Мурас-Ордо жана Калыс-Ордо конуштарында 24-февралда таза суу берүү токтойт

© Sputnik / Алексей Мальгавко / Медиабанкка өтүүСуу тамып жаткан кран. Архив
Суу тамып жаткан кран. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.02.2022
Жазылуу
Калаа мэриясы тургундарды суу камдап алууга чакырып, жаралган ыңгайсыздык үчүн кечирим сурады.
БИШКЕК, 21-фев. — Sputnik. Бишкектин Мурас-Ордо жана Калыс-Ордо конуштарында 24-февраль, бейшемби күнү, ичүүчү суу берүү убактылуу токтотулат. Бул туурасында мэриянын маалымат кызматы кабарлады.
Суунун үзгүлтүккө учурашынын себеби аталган конуштардагы суу кампаларын жана шаардык суу түтүктөрүн оңдоо-профилактикалык иштерине байланыштуу.
Калыс-Ордодо эртең менен саат 9:00дөн кечки 17:00гө чейин, ал эми Калыс-Ордодо 18:00гө чейин таза суу өчүрүлөт. Бул учурда суу жеке турак жай, социалдык объектилердин баарында токтотулат.
Калаа мэриясы тургундарды суу камдап алууга чакырып, жаралган ыңгайсыздык үчүн кечирим сурады.
Бишкекте жаңы подстанция ишке кирип 7 конушта электр энергиясын берүү жакшырды - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.12.2021
Бишкекте жаңы подстанция ишке кирип, 7 конушта электр энергиясын берүү жакшырды
Жаңылыктар түрмөгү
0