00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:00
4 мин
Жаңылыктар
15:01
4 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Об экономике и не только с Кубатом Рахимовым
20:05
55 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Антикоррупция как навык: в Кыргызстане начали готовить новое поколение чиновников
08:04
51 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Өлкө аймагында табигый кооптуу деп эсептелген 11388 тилке бар. Табият кырсыктарын алдын алуу тууралуу маек
09:05
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Личный интерес
Акция «Сады памяти» в Бишкеке превращает деревья в живые символы истории
10:04
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Улуттук баалуулуктарды сактоонун жолу. Бишкекте Салттуу музыка жумалыгы өтүүдө
11:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Кыргызстанда экологиялык мониторинг жаңы деңгээлге чыкты — Жаратылыш министрлигинин лабораториялары жаңы стандарттар менен иштейт
13:04
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Салык декларациясы: ким милдеттүү, ким ыктыярдуу жана эмне өзгөрдү?
15:04
39 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Экономикалык панорама
Санариптик активдердин жанданышы менен Кыргызстанда брокерлике талап күчөйбү?
17:04
39 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Кеменгер
«Максатыбыз эненин ыйык экенин көрсөтүү эле». «Куса» моно спектакли тууралуу маек
19:06
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Салык декларациясы: ким милдеттүү, ким ыктыярдуу жана эмне өзгөрдү?
21:04
39 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

РФ учактарына чектөө: кыргызстандыктар алыскы чет өлкөлөргө кантип чыга алат

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкектин "Манас" аэропортундагы адамдар. Архив
Бишкектин Манас аэропортундагы адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Жазылуу
Европа биримдиги Россия учактары үчүн аба мейкиндигин жаап, алардын учуп-конуусуна жана аймагынан учуп өтүүсүнө бөгөт койду.
Украинадагы кырдаалга байланыштуу Батыш өлкөлөрү Россияга карата бир топ чектөөлөрдү киргизди. Анын арасында Евробиримдиктин авиация тармагындагы санкциясы бар.
Албетте, бул нерсе жергиликтүү жарандарга гана эмес, Россия учактарынын кызматын пайдаланган чет элдиктерге дагы таасирин тийгизбей койбойт. Алардын арасында кыргызстандыктар да бар. Бишкек, Ош жана Ысык-Көлдөгү аэропорттордон Россиянын ар кайсы шаарларына учак каттап, жарандар алар аркылуу алыскы чет өлкөлөргө кете алчу.
Мындан ары мекендештер ошол эле Европа жана башка алыскы өлкөлөргө кантип жете алат? Негизи эле россиялык авиакомпанияларга ЕБ тараптан коюлган чектөөлөр Кыргызстанга канчалык таасир этүүдө? Бул суроолорго Sputnik редакциясы жооп издеп көрдү.
"Манас" эл аралык аэропортунун маалымат кызматы кыргызстандыктарга алыскы чет өлкөлөргө чыгуунун негизги эки жолу бар экенин айтат.
"Биздикилер көбүнесе алыска Москва жана Стамбул шаарлары аркылуу чыгышат. Азыркы чектөөлөргө байланыштуу Стамбул аркылуу учуп калышат деп ойлойбуз", — дешти аба майдандан.
Ал эми Bookit.kg авиабилеттерди издөө сервисинин генералдык директору Евгений Быстров учурда кыргызстандыктар Европа өлкөлөрүнө ошол эле Түркия жана Бириккен Араб Эмирлиги аркылуу учса болорун айтат.
"Стамбул жана Дубай шаарлары транзиттик аймак болуп бере алат. Негизинен Казакстан аркылуу чыгып кетсе деле болот. Бирок бир аз тоскоолдуктар болуп жатат. Мисалы, жер менен барам дегендерге Казакстандын чек арасы жабык", — деди Быстров.
SWIFT системасынын логотиби. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
SWIFT: Кыргызстандын банктары кыйчалыш абалга кептелбейби? УБнын жообу
Ошондой эле ал Россиянын өзүнө болгон каттоолорго токтолду.
"Кыргызстандан Россияга учактар мурдагыдай эле каттап жатат. Болгону Россиянын батышындагы айрым аэропорттордун жабылышынан улам Ростов, Краснодар сыяктуу шаарларга жетүү кыйынчылык жаратууда", — деди жетекчи.
Мындан тышкары, ал валюталардын курсу туруктуу болбой жаткандыктан билет баасы көтөрүлүп, олку-солку болуп жатканын кошумчалады. Мисалы, баалар доллар курсуна жараша 10-15 пайызга жогорулаган.

Евробиримдикке кирген өлкөлөр

Учурда Европа биримдигине 27 мамлекет кирет. Алар: Австрия, Бельгия, Болгария, Венгрия, Германия, Греция, Дания, Ирландия, Испания, Италия, Кипр, Латвия, Литва, Люксембург, Мальта, Нидерланд, Польша, Португалия, Румыния, Словакия, Словения, Финляндия, Франция, Хорватия, Чехия, Швеция жана Эстония.

Кыргызстандан кайсы өлкөлөргө учак каттайт

"Манас" эл аралык аэропортунун сайтындагы маалыматка караганда, Кыргызстандан Казакстан, Россия, Индия, Бириккен Араб Эмирлиги, Тажикстан, Түркия, Өзбекстан жана Кытайдын бир катар шаарларына каттамдар бар.
Жакында эле аравиялык Air Arabia авиакомпаниясы Шарджа — Ош — Шарджа каттамын ачты. Учактар аптасына төрт ирет учмакчы.
Аэрофлоттун самолеттору аэропортто. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Евробиримдик асманын Россиянын самолёттору үчүн толук жапты
Сом жана долларлар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Кыргызстанда доллардын курсу кантип аныкталат? Түйшөлткөн 7 суроого жооп
Жаңылыктар түрмөгү
0