Акын Байдылда Сарногоев жөнүндө 17 факт. Кыргыз деп өткөн дүйнөдөн...

© Фото / из семейного архива СарногоевыхКыргыз эл акыны Байдылда Сарногоев менен Т. Байзаков. 1957-жыл.
Кыргыз эл акыны Байдылда Сарногоев менен Т. Байзаков. 1957-жыл. - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.03.2022
Жазылуу
Кыргыз адабиятында Кыргыз эл акыны Байдылда Сарногоевдин эч ким талашпас өз орду бар. Оозунан ырлары болуп көрбөгөндөй уйкашып, жамакталып төгүлгөн бул талант туурасында кеп кылууну чечтик.
Мурдагы өткөн атактуу адамдардын кыял-жоруктарын, жүрүш-турушун айтып берип, оозеки кеби менен да өз кумирлерин ээрчитип жүргөн бул акын көзү тирүү болгондо быйыл 90 жашка чыкмак. Аны улуу-кичүү урмат менен Байдыке деп эркелетип турушчу..
Сарногоев поэзия майданына кошулган өткөн кылымдын 50-жылдарынан тартып эле окурмандардын калың катмарынын сүйүктүү акынына айланган. Анын "Ак калпак", "Ашуудан берген отчётум" деген китептери колдон-колго өтүп окулган. Бул анын ырларына биринчи кезекте улуттун салты, маданияты, тили жана руху терең сиңдирилгендиги менен, ар бир сабынан кыргыздык мүнөз, кыргыздык бөтөнчөлүктөр көрүнүп тургандыгы менен жана юмордук белгилеринин күчтүүлүгү менен байланышат. Ал төкмөлөр чыгармачылыгына жакын, нукура улуттук колорит менен жазган.
Туулган мезгили так эмес. Акын 1932-жылы 14-январда туулган деп айтылып, жазылып жүрөт. Бирок ал 1928-жылы жарык дүйнөгө келиптир деген пикирин жубайы Зина Сарногоева эскерип калчу. Өзүнүн да "Метрикам жок, так чыктымбы элүүгө, мезгил өтүп, калп чыктымбы элүүгө, айтор, билбейм…, атам, энем өлбөсө, айтып бермек менин жашым жөнүндө" деген ыр саптары бар. Ал кезде туулары менен күбөлүк жазылбай калган экен. Кийин жогорудагы датаны туулган жыл катары белгилептир. Киндик кан тамган жери Талас өрөөнүнүн азыркы Талас районуна караган Кара-Ой (Будёновка) айылынын Кулдамбес кыштоосу. Жети атасы: Сарногой (Айтмамбет) – Бөлөкбай – Качканак – Иттуйбас – Үчкемпир – Чөпчайнар – Карадөө.
Балалыгы. Алгачкы эмгек акы. Кичинекей чагынан үйдөгү эчкилерди кайтарып жүргөнүн, Таластын жилик какшаткан суусун кечип, эрте менен бийик бетке айдап, кечке артынан калбай жүрүп, кечинде кайра кайрып келип суй жыгылып жатып калганын айтып жүрчү. Ошондо да сөздү сөзгө кынай коюп, "Сарногойдун Алыйман, түштөн кийин болгондо, "эчки айдап кел" деп жалынган, өтүгүм жок бутумда, кантип басам шагылдан" деп ыр кураштыра койчу экен. Согуш бүткөндөн бир аздан кийин айылдашы Үсөнбек Өмүралиев деген аскерден келип, элге тойчук берип калат, төмөн жактагы "Манас" колхозунан бир жамакчы киши келген, ал ырдап атып, бир убакта токтой калып, "ии, Байдыш, ары жагын сен ула" деп балага кайрылса, анда Байдылда: "Тоюңар тойго улансын, келген адам кубансын, тойду берип жаткандар ырчыларды ыраазы кылып чыгарсын...", - деп дагы бир топ жамак айтып жиберет. Ошол тойдон түшкөндөрдөн жанагы жамакчы Байдылдага бир улак, эки эчки, эки жоолук бөлүп берет. Ошентип, алгачкы гонорары колго тиет.
