Акындардын ырын совхоздун ак коюна окшотуп. Омор Султанов жөнүндө 12 факты

© Фото / пресс-служба ТЮРКСОЙОмор Султановдун 80 жылдыгы. Архив
Омор Султановдун 80 жылдыгы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.12.2021
Жазылуу
Омор Султанов – кыргыз адабиятындагы кызыктуу көрүнүштөрдүн бири. Кызыктуулугу: өткөн кылымдын 60-жылдарында салттуу ырды чанбай, салттуу кыргыз ырын эң мыкты өздөштүрүп туруп эле кыргыз поэзиясы үчүн жаңылык болгон "эркин ырды" да мыкты жазууга болорун көрсөттү.
Акындын ырларын жаштар талашып окуп, обончулар анын сөзүнө биринен өтүп бири мыкты обондорун жараткан. Биз бүгүн Кыргыз Республикасынын эл акыны, Манас орденинин ээси Омор Султанов тууралуу 12 факт сунуш кылабыз.
Ысык-Көлдүн боюндагы балалык. Омор Султанов 1935-жылы 6-ноябрда Жети-Өгүз районунун Тосор айылында туулган. Бул айыл касиеттүү көлдүн тескей жээгинде, бир жагында – кереметтүү көл, бир жагында ошол көлгө таза аба жиберип турган ак карлуу тоолор. Ал бала чагын кумдуу жээктерде толкундар менен жарышып, балыктар менен арбашып, ак куулар менен чүрөктөргө суктанып өткөрдү. Узун-Кыр, Тастар-Ата, Сары-Күңгөй жерлеринде жүргөн кезин "Кыйылып турам" деген эң алгачкы ырында "Жылкы айдап үрүң-бараңдан, жылганы бойлой бастырсам, жайлоонун салкын абасы, эркелей согуп астыртан, көңүлгө сиңген гүл жыты ай, көркөмү менен мас кылган, Ашуу-Төр менен Чолок-Төр, эңседим сени сагынып" деп жазган. Атасы согуш майданынан кат жазганда ыр аралаштырып жазып койгон, апасы да ыр чыгарчу экен, таятасы да чечен, санжырачы киши болуптур, бир тууган агасы Осмондун "Эскерме" деген ырын ал өзү майдандан кайтпай жүрсө да, айылдыктар көчүрүп алып элге тарап кетиптир.
Адабияттын астанасын жаш кезинде аттаган. 1953-жылдан баштап Омор Султановдун чыгармалары, макалалары жарык көрө баштаган да, 1961-жылы биринчи ырлар жыйнагы "Тоо күндөрү" деген ат менен чыккан, 1965-жылы экинчи жыйнагы "Жылдыздуу түндөр" деген аталыш менен басылган. Бул эки китеби анча байкалбай калганы менен 1968-жылы чыккан "Отузунчу станция", 1970-жылы чыккан "Аэропанорама" деген эки жыйнагы аны таланттуу акын катары таанытты, кыргыз поэзиясына башкача бир акын келгенин тастыктады. Андрей Вознесенский, Булат Окуджава, Евгений Евтушенко, Роберт Рождественский, Белла Ахмадулина жаңычыл поэзиясы менен СССРди дүңгүрөтүп турса, аларга Кыргызстандан Рамис Рыскулов менен ушул Омор Султанов кошулган. "Акындар, кечиргиле, ырларыңар окшошот совхоздун ак койлоруна" деген курч саптары менен өзүнө дос-душман ашырат. Жаш акындардын жалпы союздук жана эл аралык фестивалдарына байма-бай чакырылып турат. Ырлары дароо эле орус тилине которулуп, андан англис, немец, испан, француз, монгол, поляк, украин, венгер, словак, чех ж.б. тилдерде "сүйлөп" кирди. Мунун өзү кыргыз поэзиясынын дүйнөлүк алкакка көтөрүлө ала тургандыгын көрсөттү. Ошол кездеги жалпы союздук деп аталган СССР адабиятынын поэзия салаасы тууралуу сөз кылганда кыргыздардан Омор Султановдун аты атала баштады. Отуз беш жашында мындай ийгиликке жетишүү акындын чоң бактысы, кыргыз поэзиясынын мактанычы болгон. Адатта, акындар жаш кезинде багындырып алган бийиктигин айланып, андан арыла албай тура берет. Омор Султанов андай болбоду. "Көз ирмем" (1975), "Аралдар арасында" (1976), "Дүйнө" (1979), "Чарчоонун жүзүнчү ыры" (1982), "Ашуу төр" (2003), "Жан берели сүйүүгө" (2003) деген китептеринде анын акындык жүзү ачык көрүнүп, ырларынын романтикалык пафосу, мекенчилдик сезимдери күчтүү чыгып, сүйүүнү ардактаган акындык позициясын улам бекемдеп отурган. Султановдун мыктылыгы – өзүнүн жеке тагдырын, кубаныч-кайгысын, бул же тигил көрүнүшкө жеке мамилесин тереңден ачып бергендигинде, б.а., табияты лирик акын экендигинде.
