00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
5 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
6 мин
Об экономике и не только с Кубатом Рахимовым
20:06
54 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Замена водительских прав - что важно знать сейчас
12:04
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Окуучу менен мугалимдин мамилеси. Көйгөй эмнеден жаралууда? Эксперт менен маек
13:05
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Чингисхан был кыргызом? Что говорит история и наука - беседа с академиком
14:04
54 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Россиянын жана башка уюмдардын жардамы менен уран калдыктары коопсуздандырылууда
15:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Параплавание: спорт, который учит верить в себя
16:04
52 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Стимул
«Мыкты чоң ата» жана «Мыкты чоң апа» сынагынын жеңүүчүлөрү менен маек
17:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Итоги ОРТ 2025 года и как с годами меняется тест
18:07
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Кеменгер
Кошок жанры алтайлыктарда “сыгыт ырлары” деп аталат
19:06
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Будь в курсе
«Манты за 700 сомов». Отмена % за обслуживание в кафе спровоцировала чрезмерный рост цен
20:06
37 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Россиянын жана башка уюмдардын жардамы менен уран калдыктары коопсуздандырылууда
21:04
41 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Оң рулдуу автоунааларды өлкөгө алып келүү. ЖК мыйзам долбоорун даярдоодо

© Sputnik / Эламан КарымшаковЖогорку Кеңештин жыйыны. Архив
Жогорку Кеңештин жыйыны. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.02.2022
Жазылуу
Эл өкүлү өлкөдө катталып жаткан жол кырсыктарына оң рулдуу автоунааларды айыптоо туура эмес экенин белгилеген.
БИШКЕК, 10-фев. — Sputnik. Жогорку Кеңеш оң рулдуу автоунааларды алып келүүгө коюлган чектөөнү алып салуу боюнча мыйзам долбоорун даярдап жатат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Чолпон Султанбекова билдирди.
Ушул эле маселени эл өкүлү кечээ да көтөргөн. Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев эгер ЖКККББ каршы болбосо, бийлик бул маселени кароого даяр экенин белгилеген. Бирок Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын (ЖКККББ) жетекчиси Азамат Исраилов коопсуздук максатында ЖКККББ бул демилгеге каршы экенин айтты.
Султанбекова жарандар эл өкүлдөрүнө дал ушул маселени көтөрүүнү суранып кайрылганын айтып, мыйзам долбоорун даярдоо үчүн айрым кесиптештери менен статистиканы изилдеп жатканын кошумчалаган.
© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаЖогорку Кеңештин депутаты Чолпон Султанбекова
Депутат Чолпон Султанбекова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.02.2022
Жогорку Кеңештин депутаты Чолпон Султанбекова
"Бийлик жол кырсыгы оң рулдуу автоунаалардын кесепетинен болуп жатат деп айтууда. Биз статистиканы карап чыктык. 60 пайызы айдоочулардын жол эрежесин билбегендигинен улам болот экен. Жакшы айдаган адамга автоунаа оң рулдуубу, сол рулдуубу, айырмасы жок", — деген Султанбекова.
Эл өкүлү мыйзам долбоору азырынча талкууланып гана жатканын айтып, бул боюнча министрлер кабинети менен дагы сүйлөшүү жүрөрүн кошумчалады. Анын айтымында, Кыргызстанга азыр автоунаалар Россия, Армения, Грузия жана Абхазиядан алып келинет.
"Көлүк көп алып келингени менен алар абдан кымбат. Бажы төлөмү да арзан эмес. Шаарда каттоого алынбаган автоунаа көп жүрөт. Мындан улам "Коопсуз шаардын" камералары булардын номерин таба албайт, айып пул төлөшпөйт. Көлүктөрдүн техникалык абалы да начар. Анткени ЕАЭБ өлкөлөрүндөгү эски унаалар бизге келип жатат. Мен кээде таксисттер менен сүйлөшүп калам. Алар автоунаалардын абалы "нөл" экенин, бирөөндө да катализатордун жоктугун айтууда. Бул дагы экологияга зыянын тйигизүүдө", — деди Султанбекова.
Депутат кечээки билдирүүсүнөн кийин интернет-колдонуучулардын көбү анын демилгесин колдоорун жазганын белгилеп, бул маселени ЕЭКте көтөрүү керектигин кошумчалаган.
"Биз ЕАЭБге адамдардын жашоосун жакшыртуу үчүн кошулганбыз. Башка мамлекеттерге оң рулдуу автоунаа алып кирсе болот дагы, бизге эмнеге болбойт? Бул маселени саясатташтыргым келбейт, бирок аткаминерлерибиз ЕЭКте көтөрүп чыгышы керек", — деген эл өкүлү.
Султанбекова ЖКККББнын пикирине да жооп берди.
"Бул маселеге бир жактуу карап, дароо кырсык көбөйөт деп ойлогон туура эмес. Оң рулдуу автоунаа кирбей калганда эле жол кырсыгы азайып кеттиби? Болгону жол эрежеси боюнча сапаттуу билим берүүнү жакшыртуу зарыл", — деген ал.
Белгилей кетсек, Кыргызстанда оң рулдуу автоунааларды каттоого 2015-жылы тыюу салынган. Бүгүнкү күндө өлкөдө 200 миңден ашык автоунаа оң рулдуу.
 Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Ыманалы Саркулов  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.12.2021
Пресс-борбор
"Унаа" ишканасынын ИИМге өтүшү Кыргызстанга эмне берет? Адистин жообу
Караңгылатуулган автоунаа. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.02.2022
Автонун терезесин караңгылатуу. ЖК мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырды
Жаңылыктар түрмөгү
0