Кыргыз драма театры сезонун "Төлгө" спектакли менен ачты. Сүрөттөр

© Фото / пресс-служба Минкультуры КР"Төлгө" спектакли Кыргыз драма театрында
Төлгө спектакли Кыргыз драма театрында - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.03.2022
Жазылуу
Театр үч жылга созулган оңдоп-түзөө иштеринен кийин кечээ көрүүчүлөр үчүн эшигин ачты.
БИШКЕК, 28-мар. — Sputnik. Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театры 95-театр сезонун Жалил Садыковдун "Төлгө" спектакли ("Манастын уулу Семетей" драмасынын негизинде жазылган) менен ачты. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги кабарлады.
Жаңы сахналаштырылган спектаклге мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, маданият министри Азамат Жаманкулов, ошондой эле коомдук ишмерлер, өнөр адамдары жана жалпы эл катышты.
© Фото / пресс-служба Минкультуры КР

Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театры 95-театр сезонун Жалил Садыковдун "Төлгө" спектакли ("Манастын уулу Семетей" драмасынын негизинде жазылган) менен ачты

Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театры 95-театр сезонун Жалил Садыковдун "Төлгө" спектакли ("Манастын уулу Семетей" драмасынын негизинде жазылган) менен ачты - Sputnik Кыргызстан
1/5

Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театры 95-театр сезонун Жалил Садыковдун "Төлгө" спектакли ("Манастын уулу Семетей" драмасынын негизинде жазылган) менен ачты

© Фото / пресс-служба Минкультуры КР

Жаңы сахналаштырылган спектаклге мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, маданият министри Азамат Жаманкулов, ошондой эле коомдук ишмерлер, өнөр адамдары жана жалпы эл катышты

Жаңы сахналаштырылган спектаклге мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, маданият министри Азамат Жаманкулов, ошондой эле коомдук ишмерлер, өнөр адамдары жана жалпы эл катышты - Sputnik Кыргызстан
2/5

Жаңы сахналаштырылган спектаклге мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, маданият министри Азамат Жаманкулов, ошондой эле коомдук ишмерлер, өнөр адамдары жана жалпы эл катышты

© Фото / пресс-служба Минкультуры КР

Жаманкулов оңдоп-түзөө иштерине жабылган театр күйөрмандарын чыдамсыздык менен күткөнүн айткан

Жаманкулов оңдоп-түзөө иштерине жабылган театр күйөрмандарын чыдамсыздык менен күткөнүн айткан - Sputnik Кыргызстан
3/5

Жаманкулов оңдоп-түзөө иштерине жабылган театр күйөрмандарын чыдамсыздык менен күткөнүн айткан

© Фото / пресс-служба Минкультуры КР

Ошондой эле кайрадан сахналаштырылган спектакль көрүүчүлөргө руханий жактан азык берет деп ишендирген

Ошондой эле кайрадан сахналаштырылган спектакль көрүүчүлөргө руханий жактан азык берет деп ишендирген - Sputnik Кыргызстан
4/5

Ошондой эле кайрадан сахналаштырылган спектакль көрүүчүлөргө руханий жактан азык берет деп ишендирген

© Фото / пресс-служба Минкультуры КР

Спектаклге КРдин эмгек сиңирген артисти Назым Мендебаиров режиссёрлук кылган

Спектаклге  КРдин эмгек сиңирген артисти Назым Мендебаиров режиссёрлук кылган - Sputnik Кыргызстан
5/5

Спектаклге КРдин эмгек сиңирген артисти Назым Мендебаиров режиссёрлук кылган

1/5

Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театры 95-театр сезонун Жалил Садыковдун "Төлгө" спектакли ("Манастын уулу Семетей" драмасынын негизинде жазылган) менен ачты

2/5

Жаңы сахналаштырылган спектаклге мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, маданият министри Азамат Жаманкулов, ошондой эле коомдук ишмерлер, өнөр адамдары жана жалпы эл катышты

3/5

Жаманкулов оңдоп-түзөө иштерине жабылган театр күйөрмандарын чыдамсыздык менен күткөнүн айткан

4/5

Ошондой эле кайрадан сахналаштырылган спектакль көрүүчүлөргө руханий жактан азык берет деп ишендирген

5/5

Спектаклге КРдин эмгек сиңирген артисти Назым Мендебаиров режиссёрлук кылган

Жаманкулов оңдоп-түзөө иштерине жабылган театр күйөрмандарын чыдамсыздык менен күткөнүн айткан. Ошондой эле кайрадан сахналаштырылган спектакль көрүүчүлөргө руханий жактан азык берет деп ишендирген.
Спектаклге КРдин эмгек сиңирген артисти Назым Мендебаиров режиссёрлук кылган.
"Кыргыз элинин руханий байлыктарынын туу чокусу — улуу "Манас" эпосу. "Манастын уулу Семетей" дал ушул үч илтиктин эң көлөмдүү бөлүгү. Кыргыз эл акыны Жалил Садыков аны театрдын астанасына алып келүү менен бирге, эпоско жаңы дем берген. Аталган драманын негизинде сахналаштырылган "Төлгө" спектаклинде Айкөл Манастын руху анын урпактарында жашаары чагылдырылат. Ошол себептен атасын билбей, бешикте кеткен Семетейди кыргыз эли дегдеп күтүп, анын ар бир кадамында атасынын ордун басар уул болсун деп төлгө кылат", — деп жазылган маалыматта.
Спектаклде Каныкейдин аялдык ички трагедиясы, таянган тоосу кулагандан кийин бузукулуктун, көрө албастыктын курмандыгына айланган муң-зары, уулунун келечеги кыргыз элинин келечеги экендигин алдын ала сезип, ал үчүн жан берүүдөн дагы кайра тартпастыгы, өзгөчө бүгүнкү күндүн жаш муундарына өрнөк боло турган кайын энеси Чыйырды менен сый мамилеси баяндалат.
Белгилей кетсек, театрды оңдоп-түзөө иштери 2019-жылдын сентябрь айында башталган. Бул үчүн бийлик 84 миллион сомдон ашык каражат бөлгөн. Бирок пандемия сыяктуу түрдүү себептерден улам оңдоо иштери улам үзгүлтүккө учураган. Кийин кошумча 45 миллион сомго жакын каражат бөлүнгөн.
Шаршен Термечиков атындагы Чүй облустук театрынын директору, КРдин эл артисти Азамат Болгонбаев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.03.2022
Радио
Болгонбаев: Чүй облустук театры имаратка муктаж
Жаңылыктар түрмөгү
0