Спецоперация России по защите Донбасса - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

Австралия премьери Украинага куралды НАТО аркылуу беришерин билдирди

© AFP / STEVEN SAPHOREАвстралия өкмөт башчысы Скотт Моррисон
Австралия өкмөт башчысы Скотт Моррисон  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.02.2022
Жазылуу
Басылма Австралия да Киевге курал-жарак берүүнү каржыламай болгондугун кабарлаган.
БИШКЕК, 27-фев. — Sputnik. Украинага колдоо көрсөтүп жаткан Австралия куралды НАТОдогу өнөктөштөрү аркылуу берет. Бул тууралуу өлкөнүн өкмөт башчысы Скотт Моррисон билдиргенин РИА Новости жазды.
"Биз жардам берип баштаганбыз, бирок жаңы эле коргоо министри менен сүйлөштүм. Эми НАТО боюнча өнөктөш мамлекеттер, тагыраагы, АКШ, Бириккен королдук аркылуу учуучу каражат түрүндө мүмкүн болгон жардамды көрсөтөбүз. Бул каналдар аркылуу иштейбиз", — деген Моррисон өкмөт мүчөлөрү менен кеңешкенден кийин. Премьердин бул айткандарын Sydney Morning Herald газетасы жазган.
Өкмөт башчынын айтканына караганда, НАТО өлкөлөрү Украинага көмөгүн көрсөтүп баштады. Австралия да жардамдан баш тартпайт.
"Ошентип, Австралия да Киевге курал берүүнү каржыламай болду", — деп жазган басылма.
Россия президенти Владимир Путин 21-февралда Луганск жана Донецк элдик республикаларын таануу боюнча жарлыкка кол койгон. Алар 2014-жылы өздөрүн Киевден көз карандысызбыз деп жарыялаган.
24-февралдын таңынан тарта Россия Украинаны куралсыздандыруу боюнча операцияны баштады. Бул туурасында Путин элине кайрылып, Донбасста аскердик атайын операция өткөрүү чечимин кабыл алгандыгын жарыя кылган. Ага аталган республикалардын жетекчилеринин Россия лидеринен жардам сураганы себеп болгон. Путин россиялыктарга жана украин аскерлерине кайрылып, Украинанын бийлигинин кылмыштуу буйруктарынан баш тартууга чакырган. Эгер кан төгүлүп кетсе жоопкерчилиги Украинаны башкарган режимде болорун белгилеген.
Кийинчерээк Россиянын Коргоо министрлиги Россиянын Куралдуу күчтөрү Украинанын шаарларына сокку урбастыгын, мелженген жерлер – аскердик инфраструктура экендигин, өтө так каражаттар менен алар иштен чыгарылып жаткандыгын айткан. Бул аскер ведомствосу жай жарандарга кооптуулук жаралбайт деп билдирген.
Түндүк Крым каналы - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
РФ аскерлери Крымга кетчү сууну тосуп турган дамбаны жок кылышты. Видео
Жаңылыктар түрмөгү
0