© Фото / из семейного архива СарногоевыхКыргыз адабиятында Кыргыз эл акыны Байдылда Сарногоевдин эч ким талашпас өз орду бар
Кыргызский народный поэт Байдылда Сарногоев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.03.2022
Жамакчылык. Ошол алгачкы эмгек акыга шыктанган өспүрүм бала айылда такыр тартынбай кыз-келиндерге, кемпир-кесекке жамактатып ырдап берип жүрөт. Эжеси сыйга алган жоолукту салынып, атасы эчкилүү болуп Байдылдага баталарын берип, ырдашына жол ачат. Ыр жазууга да өтөт, а түгүл айрым элдик поэзияны туурап жазган ырлары райондук газетага да басылып чыгат. Анын Көк-Арык мектебинде окуп жүргөндө алгач жарык көргөн ыры "Жаз келди" деп аталат. 1945-жылы Талас облустук "Ленин туусу" газетасына жарыяланат. Он бешке келгенде бири-бирине удаа эле атасы да, энеси да каза болуп, жетимчилик башына түшөт. Кошок, арман мотивиндеги ырларды чыгарат. 1946-жылы Таласта элдик өнөрпоздордун кароо-сынагы өтүп, ага катышып, комуз менен төгүп ырдап да берген. Анын жамакчылык жайы математика мугалими Ислам Сарыгуловго жетет (ал кишинин Дастан Сарыгулов, Аскар Сарыгулов, Баян Сарыгулов деген балдары кийин кыргыз кыйырына таанылды), ал киши насаатын айтып, Фрунзеге окууга барууга, жамактатып ырдоодон өйдө көтөрүлүүгө, билим алууга үндөйт.
Билим жолу. Ал мектепти шаардан окуу ниетинде Жамбылга барат. Ал жерден окууга алынбайт, Фрунзеге жөнөйт. Адегенде жазуучулар союзуна келип, Аалы Токомбаевге жөн-жайын айтканда кадыр-барктуу акын аны Фрунзе шаарындагы Александр Пушкин атындагы №5 мектеп-интернатка алтынчы класска киргизет. Бул жерде тынымсыз ырларды жазып, жазгандарын редакцияларга алып барып, өмүр күнү аягына чыгып бараткан Алыкул Осмонов менен таанышып, анын кеп-кеңешин угат. Мидин Алыбаев жана Райкан Шүкүрбековдун жанында жүрөт. Таң каларлык факт – 1951-жылы али бир да китептин автору боло элек жаш "бала", онунчу класстын окуучусу СССР жазуучулар союзуна мүчөлүккө кабыл алынат. Бул ага Аалы Токомбаевдин берген ишеними эле.
Москвада – бүткүл дүйнөлүк адабият институтунда. Аны Кыргыз ССРинин жазуучулар союзу атайын жолдомо менен орто мектепти бүтөр замат Максим Горький атындагы Адабият институтуна жиберет. Окууга майдангер акын Сооронбай Жусуев менен кошо жөнөйт. Москвадагы профессионал жазуучуларды даярдай турган бул окуу жайында билим алуу аны дүйнөлүк поэзияны өздөштүрүүгө жол ачат, өзгөчө ага Сергей Есениндин поэзиясы жакын болот, ошол эле кезде улуттук адабий салттарды жоготпой ыр жазуунун теориясын үйрөнөт. Ал кезде кыйла эле жокчулук болчу, айылдан жардам барбайт, жашоодон кыйналат, кез-кез Фрунзеден барган жазуучулар оокат-ашына каралашып турган. Кудай жалгап, Фрунзедеги басмага таштап келген кол жазмалары 1952-жылы 87 бет көлөмүндө "Шумкар" деген ат менен чыгып, ага гонорар алат, моралдык чоң колдоо да болот, китепти адабий коомчулук да, окурмандар да жакшы кабыл алат.
