Кызыл чеке кылган оң рулдуу унаалар: бийлик менен элдин пикири эки башка

© Sputnik / Илья Наймушин / Медиабанкка өтүүУнаа базарындагы автоунаалар. Архив
Унаа базарындагы автоунаалар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.02.2022
Жазылуу
Бийлик оң рулдуу автоунааларды алып кирүү боюнча чектөөнү жокко чыгарбай турганын айтып, өз позициясын чечмеледи. Активисттер менен депутаттар башкача пикирде.
Бир катар жарандардын өтүнүчү менен оң рулдуу автоунааларды ташып кирүүгө коюлган чекти алып салуу боюнча депутаттар тобу мыйзам долбоорун даярдоодо. Алгач бул демилгени 9-февраль күнү Жогорку Кеңештин депутаты Чолпон Султанбекова көтөрүп чыккан. Ал азыркы көлүктөрдүн техникалык абалы начар, эски, ошол эле учурда кымбат болуп жатканын жүйө келтирген. Ошондой эле экологияга зыянын тийгизип жатканын айткан.
Sputnik Кыргызстан коом үчүн маанилүү болуп турган маселе боюнча тиешелүү органдардын жана адистердин пикирин сурады.
Кыргызстанда оң рулдуу автоунааларды каттоого 2015-жылы тыюу салынган. Анда бийлик мындай автоунаалардан жол жакшы көрүнбөндүктөн кырсыктардын, андан өлгөндөрдүн саны көп болуп жатканын айткан. Бүгүнкү күндө өлкөдө 200 миңден ашык автоунаа оң рулдуу.
Депутаттардын демилгесине министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров каршы болууда.
© Пресс-служба правительства / Алишер АлиевМинистрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров
Председатель Кабинета Министров Кыргызстана Акылбек Жапаров - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.02.2022
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров
"Кыргызстандагы 1 миллион 150 миң автоунаанын ичинен заводдон чыкканына беш жыл болгон машиналардын саны болгону 5 800 экен. Өлкөдө жаңы унаа жок дегенди түшүндүрөт да. 15 жыл жана андан мурун чыгарылган унаалар 1,1 миллион экен. Биз жалаң эски техниканы гана чогултуптурбуз. Эгер оң рулдууларга уруксат бере турган болсок, Казакстан, Россия, Беларустагы эски унаалардын баары бизге толуп калат", — деди Жапаров.

Активисттер эмне дейт?

Оң рулдуу автоунааларга коюлган чектөөнү алып салуу идеясын колдогон блогер, Safari айдоочулар кыймылынын мүчөсү Эртай Искаков "#заЯпошки" тобун түзүп, 20-февраль күнү жыйын өткөрдү.
Ал жыйында кандай сунуштар болуп, эмне чечим кабыл алынганын санап берди:
Японияда чыгарылган оң рулдуу автоунааларды киргизүү, каттоо жана пайдаланууга уруксат берүү;
бажы пошлиналарын 2015-жылдагы деңгээлге түшүрүү. Анда кыймылдаткычтын бир куб сантиметрине 0,3 доллардан төлөнчү;
эгер эл аралык келишимдер мүмкүнчүлүк берсе, Япониянын оң рулдуу автоунааларына бажы артыкчылыктарын берүү;
кирип келе жаткан автоунаалардын катализаторлорун текшерүү жана аларды бул жакта алып салбаганын көзөмөлдөө. Аткарбагандарга ири өлчөмдө айып пул салынышы зарыл. Антпесе автопаркты жаңылоо үчүн унааларды алып келүүнүн зарылдыгы жок.
Искаковдун айтымында, депутаттар мыйзам долбоорун өздөрү акырына чыгарбаса бийликке кайра кароого жиберүү үчүн 10 миң кол топтой турганын айтты.
© Sputnik / Табылды КадырбековБлогер, Safari айдоочулар кыймылынын мүчөсү Эртай Искаков
Общественный деятель и член движения SAFARI Эртай Искаков - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.02.2022
Блогер, Safari айдоочулар кыймылынын мүчөсү Эртай Искаков
Искаков "#заЯпошки" тобу ЖКККББга оң рулдуу автоунаалардын коопсуздугу боюнча маселени кайра карап чыгуу сунушун киргизерин билдирди. Ал "ЖКККББда трассалар боюнча маалымат болушу мүмкүн. Ал жакта басымдуу бөлүгү, тагыраагы, 95 пайызы оң рулдуу минивендерди айдаган таксисттер жүрөт" деген пикирде. Ошондой эл Бишкекте башкача статистика болушу мүмкүн. Анын айтымында, жол кырсыктарына коррупция жана башка факторлор себеп болушу ыктымал.
Сөзүнүн соңунда Искаков ЕАЭБдин башка өлкөлөрүндө оң рулдуу автоунааларга уруксат берилгендиктен Кыргызстан четте калбашы керек деген пикирде.

