"Бир сулуунун жанында жүз аламан шайтан бар". Рамис Рыскулов жөнүндө 12 факт

© Фото / пресс-служба Бишкекского горкенеша (БГК)Кыргыз Республикасынын эл акыны Рамис Рыскулов. Архив
Кыргыз Республикасынын эл акыны Рамис Рыскулов. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.01.2022
Жазылуу
Кыргыз адабиятында өзүнүн өзгөчөлүгү бар Рамис Рыскулов салтта жок уйкашсыз, эркин ырлары, оозуна келе калганда сүйлөп койгон таамай кептери, абстракттуу сүрөттөрү менен айырмаланчу. Аны улуу-кичүү "Ыр Аке" деп эркелетип коёр эле...
Бул киши улуттук поэзияны эл аралык деңгээлде да таратты. Биз бүгүн Кыргыз эл акыны, Алыкул Осмонов атындагы сыйлыктын лауреаты, акын, котормочу, сүрөтчү Рамис Рыскулов тууралуу 12 фактыны сунуш кылабыз.
Сары-Өзөндө туулган. Ал 1934-жылы 9-сентябрда РСФСРдин Кыргыз АССРинин азыркы Чүй облусунун Москва районундагы Кызыл-Тоо айылында кызматчынын үй-бүлөсүндө туулган. Псевдоними – Аймаран.
Өз кезегинде эң жогорку окуу жайларын бүтүргөн. 1951-жылы Фрунзе шаарындагы педагогикалык окуу жайын аяктап, 1953-жылы Бүткүл союздук лениндик коммунисттик жаштар союзунун (ВЛКСМ) Борбордук комитетинин жогорку комсомол мектебине жолдомо алып, ал мектепти эки жылдан соң, 1954-жылы аяктаган да, Москвадагы Максим Горький атындагы Бүткүл дүйнөлүк адабият институтуна кирген. Бул жерде советтик адабияттын атактуу өкүлдөрү болгон Илья Сельвинский, Ярослав Смеляков, Лев Ошанин сыяктуу акындардан сабак алып, таанылып калган акындар менен чогуу окуган. Ырлары Москванын атактуу басылмаларында чыгып турган. Мындай диплом ар бир кыргызга бериле берчү ырыскы эмес эле. 1959-жылы окууну бүтүп келген соң аны дароо эле Кыргыз ССРинин жазуучулар союзу адегенде "Кыргызстан пионери", андан кийин "Ленинчил жаш" гезиттеринен, "Ала-Тоо" журналынан чыгармачылыкка жакын жумуш берген.
Кыргыз жазуучуларынын ичинен жумушсуз эң көп жыл жүргөн. Ал өткөн кылымдын 60-жылдарынан тартып алтымыш жылдай эч жерде иштеген жок. Буга анын эркин жүргөнү, анча-мынча ооруп турганы себеп болгон.
Биринчи китеби менен эле Жазуучулар союзуна мүчө болгон. Ал кезде Жазуучулар союзуна дароо эле кабыл алчу эмес, бир нече китептери чыгып, бир нече атактуу жазуучулардан жолдомо алыш керек эле. Рамис Рыскулов он төрт жашында эле "Айтабыз алкыш атага" деген ыр жазып, анысы "Кыргызстан пионери" гезитине басылган. Андан кийин Фрунзенин, Москванын гезит-журналдарына чыгармаларын жарыялап жүрүп, 1959-жылы 82 беттен турган "Жаз" деген аталыштагы ырлардан жана поэмадан турган китебин чыгарат. Ошол мезгилде аны өтө таланттуу акын катары СССР Жазуучулар союзуна мүчөлүккө кабыл алышкан.
Айтылуу драматург жана жазуучу Мар Байжиев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.10.2021
Уулунун артынан жубайы көз жумган. Маданияттын алпы Мар Байжиев тууралуу 9 факт
Жалпы союздук хордон анын үнү угулуп турган. Өткөн кылымдын 60-жылдарында орус адабиятында Евгений Евтушенко, Роберт Рождественский, Белла Ахмадулина, Юлия Кузнецова, Андрей Вознесенский ж.б. "эстрадачы" акындар концерттик залдарга, аянттарга, көчөлөргө чыгып алып, башкача бир ырларын окуп дүңгүрөп турган. Аларга казак болсо да орусча жазган Олжас Сулеймановду кошууга болот. Мына ушулардын тизмесинде биринчи кезекте ураан-чакырык менен ыр окуган, хандан-бектен кайра тартпаган мушкетёр Рамис Рыскулов жүрдү, анан Омор Султанов, Майрамкан Абылкасымова кошулду.
