Алардын эшигин каккылабай, тынч коюуңуздарды өтүнөм. Президент Садыр Жапаров социалдык тармактагы баракчасына бул кайрылуусун жазды.
"Урматтуу кыргызстандыктар! Мага жеткен маалыматтар боюнча, кандайдыр бир топ эртең акция уюштуруп, Бишкектин көчөлөрүндө жөө жүрүш жасап, элчиликтердин алдына барабыз деген ниеттерин билдиришиптир. Ар бир ниеттин же кадамдардын чеги болот. Элчиликтер жана анын аянтчалары башка мамлекеттердин менчиги болуп саналат. Кол тийгис. Дүйнө жүзүндө биздин дагы элчиликтерибиз бар. Алар дагы биздин кол тийгис аянтыбыз. Бирөө-жарым келип, эшигин каккылап, башаламандык кылганга акысы жок. Албетте, биз демократия багытынан кайтпайбыз. Жарандарыбыздын оозун тыйбайбыз. Укугун чектебейбиз. Митингдер сөзсүз болушу керек. Ал үчүн Горький паркын аныктап бердик. Кааласаңыздар, 24 саат бою митинг кылыңыздар. Каалаган сөзүңөрдү, пикириңерди айтыңыздар. Эч ким каршы эмес. Бир гана сураныч, элчиликтерди тынч коюңуздарчы", — деп жазылган анда.
Эске салсак, бүгүн Бишкек шаарында район аралык соттордун чечими менен Украинанын айланасындагы кырдаал боюнча тынч митингдерди, акцияларды өткөрүүгө тыюу салынды. Бул туурасында Шаардык ички иштер башкармалыгынан кабарлашкан.
Украинанын желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.04.2022
Бишкекте Украинадагы кырдаал боюнча митинг өткөрүүгө тыюу салынды
Жаңылыктар түрмөгү
0