Мамытов Россиядан мигранттарга жеңилдик сурады. Мамдума төрагасынын жообу

© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаЖогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов Россиянын Мамлекеттик думасынын төрагасы Вячеслав Володин менен жолугушуу учурунда
Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов Россиянын Мамлекеттик думасынын төрагасы Вячеслав Володин менен жолугушуу учурунда - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.02.2022
Жазылуу
Спикер Кыргызстанга Россиянын миграциялык борборунун филиалын ачууну сунуштаган.
БИШКЕК, 21-фев. — Sputnik. Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов баштаган парламенттик делегация Россиянын Мамлекеттик думасынын төрагасы Вячеслав Володин менен жолукту. Бул туурасында парламенттин маалымат кызматы билдирди.
© Фото / пресс-служба Жогорку Кенеша

Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов баштаган парламенттик делегация Россиянын Мамлекеттик думасынын төрагасы Вячеслав Володин менен жолукту

Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов баштаган парламенттик делегация Россиянын Мамлекеттик думасынын төрагасы Вячеслав Володин менен жолукту - Sputnik Кыргызстан
1/2

Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов баштаган парламенттик делегация Россиянын Мамлекеттик думасынын төрагасы Вячеслав Володин менен жолукту

© Фото / пресс-служба Жогорку Кенеша

Жолугушууда ЕАЭБге катышуу жана евразиялык интеграцияны өнүктүрүү, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты кеңейтүү маселелери талкууланган.

Жолугушууда ЕАЭБге катышуу жана евразиялык интеграцияны өнүктүрүү, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты кеңейтүү маселелери талкууланган. - Sputnik Кыргызстан
2/2

Жолугушууда ЕАЭБге катышуу жана евразиялык интеграцияны өнүктүрүү, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты кеңейтүү маселелери талкууланган.

1/2

Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов баштаган парламенттик делегация Россиянын Мамлекеттик думасынын төрагасы Вячеслав Володин менен жолукту

2/2

Жолугушууда ЕАЭБге катышуу жана евразиялык интеграцияны өнүктүрүү, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты кеңейтүү маселелери талкууланган.

Жолугушууда ЕАЭБге катышуу жана евразиялык интеграцияны өнүктүрүү, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты кеңейтүү маселелери талкууланган.
Мамытов Россияда 29-декабрда күчүнө кирген чет элдиктерди медициналык текшерүүдөн өткөрүү мыйзамын колдонууда кыргыз мигранттарынын укуктарынын сакталышы тууралуу көйгөйдү ортого салган. Анда Россия тарап жаңы мыйзамды адаптациялоо мезгилинде Кыргызстан ЕАЭБге мүчө экенин эске алуу менен мекендештерге тиешелүү эрежени кайра карап чыгууну суранган.
"Ошондой эле төрага кыргыз тараптын колдоосу менен Россиянын миграциялык борборунун филиалын Кыргызстанда ачуу маселесин карап көрүүнү өтүндү. Ал мекеме кыргыз жарандарын жумушка орноштурууга, Россияга келгенге чейин эле алдын ала тийиштүү процедуралардан өтүүгө жардам берүү менен алектенмек", — деген сунушун айткан спикер.
Володин аталган сунуштарды колдоого ала турганын билдирип, бул маселе иштелип чыгып Россия өкмөтүнө жөнөтүлө турганын белгилеген.
Сүйлөшүүнүн жыйынтыгында тараптар парламенттер аралык байланышты дагы да илгерилетүү зарылчылыгына токтолушкан. Мунун арты менен эки өлкөнүн калкынын кызыкчылыктарына төп келген мыйзамдар кабыл алынып, бардык багыттар боюнча кызматташтыктар тереңдей турганын айтышкан.
Белгилей кетсек, парламенттик делегациянын Москвага болгон сапары эки күнгө созулат. Төрага менен кошо бир катар депутаттар дагы барган.
Кезекке турган мигранттар - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.02.2022
Узун кезекке турган мигранттар. Кыргызстан Россияга нота жөнөттү
Жаңылыктар түрмөгү
0