Майрамкан Абылкасымова с мужем и дочерью - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.11.2021
Жазуучуларга жапырт ат коюп. Акын Майрамкан Абылкасымова жөнүндө 11 факт
Жаш жигиттин ооматтуу жылдары. 1956-жылы Москвадан билим алып келген Байдылда Сарногоевди "Ала-Тоо" журналынын редакциясына поэзия боюнча бөлүм башчылык кызматка алышат, 1959-жылдан 1973-жылга дейре Кыргызстан жазуучулар союзунун башкармалыгында адабий кеңешчи болот. Ушул жылдарда ал жазуучулар менен тыгыз иштөө менен бирге чыгармачылыкта жыйнак артынан жыйнактарын чыгарат. 1955-жылы "Досторума", 1956-жылы "Бала мерген", 1956-жылы "Баяс", 1961-жылы "Ак калпак", 1966-жылы "Тоолор жана тоолуктар", 1968-жылы "Үзүлбөгөн үмүттөр", 1970-жылы "Сүйлөшүү", 1972-жылы "Менин батпас күнүм" аттуу ырлар жана поэмалар жыйнактары чыгып, аны кыргыз поэзиясында эң активдүү иштеген автор катары таанытты. Улут темасы, ак калпак темасы, кымыз темасы кыргыздардын мекенчилдик сезимдерине таасир этсе, жумшак юморлору, какшыктары эл ичине оозеки тарап кетти, ага берилген адамдар "Байдыке айткандай", "Байдыке жазгандай" деп сүйлөшчү болду.
Кайра-кайра басылса да табылбаган "Ашуудан берген отчетум". Байдылда Сарногоевдин китептеринин ичинен гана эмес, кыргыз адабиятындагы жалпы китептердин ичинен абдан көп суроо-талап менен чыккан жана талашып окулган, үйлөрдөн "уурдалган" китеп ушундайча аталат. Биринчиси 1982-жылы 240 бет көлөмүндө чыкса, экинчиси жана үчүнчүсү 1984-жылы бир жылда эки жолу, төртүнчүсү 1989-жылы кайра басылат. 1986-жылы "Ашуудан берген отчетум" аттуу ырлар жыйнагы үчүн Кыргызстан жазуучулар союзунун Осмонов атындагы адабий сыйлыгы ыйгарылган. Китепке лирикалык ырлары, эпикалык жана лирикалык поэмалары менен бирге сатиралык чыгармалары, термелери киргизилген. Бул жыйнагы мурдагы "Тандалмалар" деген жыйнагынан сегиз жылдан кийин чыккандыктан эл анын поэзиясына аябай суусап калганын көрсөткөн.
© Фото / из семейного архива СарногоевыхСарногоев поэзия майданына кошулган өткөн кылымдын 50-жылдарынан тартып эле окурмандардын калың катмарынын сүйүктүү акынына айланган
Кыргызский народный поэт Байдылда Сарногоев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.03.2022
"Бүркүттүн өлүмү" ыры. Ырдын сюжети турмуштан алынган, реалдуу окуяга негизделген деп айтууга болбойт, ошол эле кезде турмушта мындай болушу мүмкүн эмес дешке да негиз жок. Бүркүт балапанын уядан учуруп өз оокатын өзү кылууга үйрөтөт: абада кандай учуп, аскага келип кантип конуу керектигин, ар бир жаныбардын мүнөзүн, ошого карата мамиле кылуунун зарылдыгын, ууларын кандай кылып, кайсыл жерде, кандайча алуу керектигин көрсөтүп машыктырат. Кайберен, каман, түлкү, элик – кыскасы, ар бир жаныбарга жекече мамиле кылууга көнүктүрөт. Эненин милдети ошол – баласын жашоого, жанын багууга көнүктүрүү. Бүркүттөрдүкү өзгөчө – алар тайманбас, өжөр, күчтүү, шамдагай болот, көктүн ээси катары ал жерде канчалык баатырсынган жан-жаныбарга тиш салып, аны көккө көтөрүп кетет. Ошон үчүн аны бүркүт дейт, алгыр куштардын кырааны дейт. Андай касиети ага алгыр