ЖКККББ демилгеге каршы

Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын (ЖКККББ) маалымат катчысы Тилек Исаев ведомство бул долбоорго каршы экенин билдирди.
Анын айтымында, 2020-жылы оң рулдуу автоунаалардын айдоочулары катышкан жана күнөөлүү деп табылган кырсыктардын саны — 19,7, өлгөндөрдүн саны — 13,94, жабыркагандардыкы 20,6 пайызга өскөн. 2021-жылы жол кырсыктары 25,7 пайызга жогорулады. Өлгөндөрдүн саны — 22,45, жабыркагандар 27,17 пайызга көбөйдү.
© Sputnik / Асель СыдыковаЖКККББ маалымат катчысы Тилек Исаев
Начальник информационной службы ГУОБДД Тилек Исаев  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.02.2022
ЖКККББ маалымат катчысы Тилек Исаев
"Биз жарандардын өмүрүн тобокелдикке салгыбыз келбейт. Азыр жол кырсыктарынын санын азайтуу боюнча иштеп жатабыз. Президенттин тапшырмасы бар, Акылбек Үсөнбекович (Жапаров — ред.) дагы өз позициясын билдирди. Автоунааларды каттоодо мүчүлүштүктөр болбосун деп "Унаа" ишканасын ИИМге өткөрүштү. Демек, бизде жоопкерчилик күчөдү", — деди ал.
Исаев оң рулдуу автоунааларга ээлик кылган 200 айдоочуну өз унаасына ар тарапты карап турчу камера орнотууга милдеттендирсе болорун айтат. Ал кредитке машина алган кишиде камерага дагы каражат табылышы керек деп эсептейт.
Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев ведомство өкмөт менен бирдей пикирде экенин, министрлер кабинети кандай чечим кабыл алса, ошол багытта иштей турганын билдирди.
Анын айтымында, бир гана Японияда өндүрүлгөн автоунааларга уруксат берүү мүмкүн эмес. Буга Кыргызстан мүчөлүк кылгын Дүйнөлүк соода уюму менен келишимдер мүмкүнчүлүк бербейт.
© Sputnik / Жоомарт УраимовЭкономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев
Министр экономики и коммерции Кыргызстана Данияр Амангельдиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.02.2022
Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев
"Биз ЖКККББнын сөз болуп жаткан автоунаалар коопсуз эмес деген пикирин карманабыз. Эгер жаңы изилдөөлөр болуп коопсуздук боюнча жаңы бүтүм чыкса, анда кеп башка", — деди министр.
Дагы бир учурду эске сала кетсек, былтыр министрлер кабинети оң рулдуу автоунаалардын кузовун алмаштырууга тыюу салууну көздөп, токтом долбоорун Санариптик өнүктүрүү министрлиги коомдук талкууга алып чыккан. Ушул тапта ИИМдин курамына кирип калган "Унаа" мекемесинен бул долбоор кабыл алынып, күчүнө киргенин айтышты.

Япониянын автоунаалары кымбатпы?

Данияр Салякаев — Кыргызстанга сырттан автоунаа ташып келген фирманын директору. Адис оң рулдуу унаалардын киришине каршы эмес, анткени алар сапаты жана баасы жагынан кыргызстандыктардын купулуна толот деп эсептейт. Болгону мыйзам жагынан тоскоолдуктар болушу мүмкүн.
© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстанга сырттан автоунаа ташып келген фирманын директору Данияр Салякаев
Предприниматель Данияр Салякаев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.02.2022
Кыргызстанга сырттан автоунаа ташып келген фирманын директору Данияр Салякаев
"Биз ЕАЭБдин алкагында өзүбүзгө 2016-жылдан берки автоунааларды киргизе алабыз. Ал эми бул жылдан беркилер азыр Японияда дагы өтө кымбат. Мисалы, бизде популярдуу Honda Fit же Toyota фирмасынын Alphard, Camry, Crown автоунаалары 8-25 миң доллардын тегерегинде. Демек, аларды алып келгенде деле азыркы биздин рыноктогу баалар өзгөрүп кетпейт. Ушул эле акчага сол рулдуу автоунааларды алып келсе болот", — деди адис.
Ошондой эле азыр талап коюлуп жаткандай 2016-жылдан аркы автоунааларды киргизе баштасак, ЕАЭБдин алдында милдеттерибиз аткарылбай каларын кошумчалады.
Экономист Расул Түлеев экономикалык жактан бул элге керектүү нерсе экенин, оң рулдуу автоунаалардын сапаты жана баасы ылайыктуу болорун айтат.
© Фото / Бексултан ОкеновЭкономист Расул Түлеев
Экономист Расул Тулеев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.02.2022
Экономист Расул Түлеев
"Бизде жол кыймылы оң тараптуу болгондуктан оң рулдуу машиналар ыңгайсыз жана кооптуу. Бирок бул айдоочунун кесипкөйлүгүнөн көбүрөөк көз каранды деп ойлойм. Кесипкөй айдоочу оң рулдуу машинаны дагы коопсуз айдай алат. Менимче, 2015-жылы саясий чечим кабыл алынган", — деди адис.
Ал ортодо ЕЭКтин маалымат кызматы бул демилге ЕАЭБдин техникалык регламентине каршы келер-келбеси тууралуу суроого жооп берди.
"Оң рулдуу автоунааларга түздөн-түз тыюу салуу жок, бирок ЕАЭБ мамлекеттеринде жол оң тараптуу экенин унутпашыбыз керек. Эгер конструкциясына өзгөртүү киргизбесе, оң рулдуу автоунаалар техникалык регламентке толугу менен жооп бербейт", — деп айтылат ЕЭКтин жообунда.
Демек, маселе азырынча талкуулана бермекчи.
Сурамжылоо
Оң рулдуу автоунаалардын киргизилишине кандай карайсыз?
Автоунаа базарында оң рулдуу хэтчбектер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.02.2022
Оң рулдуу автоунааларды ташып келүү: ЕАЭБде тыюу салынбайбы?
Жаңылыктар түрмөгү
0