Спецоперация России по защите Донбасса - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

Немец депутаты: Украинага НАТО менен ЕБге мүчөлүк убадалоо чоң ката болгон

© AFP / JOHN MACDOUGALL"АдГ" парламенттик тобунун лидери Алиса Вайдель
АдГ парламенттик тобунун лидери Алиса Вайдель - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.03.2022
Жазылуу
Бундестагда Европа менен Батыштын санкциялык саясаты Россияга караганда Европага көбүрөөк кедергисин тийгизет дешти.
БИШКЕК, 1-мар. — Sputnik. Батыш Украинага Евробиримдик менен НАТОго мүчөлүк убадалап ката кетирген, бул кырдаалды курчутуп гана жиберди. Мындай билдирүүнү немец бундестагынын депутаты, "АдГ" парламенттик тобунун лидери Алиса Вайдель жасады. Эл өкүлүнүн видеосу соцтармакта жайылууда.
"Украинаны аткарылбай турган убада менен, башкача айтканда, Евробиримдик менен НАТОго мүчө кылып кошуу тууралуу айтып алдоо абдан чоң ката болгон. Муну менен биз өлкөнү конфронтацияга түрттүк. Украина өнүгүшү үчүн бирөөгө аванпост болбошу керек, анткени НАТОго кириши Россия үчүн "кызыл чийин" болуп саналат. Бул тууралуу россиялык бийлик 20 жылдан бери айтууда", — деди депутат.
Саясатчы өз сөзүндө 2014-жылдан кийин деле Украинанын нейтралдык макамын тастыктоо үчүн мүмкүнчүлүгү арбын болгонун белгиледи. Мунун ордуна Батыш Киевдин жардамы менен сүйлөшүүдөн жана жаңы геосаясий реалдуулукту кабыл алуудан баш тартып, Россияга чагымчылык жасап келди.
"Андан бери Украинага коопсуз нейтралдуулук берүүгө канчалаган мүмкүнчүлүктөр бар эле. Бул бардык тараптар үчүн мыкты чечим болмок. Украина чырдын башы эмес, Чыгыш менен Батыштын ортосунда көпүрө болуп бермек. Мунун ордуна кансыз согуштун логикасы менен жашагандар Украинага ЕБ жана НАТОго кошулушу боюнча убада берүүнү улантып, Россия улуу держава эмес дей беришти. Бул Батыштын тарыхый катасы", — деди саясатчы айым.
Донецктин Киев районундагы талкаланган үй. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.03.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Европа шакаба чеккен геноцид. Сотко чейинки узак жол
Вайдель бүгүнкү күндө Германиянын Россияга карата коркутуулары жана Украинага жардам берүү убадасы маанисиз сөз катары кабылданып жатканына токтолду. Анткени өлкө жок дегенде РФке каршы турууга аракет кылып көрүү үчүн жетиштүү көлөмдө аскер арсеналына ээ эмес. Акыркы күндөрү киргизилип жаткан санкциялар биринчи кезекте Европанын өзүнө оор сокку болот.
"Германия куру сөз менен коркута бериши мүмкүн, чынында колунда эч нерсе жок. Бул санкциялардан Россияга караганда Германия көбүрөөк жабыр тартат. Мындан тышкары, чектөөлөр Украинадагы согушту токтото албайт. Алар биз бир нерсе жасап жаткандай түр көрсөтүшүбүз үчүн керек. Ал эми коопсуздугубуз тууралуу айтсак, Германия эч корголгон эмес. Кечээ жакында эле немец армиясынын ревизору буга чейин болуп көрбөгөндөй чындыкты айтып, армия "жылаңач" экенин билдирди. Аскерий жактан да, экономикалык жактан да өзүбүздү сындырып жатканда биздин сөзүбүздү ким укмак эле", — деди Вайдель.
Депутат Германия менен жалпы Евробиримдикке кандай болгон күндө да континентте Россия менен бирге жашоого туура келерин эскертип, демек, коопсуздуктун европалык архитектурасын биргеликте түзүүгө аракет кылуу керектигин белгиледи.
Багынып берген Украинанын аскер кызматкерлери - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Украинанын Аскер-деңиз күчтөрү Зеленскийдин калпын чыгарды. Видео
Жаңылыктар түрмөгү
0