Ыр жыйнактары орусча да, кыргызча да бирдей чыккан. Көркөм адабияттын, анын ичинде поэзиянын ооматы жүрүп турган өткөн кылымдын 60-жылдары "Ыр чыны" (1966), "Күн майрам" (1967), 70-жылдары "Даңкан" (1970), "Шаттуу ырлар" (1973), "Дилбар" (1975), "Күлкү чачам" (1977), 80-жылдары "Жаштык шаары" (1981), "Ырлар" (1984), "Ыр нөшөрү" (1988) деген поэтикалык жыйнактарын чыгарып, кыргыз поэзиясындагы активдүү акындардын катарында жүрдү. Балдар үчүн да "Эки жөжө" (1981), "Ай бөбөк" (1988) деген китептерин жазып берди. Анын ырларын кыргызстандык акын жана адабиятчы Вячеслав Шаповалов, Анатолий Бережной, москвалык Владимир Цыбин, Станислав Золотцев орус тилине которду, кээде өзү да орусча жазып жүрдү. "Звездный возраст" (1961), "Избранная лирика" (1965), "Поклон земле" (1968), "Радость" (1980), "Товарищ стих" (1987), "Солнечный азарт" (1990), "Стих и я" (2007) деген жыйнактарынын жарык көрүшү, булардын айрымдарынын Москванын "Советский писатель" басмасынан басылышы эле анын совет поэзиясындагы ордун көрсөтүп турат.
Кыргыз коомун селт эттирген Рамистин "Кыздары" жана "Космостук манифести". 1962-жылы али жакшы тааныла элек адабият талапкеринин "Ала-Тоо" журналына бир чакан ыры жарыяланат. Ыр "Кыздар" деп аталган. Тексти мындай:
Троллейбус зымга аркандап
Алган күлүк тагдырын
Кетти жашыл шаарды аралап
Беттеп тоонун адырын...
Жаркыраган кыздар тобу алыстап,
Калган кезде мен токтодум эрксиз.
Жаңырыктап жатты алардын үндөрү
аба жарып
Мен тыңшадым узакка тыным алып
Жаңырыктар эрип кеткен талаага.
Кыргыз поэзиясында мурда анчалык көрүнбөгөн, мындай жазылбаган ыр формасы дароо эле талкууга түштү, Түгөлбай Сыдыкбеков, Темиркул Үмөталиев сыяктуу адабияттын лөктөрү, Кымбатбек Укаев, Камбаралы Бобулов сыяктуу сынчылар "Ленинчил жаш" гезити аркылуу пикирлерин айтты. Көбү "Кыздардын" бейуйкаш формасын жактырбай, салттуу кыргыз ырынын бузулушу десе, кээ бирлер акын уйкаштыкка байланбай эң сонун ой, психологиялык жана элестүү образ түзгөн деп чыкты. Талашка жем таштап салган Рамис Рыскуловдун гана эмес, кыргыз поэзиясынын, ал гана эмес жалпы совет поэзиясынын жаңылануусу анын "Космостук манифест" поэмасында жашырынып жаткан экен, көп өтпөй ал чыгарма жарыяланды. Поэмада адамзат космоско көтөрүлгөндөн кийинки советтик адамдын духу, кубанычы абдан романтикалык мүнөздө, эргүү менен чагылдырылган. Анда "Менин колум күнгө чейин сунулган, мен таш жаргычмын кең далылуу" дегендей шатыра-шатмандык, амбициялуу лирикалык каармандын поэтикалык образы бар. Мында да уйкаштыктар сакталбайт, саптар, ритмдер, куплеттер эркин. "Космостук манифест" адегенде орус тилине, ал тил аркылуу башка дүйнө тилдерине которулган мезгилдин бир даңктуу чыгармасы болгон.
Майрамкан Абылкасымова с мужем и дочерью - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.11.2021
Жазуучуларга жапырт ат коюп. Акын Майрамкан Абылкасымова жөнүндө 11 факт
Котормочу жана эссечи. Ал кыргыз тилине Александр Пушкин, Николай Некрасов, Сергей Михалков, Сергей Есенин, Владимир Маяковский, Андрей Вознесенский сыяктуу орус, Хамид Алимджан сыяктуу өзбек акындарынын чыгармаларын которгон. Өмүрүнүн күзү жакындап калганда "Туу сөздөр", "Мидин", "Майрам" деген сыяктуу жакшынакай, жалындуу жазылган эсселери жарык көрүп, окурмандарын дагы бир сүйүнттү.