тырмак, шуштугуй тумшук, күчтүү бут, өткүр көз, кеменгер акыл-парасат, алыстан жыт сезгич туюм, кайтпас мүнөз бергендиги менен байланышат. Бул ырда бала бүркүт жетилип, "көзүндө өрт, бойдо күч ташып" турганда капчыгай өрлөп бара жаткан жалгыз карышкырды көрөт да, ага салмоор таштай сайылып, боюн таштайт. Дал ушул учурдагы эне бүркүттүн абалын "Асманда жүрдү энеси, жүрөгү жүз жол зыркырап" деген таамай сүрөттөө менен көрсөтөт. Жердин күчтүү, жырткыч, өжөр, эч нерсени аябас жаныбары карышкыр менен көктүн ээси табияттын эзелтеден берки кармашын баштайт. "Кай бирде томолонушуп, кай бирде жулмаланышып, өчөшүп жатты экөө тең, өлбөгөн жерде калышып". Ошентип жашоо үчүн, жан багуу үчүн, тирүү калуу үчүн күрөш жүрөт. Карт бөрү, далайды көргөн карышкыр жаш бүркүттү ушул кармашта жеңип чыкты. Бала бүркүт жан таслим болду. Ушул кармашты, өз баласынын жеңилишин көрүп турган эне бүркүт акыры чыдабай, эзелки тажрыйбасына, далайды алган ыгына салып, карышкырды өзү качырып кирип, көз ачып жумганча чеңгелдеп, көккө көтөрүп кетип, бугу менен, ызасы менен "таманы таштуу как сайга" таштап жиберип өлтүрөт. Автор бул окуядан мындай жыйынтык берет: "Балам деп күчүн сарп кылып, балам деп өзүн ташка уруп, өлсө да эки көзүнөн балам деп жатты жаш чыгып". Ошентип, автор эненин балага болгон сүйүүсүн, эне-бала мамилесинин ыйыктыгын көрсөтөт. Бул жаныбарлардын окуясы адамдардын турмушу менен окшоштурулуп, салыштырылат.
Өкүл атасы. Байдылда Сарногоев №5 мектепте окуп жүргөндө эле чоң жазуучуларга жанаша жүрүп, алардын жумшаган жагына барып кызмат кылган. Ошолордун бири Мидин Алыбаев болгон. Ал кезде бул акынды элдин баары билүүчү, ошол эле кезде жашырганда эмне, ичкиликке да жакын болуучу. Өзүнчө сөз тыңшагандардын чөйрөсүн түзгөн, мына ошол чөйрөгө жаштайынан Байдылда да аралышып калган, бир топ чыгармаларын Мидинге окуп да берип турган. Бири-бирине "байке-ини" дешип жүргөн. Үйлөнгөн кезде Мидинди өкүл ата коюшкан. Кийин Мидин Алыбаев каза болгондо "Мидинге кат" деген көлөмдүү эпистолярдык формадагы ырын жазган. Бул ыр кезегинде өтө популярдуу болгон, анда эки акындын чыгармачылык байланышын, жеке тагдырын, трагедияларын көрсөткөн.
Переводчик, прозаик, народный поэт КР Эрнис Турсунов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.11.2021
Кыргыз маданиятынын "князы" Эрнис Турсунов тууралуу 15 факт
Байдылданын "батальону" жана "Таш-Коргону". Анда азыркы Эркиндик, андагы Дзержинский бульварында эл кымгуут кирип-чыгып турган "Сейил" деген ресторан боло турган. Ошонун биринчи кабатында пиво, вино, манты сатчу, анча-мынчасы столго отуруп, анча-мынчасына туруп тамак ичишчү. Ошол жерде көбүнчө Байдылда Сарногоев боло турган. Качан көрсөң жанында беш-алты адам. Ошолорго ыр окуп, Мидин менен Райкан тууралуу айтып, ортодо отурушту кызытып турчу. Ал жерди "Байдылданын Таш-Коргону" деп да коюшчу, себеби дубалдарынын бир тобу таш менен урулган эле, сөз укканы атайын келгендерди "Байдылданын батальону" деше турган. "Батальондун командири" мындай ырын жазган:
Байдылданын Таш-Коргон,
Байдылда өзү ат койгон.
