Боевая работа САУ Малка артиллерийских подразделений ЦВО на Авдеевском направлении - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

Путин: кан төгүлүп кетсе жоопкерчилик Киев режиминин абийиринде болот

© AFP / SERGEI SUPINSKYКиевдеги парламенттин имараты. Архив
Киевдеги парламенттин имараты. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.02.2022
Жазылуу
Путин россиялыктарга жана украин аскерлерине кайрылып жатып Украинанын бийлигинин кылмыштуу буйруктарынан баш тартууга чакырды.
БИШКЕК, 24-фев. — Sputnik. Россия президенти Владимир Путин эгер кан төгүлүп кетсе жоопкерчилиги Украинаны башкарган режимде болорун билдирди. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
"Дагы бир жолу баса белгилей кетейин, эгер кан төгүлүп кетсе, бардык жоопкерчилик толугу менен Украинанын аймагында бийлик жүргүзүп жаткан режимдин абийиринде болот", — деген Путин.
Путин россиялыктарга жана украин аскерлерине кайрылып жатып, Украинанын бийлигинин кылмыштуу буйруктарынан баш тартып, курал-жаракты таштап үйгө кайтууга чакырган.
Бүгүн эртең менен Владимир Путин Донбасста аскердик атайын операция өткөрүү чечимин кабыл алгандыгын жарыя кылган. Ал Донбасс жардам сурап Россияга кайрылганын, азыркы кырдаал "бизден тез жана токтоосуз чечим кабыл алууну талап кылып жатканын" айткан. Мындан улам БУУнун 51-беренесинин 7-бөлүгүнө таянып жана Федералдык кеңештин ДЭР, ЛЭР менен достук, өз ара жардамдашуу боюнча келишимдеринин ратификациясын аткаруу максатында атайын аскердик операция жүргүзүү чечимин кабыл алган.
Украинанын аскер кызматкерлери машыгууда - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Хунтага эмес, элге ант бергенсиңер! Путин Украина аскерлерине кайрылды
Жаңылыктар түрмөгү
0