Рамис Рыскуловдон таамай сөздөр. "Аялым экөөбүз эки жуп байпактайбыз", "Ажаан аялды овчаркага талатса…", "Саясат дегениң асмандагы булуттай тез-тез удургуп, өзгөрүп турат", "Бир сулуунун жанында жүз аламан шайтан бар", "Көчөдө баратсам, калпагым кыз-келин жакка кайкая берет", "Вокруг Кремля вращается Земля", "Атылбай калган текедей, аксакал жүрөт айылда...", "Сталин: "Орус тили дүйнөлүк тил болот", - деди, Олжас: "Казак тили дүйнөлүк тил болот", - деди, мен өз тилим жөнүндө ойлодум, көрсө кыргыз тили – Кудайдын тили экен, Кыргыз тилин чанган кишинин укум-тукуму каргышка калат", "Кыргыздын тили качан оңолот деп менден сурабагыла, законуңардан, канцелярский отчётуңардан пайда жок, мен аман турганда, эмнеге кейийсиңер…", "Мактай турган киши жок Айтматовду мактай беришет", "Мен адамды ыстакан кагыштырганынан эле билем…", "Түшүмдө Атамбаев акча берди, аа балам, ишиң болбой калган тура! - дедим", "Таштардын үшүгөнүн байкап, аяп кетем", "Аты чыгып жүргөндөрдүн көбү жетимдер".
Сүрөтчү. Рамис Рыскулов элибизге сүрөтчү катары да таанымал. Ал окуп жаткан китебинин, гезит-журналынын актай жерлерине сүрөт тарта коюп жүрүп, аларын ар кимге сатып жүрдү. Абстракттуу сүрөттөрүн өзү чечмелеп бербесе түшүнүш кыйын. 1987-жылы анын "Иисустун өнүгүүсү" жана "Жылмаюу" деген эки сүрөтү адегенде Москвада көрсөтүлүп, кийин Париждеги СССР элдеринин элдик өнөрпоздорунун II фестивалына алып кеткен да, ал жактан фестивалдын лауреаты катары диплом менен сыйланган. Ошондой эле ал музыка да жазып, өз обону менен ырдап калчу. Мени изилдеген адам Фридрих Ницшени, Владимир Маяковскийди, Пабло Пикассону, Эжен Гогенди, Ирвинг Стоунду, Ван Гогду мендей сүйгөн болушу керек деген жери бар.
Үй-бүлөсү жөнүндө. Жалпыга маалымдоо каражаттарынын бирине берген бир маегинде мындай дегени бар: "Башта Херсондо төрөлгөн байдын кызы Сакенге үйлөндүм. Анда мен он сегизде, ал он алтыда эле. Тогуз ай жашап Москвага окууга кетсем каза болуп калды. Кийинки аялымдан болсо Нурлан деген балам бар, ал ишкер, Волга боюнда турат деп угам. Үчүнчү аялым уйгур кызы болгон, андан Алмаз деген балам бар. Андан кийин көп кыздар менен кездештим. Алар да менден балалуу болгон дешет, бирок көбү айтпай койду. Себеби мен көп жыл жинди болуп жүрбөдүмбү... Сайра (кийинки байбичеси – М.А.) менден он жети жаш кичүү. Мен пайгамбар болсом, бул – машаяк. Ары-бери барып, кечемди өткөрүп үйүмдү алып берген да ушу. Мен эч бир чоңго жардам сурап барбайм, өздөрү бербесе. Ал эми арак, шахмат досторумдан өөнөп-төөнөп акча алам. Сүрөттөрүмдү сатам".
Жүрүш-турушу, мүнөзү. Рамис Рыскулов өткөн кылымдын 50-60-жылдарында "чөп үймөктөй" коюу, тармал чачын сеңселтип, колун жаңсап ырларын окуйт эле. Аны адамдар "бир бутуна ак байпак, бир бутуна кара байпак" кийип жүрө берет дечү. Жазында акыл-эс жагынан бир аз ордунда болбой, дарыгерлердин кароосунда да турчу. Анын басышы эч кимдикине окшочу эмес, улам-улам алдыга талпынып, жүткүнүп басчу. Эмоциясын көп учурда башкара албай калчу, ар кандай жыйындарда ылгабай эл алдына чыгып, ырларын окуй берчү. Өзүн Жердин адамындай эмес, космостун адамындай сезчү. Бир ырында "Өтүп барат жаштык поезди, бир күнү мен калам секирип" деп жазгандай, өмүр-поездинен 2021-жылдын 26-январында "секирип түшүп калды..."
Теодор Герцендин Манастын төрөлүшү аттуу иллюстрациясы - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.01.2022
Манастын төрөлүшү: окурманды жипсиз байлаган жети факт
Жаңылыктар түрмөгү
0