Байдылда өлөт бир күнү,
Таш-Коргон калат таш бойдон,
Таш-Коргон калат жаш бойдон…
Чыңгыз жана Байдылда. Байдылда менен Чыңгыз Айтматов курбалдаш жана теңтуш, анан калса жердеш болгон. Бири-бирине азил, какшык атып турган. Жазуучулар арасында мындай сөз айтылып жүрөт: Бир жолу Байдыке Жазуучулар союзунун далисинде чалым чегип турса, астыңкы кабаттан салмактуу басып бирөө келе жатыптыр. Чыңгыз экен, учурашып туруп, "ии, чычкан аңдыган мышыктай болуп турасың?" дептир Байдылдага. Ал буйдалбай, "ии, төмөн жактан бир килейген келемиш чычкандын дабышын угуп, баса калайын деп күтүп турдум эле, сен белең?" дейт. Сөзгө жыгылган улуу жазуучу "тукумуң өскүр, кыйынсың ээ" деп күлүп калыптыр. Ошол Чыңгыз Айтматовго арналган "Чыңгыз жана мен" деген ыры бар:
- Чыңгыз, кайда?
- Москва, Берлин, Лондондо.
- Эмнеге кетти?
- Бир маанилүү маселе болгон го.
- Байдылда кайда?
- Мал жайылган тоолордо.
- Эмнеге кетти?
- Туз берип жүрөт койлорго.
Ыр андан ары ушинтип кете берет. Акын дүйнөлүк жазуучунун атактуулугун көрсөтүү менен өзүнүн эл ичиндеги ордун да акырын юмор менен белгилеп кетет.
Обондуу ырлардын сөзүн жазган. Акындын "Ак чыны", "Кыргызымдын жигиттери", "Жаштарга", "Дилбар", "Жылкычы бозой", "Жайдын бир түнү", "Музыка", "Кызыл гүл", "От койгун махабаттын милтесине", "Кайсы сенин терезең", "Биз калдык" ж.б. алтымыштай текстине музыка жазылган. Ал ырлар чоң сахналарда да, кечки отуруштарда да тынымсыз аткарылып келет. Бир жолу Нишарапов деген жигит келип обон чыгарганын, анын сөзү кандай болушу керектигин айтса, ошол эле жерде "Ак чыны" деген текст жазып колуна карматкан экен. "Мидинге кат" деген чыгармасын обонго салып Жеңишбек Жумакадыр, "Эркектер жөнүндө терме", "Аялдар жөнүндө терме" деген чыгармаларын Жолболду Алыбаев элге алып чыкты.
© Фото / из семейного архива СарногоевыхСарногоевдин "Ак калпак", "Ашуудан берген отчётум" деген китептери колдон-колго өтүп окулган
Кыргызский народный поэт Байдылда Сарногоев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.03.2022
Социализм менен кошо жыгылган. Байдылда Сарногоев жамбашы сынып, инсульт да болуп ооруп калды. Ошол кезде андан "Социализм менен кошо жыгылгам", "Ооруса бутум ооруйт да, ашказан таза" деген сөздөр калган. Мурда Саякбай Каралаев, Карамолдо Орозов, Ыбырай Туманов, Осмонкул Бөлөбалаев, Ысмайыл Борончиев сыяктуу залкарлар менен ага-ини дос болуп жүрсө, эми достору азайды. Москва жана Совет көчөлөрүнүн кесилишиндеги үйүндө жалдырап жатып, эшиктен бирөөлөрдүн келип кобурашканын күтчү. Элдик этнограф досу Амантур Акматалиев көп келер эле. Саламаттык сактоо министри Накен Касиев, акын-жазуучулар: Сүйүнбай Эралиев, Өскөн Даникеев, Надырбек Алымбеков, Маркабай Ааматов ж.б. инсандар кабар алып турган. Болот Шернияз Таласта акындын музейин уюштуруп, үйүнө келип материалдык жардамын да көрсөткөн. Президент Аскар Акаев да атайын чакыртып кабыл алган.