Город Узген. Кыргызстан - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.09.2021
Өзгөндөгү зынданда жатып дүйнөгө таанылган Имам Сарахси тууралуу 11 факты
Жазуучулар союзунун эң жаш катчысы болгон. 1959-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин бүтүрүп эле жаш жазуучулар эңсеп жүрүп жетпеген жумушка – "Ала-Тоо" журналына адабий кызматкер болуп отуруп калат да, не бир чоң акындардын кол жазмаларынын тагдырын чечүүгө туура келет. 1971-жылы Кыргызстан Жазуучулар союзунун башкармасынын 2-катчысы болуу менен Москвадагы СССР Жазуучулар союзунун текшерүү комиссиясынын мүчөсү да болот. Бул кызматтар өтө сыйлуу, кадырлуу кызматтар болгон. Ал орунда көпкө иштебейт. Кызматтан алышат. Бирок 1980-1986-жылдары кайрадан Кыргызстан Жазуучулар союзунун катчысы болуп, Кыргызстан коммунисттеринин XIII съездинде Борбордук Комитеттин мүчөлүгүнө шайланган. Үчүнчү жолу Кыргыз Жазуучулар союзу чачырап ыдырап жатканда, 2007-2009-жылы дагы бир жолу союздун төрагалык мансабын колго алат да, 2009-жылы жазуучу Айдарбек Сарманбетов менен бирге "Жаңы Ала-Тоо" деген адабий журналды, "Кыргыз адабияты" деген газетаны негиздешет, кийин ал демилгени басма жетекчиси Тилек Мураталиев колдоп берет.
Саякатчы-акын. Омор Султанов кыргыз жазуучуларынын ичинде чет өлкөлөргө эң көп чыккан акын катары да таанымал. Ал жаштар арасында популярдуу болуп, Байкал-Амур магистралы сыяктуу "кылым курулуштарына" барып жумушчуларга ыр окуган. 1978-жылы Норильск, 1979-жылы Южно-Сахалинск, 1977-жылы Киров шаарларында, 1989-жылы АКШнын Түндүк Каролина штатынын борбору Шарлоттада болуп, ошол шаарлардын "ардактуу атуулу" наамын алган. Барган жерлеринен "түшүмдүү" кайтып, "Улуу дайра" (1972), "Аралдар арасында" (1976), "Мухитке жол" (Сапар баяны, 1977) деген таанып билүүчүлүк мааниси жогору китептерин жазган. Россия менен байланышты чыңдоодогу кызматы үчүн ал өлкөдөн Ломоносов атындагы жана "Дружба" деген ордендери менен сыйланып, Орусиянын Коомдук тартипти сактоо жана коргонуу академиясынын академиги болгон. Ал эми казак боордоштору "Астана" аттуу Алтын медаль менен сыйлаган.
Лермонтов жана Султанов. Акын жаш чагынан Михаил Лермонтовдун поэзиясына куштарланып жүрүп, анын көптөгөн чыгармаларын кыргызчага которгон, "Демон" деген поэмасын "Азреил" деп которуп, бул котормо төрт жолу басылып чыккан. 2009-жылы Кайсын Кулиев, Расул Гамзатов, Давид Кугультинов, Мустай Карим сыяктуу акындардын жолу менен 12-лауреат болуп, Михаил Лермонтов сыйлыгын алган. Сыйлыкты акынга Москвадагы Измайлово концерттик залында чоң салтанат менен тапшырган.
СССРдин эл артисттери Сайра Кийизбаева менен Муса Баетов. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.10.2021
Манаптын баласы оозун жырып кое жаздаган. Муса Баетов тууралуу 13 факт
Акындын ыр түрмөктөрү. Кыргыз сүйүү лирикасынын бийик чокусу – "Сен жөнүндө поэма" аттуу ырлар түрмөгү. Бул ырлардын өзүнчө бири-бири менен байланышкан да, байланышпаган да учурлары бар. Анда сүйгөн адам менен сүйүлгөн адамдын ушунчалык терең да, ар тараптуу да образдары ачылган. Мындагы ырлар кыргыз махабат ырларынын көч башында турат, андагы тексттерге ондогон мыкты обондор жазылды, алардын ичинде Рыспай Абдыкадыровдун, Асанкалый Керимбаевдин керемет чыгармалары да бар. Философиялык-турмуштук, гуманисттик поэзиянын мыкты үлгүсү – "Чарчоонун жүзүнчү ыры" түрмөгү. Акындын 1982-жылы ушундай аталыштагы китеби жарык көргөн. Анда балалык күндөн бери башына түшкөн окуялар, турмуштук трагедиялар поэтикалык жалпылоого алынып, жүз ыр жаралган. Ар бир ырда терең маани, турмуштук реалдуу окуялар чагылдырылган. Бул ыр түрмөктөрү акындын чыгармачылыгындагы гана эмес, кыргыз поэзиясындагы эталон ырлар. Биринчи түрмөгүндө ыр уйкаштарынын чебер кыналышын көрсөк, экинчи түрмөгүнөн акындын ыр куруу эркиндигин көрөбүз, ой айтууда уйкаштын кулу болбой, ыргакка басым жасайт. "Чарчоонун жүзүнчү ырында" мындай саптар бар:
Акын болуу кандай кыйын?!
