MegaCom компаниясынын экс-жетекчиси Акылбек Жамангулов кармалды

© Фото / Атабек Жамангулов"Альфа Телеком" ЖАКнын (MegaCom соода маркасы) мурунку жетекчиси, экс-депутат Акылбек Жамангулов. Архивдик сүрөт
Альфа Телеком ЖАКнын (MegaCom соода маркасы) мурунку жетекчиси, экс-депутат Акылбек Жамангулов. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.03.2022
Жазылуу
Жамангулов аталган компанияны 2018-жылдан 2021-жылга чейин жетектеген.
БИШКЕК, 12-мар. — Sputnik. Башкы прокуратура "Альфа Телеком" ЖАКнын (MegaCom соода маркасы) мурунку жетекчиси, экс-депутат Акылбек Жамангулов кармалганын кабарлады.
Азырынча иштин чоо-жайы айтыла элек. ЖМКлар анын алдамчылыкка шектелип жатканын жазышууда.
Жамангулов аталган компанияны 2018-жылдан 2021-жылга чейин жетектеп келген. Былтыркы жылдын март айында жумуштан кеткен. Ага чейин Жогорку Кеңештин депутаты болчу.
Колуна кишен тагылган киши. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.03.2022
Ташиевдин өкүл баласы ишкерден опузалап акча талап кылды деп кармалды. Видео
Жаңылыктар түрмөгү
0