Баткен ОИББдин жетекчисинин орун басарынын өлүмүнө шектелип жээни кармалды

© Sputnik / Табылды КадырбековКишенделген жаран. Архив
Кишенделген жаран. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.03.2022
Жазылуу
Облустук милициянын башчысынын орун басарын өлтүрүүгө шектелип жаткан кишинин жакында эле абактан чыкканы айтылды.
БИШКЕК, 27-мар. — Sputnik. Баткен ОИИБдин жетекчисинин орун басары Аскарали Мухамадиевди өлтүрүүгө шектелип 34 жаштагы жээни кармалды. Бул тууралуу облустук милициянын маалымат кызматы кабарлады.
© Фото / пресс-служба УВД Баткенской областиБаткен ОИИБдин жетекчисинин орун басары Аскарали Мухамадиевди өлтүрүүгө шектелип 34 жаштагы жээни кармалды
Задержанный по подозрению в убийстве заместителя начальника УВД Баткенской области Аскарали Мухамадиева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.03.2022
Баткен ОИИБдин жетекчисинин орун басары Аскарали Мухамадиевди өлтүрүүгө шектелип 34 жаштагы жээни кармалды
Буга чейин Баткен ОИИБдин маалымат кызматы жетекчинин коомдук коопсуздук боюнча орун басары, милициянын подполковниги Мухамадиев 47 жашында көз жумганын билдирип, бирок өлүмүнүн себеби тууралуу айткан эмес.
Билдирмеге ылайык, бүгүн, 27-март күнү, саат 11:17лер чамасында милицияга Баткен облустук бириктирилген ооруканасынын жандандыруу бөлүмүндө көкүрөгүнөн жаракат алган 1974-жылкы М.А. аттуу жарандын каза болгондугу тууралуу маалымат келип түшкөн.
"Баткен облустук милициясынын башчысы Мурат Боронов ыкчам тергөө кызматы менен биргеликте окуяны тактоо үчүн ооруканага барган. Ал жактан орун басарынын сөөгүн белгисиз адамдар Honda Odyssey автоунаасы менен жандандыруу бөлүмүнө таштап кеткенин билген", — деп жазылган маалыматта.
Аталган факт Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси ("Адам өлтүрүү") менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.
"Териштирүүнүн жүрүшүндө маркумду 34 жаштагы жээни Н.С. учтуу нерсе менен көкүрөккө сайгандыгы аныкталган. Шектүү мурда бир нече жолу соттолуп, жакында эле кылмыш жазасынан бошоп келген. Ал Кадамжай шаарынын Пүлгөн айылында жашынып жүргөн жеринен кармалды. Аны менен кошо ыкчам тергөө тобу кылмышка тиешеси бар шериктерин колго түшүрдү", — деп жазылган билдирмеде.
Учурда алынган учтуу зат боюнча экспертиза дайындалды. Тергөө иштери жүрүп жатат.
Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчисинин коомдук коопсуздук боюнча орун басары, милициянын подполковниги Аскарали Мухамадиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.03.2022
Баткен ОИИБдин жетекчисинин орун басары Аскарали Мухамадиев каза тапты
Жаңылыктар түрмөгү
0