Оң рулдуу автоунааларды ташып келүү: ЕАЭБде тыюу салынбайбы?

© Sputnik / Илья Наймушин / Медиабанкка өтүүАвтоунаа базарында оң рулдуу хэтчбектер. Архив
Автоунаа базарында оң рулдуу хэтчбектер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.02.2022
Жазылуу
ЕЭКтен оң рулдуу автокөлүктөрдүн нормасы боюнча техникалык регламенттин пунктулары бар экенин айтты.
БИШКЕК, 17-фев. — Sputnik. Евразиялык экономикалык комиссиянын маалымат кызматынан Sputnik Кыргызстандын сурамына Кыргызстанга оң рулдуу автоунааларды ташып келүүгө уруксат берүүгө тиешелүү мыйзам долбоору боюнча айтып берди.
Анда Кыргызстанга оң рулдуу автоунааларды ташып келүүгө уруксат берсе, ЕАЭБдин техникалык регламентинин нормаларына тоскоол болуп калбайбы деген маанайдагы суроо жөнөтүлгөн.
ЕЭКтен чыгарылып жаткан жана колдонуудагы автоунааларга коюлган коопсуздук талаптары жана баалоо процедуралары Бажы биримдигинин "Дөңгөлөктүү транспорт каражаттарынын коопсуздугу боюнча" техникалык регламентинде көрсөтүлгөнүн айтып беришкен. Документ 2011-жылдын 9-декабрында бекитилген.
ЕЭКтен регламенттеги 19-пунктуда оң рулдуу автоунааларга тиешелүү чектөөлөр бар экендиги айтылган. Аны менен кошо эле Армения, Беларусь жана Казакстанда башка категорияларга тиешелүү оң рулдуу автокөлүктөрдү пайдаланууга тыюу салынары белгиленген.
"Оң жактуу автоунааларды пайдаланууну чектеген башка талаптар жок", — деди маалымат кызматтан.
Сурамжылоо
Оң рулдуу автоунаалардын киргизилишине кандай карайсыз?
Муну менен кошо техникалык регламент азыркы мамлекеттердин – биримдиктин мүчөлөрүнүн оң тараптуу кыймыл боюнча нормасынан улам транспортко талаптарды коёрун айтышты. Андыктан эгерде конструкциясына өзгөртүү киргизилсе, рулу оң жакта жайгашкан автокөлүктөрдүн өзгөчөлүктөрү техрегламенттин талаптарына толук жооп бере албай калышы мүмкүн деп эсептелерин билдирди. Кеп фарадан түшкөн жарыктын чектери, айдоочу отурган жерден айлананын көрүнүшү, түз карап отурган жерден алды жактын көрүнүшү, түз эмес көрүнүш (арт жакты көрсөткөн күзгү), жүргүнчүлөр жактагы эшиктердин жайгашуусу жана башкалар.
9-февралда Жогорку Кеңештин депутаты Чолпон Султанбекова чет өлкөдөн оң рулдуу автоунааларды алып келүүгө коюлган чектөөнү алып салууну сунуштаган. Бир катар жарандардын өтүнүчү менен мындай автоунааларды ташып кирүүгө коюлган чекти алып салуу боюнча депутаттар тобу мыйзам долбоорун даярдап жаткандыгын билдирген. Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын (ЖКККББ) жетекчиси Азамат Исраилов мындай темир тулпарлардан улам жол кырсыгы болуп жаткандыгын бетке кармап, Жогорку Кеңештин депутатынын чет өлкөдөн оң рулдуу автоунааларды алып келүү боюнча сунушуна макул эместигин билдирген. Ал эми 15-февралда министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров да бул сунушка каршы экендигин айткан.
Ошол эле күнү парламенттин сайтында эгерде кабыл алынып калса, оң рулдуу автоунааларды алып келүүгө мүмкүнчүлүк жарала турган мыйзам долбоору жарыяланды. Бирок анда бир шарт каралган.
Кыргызстанда седан кузовундагы автоунаалардын айрымдары кымбаттады. Инфографика - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.02.2022
Кыргызстанда седан кузовундагы автоунаалардын айрымдары кымбаттады. Инфографика
Жаңылыктар түрмөгү
0