Оңой болуу –
Президент.
Акын угат чөптүн да ыйын
укпайт аны президент.
Акын болуу кандай оор!
Жеңил болуу –
Президент.
Акын жүгү –
Бүтүн бир доор.
Кара сөзчү жана кино сценарист. Улуттук кино өнөрүндө да анын салымы бар, "Кыргыз фильм" киностудиясында ал жазган адабий текстке негизделип "Ак куулар конгон айдың көл" аттуу көркөм жана "Төкмө", "Жазуучу" деген даректүү фильмдер тартылган. 1967-жылы өзүнүн балалык кезинде көргөн-билгендерине негизделип "Ак жол, көк асман" деген мыкты повестин жазган. Доор менен айкалышкан адам тагдырын трагедиялуу да, романтикалуу да, поэтикалуу да ачып берген бул чыгарма чынында анчалык баасын албай келе жатат. "Улуу дайра" жана "Мухитке жол" аттуу сапар китептери да проза формасында жазылган. Жашы бир топ өйдөлөп калганда кыргыз адабияты дымып, жазуучулар кризиске кабылган жаңы кылым башында ал мына эмесе деп туруп, немец жазуучусу Лео Герман менен бирдикте эл көп окуй турган детектив жанрына кайрылып, "Пираты поневоле", "Остров дракона", "Таинственный всадник", "Вести с того света" деген романдардын сериясын орус тилинде жазып салды. Мунусу менен ал кыргыз жазуучуларын дагы бир жолу таң калтырды.
Майрамкан Абылкасымова с мужем и дочерью - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.11.2021
Жазуучуларга жапырт ат коюп. Акын Майрамкан Абылкасымова жөнүндө 11 факт
Кыргыз маданиятына котормо өнөрү менен да салым кошту. Ал орус улутундагылар жок, жалаң кыргыздар жашаган Ысык-Көлдүн Тосор деген айылында жашаса да, орус тилин окуп үйрөнүп, Александр Пушкин, Михаил Лермонтов, Бертольт Брехт, Пабло Неруда, Габриела Мистраль, Владимир Маяковский, Назым Хикмет, Косын Кулиев, Расул Гамзатов, Иван Драч, Эдуард Межелайтис ж.б. акындардын чыгармаларын орусчадан кыргыз тилине которгон. Которуп эле калбай аларды өзүнүн акындын өнөрүндө мыкты пайдаланган.
Коомдук ишмердиги. Омор Султанов Кыргызстан жазуучулар союзун жетектеп турган, 1986-жылы Эл аралык "Ысык-Көлдү коргоо фондун" түзүп, анын ардактуу төрагасы Чыңгыз Айтматов менен бирге бир топ иштерди аткарган, Кыргызстандын чет өлкөлөр менен байланыш коомунун вице-президенти, Кыргызстан-Тажик достук коомунун президенти болуп да шайланган.
Түрк дүйнөсүнүн кадырлуу инсаны. 2015-жылы декабрда Түркиянын борбору Анкара шаарында Кыргызстандын Түркиядагы элчилиги, ТҮРКСОЙ уюму, Евразия жазуучулар союзу Омор Султановдун 80 жылдыгына арналган иш-чараларды өткөрдү. Ага "Түрк дүйнөсүндөгү адабият айдыңындагы жыл адамы – 2015" сыйлыгы тапшырылды. 2016-жылы Түрк дүйнөсүндө "Омор Султанов жылы" деп аталды.
Жакшы көргөндөрү. Акын жаш чагында ыр окуганды жакшы көрчү. Жазган ырларын бүт жатка билчү жана эстрада ырчыларындай микрофондо туруп алып, колун сермеп ыр окучу, анын окуган ырларына студенттер кол чаап турчу. Ысык-Көлдүн жээгинде толкундарды карап турганды, жаздагы сирень гүлдөгөн учурду жакшы көрөт.
Үй-бүлөсү. Эки кызы бар, бир кызы Кыргыз-орус славян университетин бүтүргөн, ал да чыгармаларды англис тилинде жазып жүрөт.
Жаңылыктар түрмөгү
0