Үй-бүлөсү. Жубайы Зинакан Асипова менен ал Владимир Маяковский атындагы Кыз-келиндер педагогикалык институтунда окуп жүргөндө таанышкан. Түптүн Талды-Суу айылынан. 1958-жылы экөө баш кошот. Уулдары: Баястан, Бактыяр, Бакай, кыздары: Гүлсана, Карлыгач.
Акыркы сапары. Акындын оорусу узакка созулду. Төшөк тартып жатып калды. 2004-жылы 20-ноябрда 72 жаш курагында каза болду. Сөөгү "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлду. Зыйнатындагы чыгымдарды Болот Шернияз уюштурду. Акынга арналган кошокту Шайлообек Дүйшеев менен Кыялбек Урманбетов жазып, Элмирбек Иманалиев коңур үнү менен элге жеткирди.
Эл арасына кеңири тараган ыр саптары.
Уруулашкан мезгил өткөн капкачан,
Улутум да, уруум да бир – кыргыз!
***
Кыргыз жери сопсонун,
Кыйласынан Ош сонун.
***
Ал мени итсиң деди. – Итмин – дедим...
Тек гана терикпестен күлүп туруп.
Не кылам жаман айтып жаакташып,
Мен анын ит экенин билип туруп.
***
Мен киммин, мен бир акын жаман сары,
Колунда койкоңдогон калам сабы.
Энекем эптеп төрөп койсо керек,
Кыргызда көбөйсүн деп адам саны.
***
"Жем" түшүп кетти бутума...
***
Чоку болот тоолордун бийик жери,
Чокудай бол кыргыздын жигиттери.
***
Жаман менен эриш-аркак болгончо,
Жакшы менен жанаша бас чай кайнам...
Акынды эстетер эстеликтер. Анын ысымы 2019-жылы Талас областынын Бекмолдо айыл аймагындагы Сасык-Булак айылындагы жаңы ачылган маданият үйүнө ыйгарылды. Коомдук ишмер Болот Шерниязовдун демилгеси менен 2010-жылы Байдылда Сарногоев атындагы эл аралык адабий сыйлык уюшулган. Таланттуу акындарга эки жылда бир жолу ыйгарылып туруучу сыйлыктын лауреаттары: кыргызстандык Шайлообек Дүйшеев, Анатай Өмүрканов, Сагын Акматбекова, Кыялбек Урманбетов, казакстандык Улугбек Есдаулет, алтайлык Боронтай Бедюров. Ал Кыргыз эл акыны (1991), Казакстан Республикасынын эл аралык "Алтын көпүрө" сыйлыгынын (1996), Кыргыз Республикасынын Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (2000-жылы "Байдылда" аттуу жыйнагы үчүн), I даражадагы Манас орденинин ээси (2002). Анатай Өмүрканов "Сарногойдун коргону же Байдыкем жөнүндө дил баян" аттуу биографиялык эссе китебин, Бурулкан Карагулова "Байдылда акынга ырдесте" поэтикалык жыйнагын, Кадыркул Даутов "Акындын акындыгы" деген мыкты аналитикалык макаласын жазган, анын чыгармачылыгы боюнча Каныбек Исаков кандидаттык диссертациясын коргогон жана "Б.Сарногоевдин поэтикалык изденүүлөрү жана көркөм табылгалары" деген монографиясын чыгарган, анын чыгармачылыгы Жээналы Шериевдин да "Азыркы кыргыз поэзиясындагы чеберчилик маселеси" деген темадагы кандидаттык диссертациясынын бир бөлүмү болгон.
Омор Султановдун 80 жылдыгы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.12.2021
Акындардын ырын совхоздун ак коюна окшотуп. Омор Султанов жөнүндө 12 факты
Кыргыз Республикасынын эл акыны Рамис Рыскулов. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.01.2022
"Бир сулуунун жанында жүз аламан шайтан бар". Рамис Рыскулов жөнүндө 12 факт
Жаңылыктар түрмөгү
0