Беспорядки в Казахстане из-за повышения цен на газ - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.01.2022
Казакстан: 2022-жылдагы газ митингдери
2022-жыл жаңырары менен Казакстанда автоунаага газдын кымбаттап кетишинен улам митингдер башталып, 5-январга караган түнү митингчилер менен күч түзүмдөрү кагылышты. Президент Касым-Жомарт Токаев өзгөчө абал режимин киргизип, ЖККУдан жардам сураган. Учурда өлкөдө кырдаал турукташты.

Викрам Рузахуновдун кыйноого алынганы боюнча Бишкек прокуратурасы иш козгоду

© AP Photo / Vladimir VoroninКыргызстандык музыкант Викрам Рузахунов. Архив
Кыргызстандык музыкант Викрам Рузахунов. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.02.2022
Жазылуу
Мындан мурдараак музыкант кыйноого кабылганын ачык айтып берген.
БИШКЕК, 17-фев. — Sputnik. Бишкек шаарындагы Ленин райондук прокуратурасы кыргызстандык музыкант Викрам Рузахуновдун Алматыда кыйноого алынганы боюнча кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу Sputnik агенттигине Башкы прокуратурадан кабарлады.
Мурдараак Рузахуновдун өкүлү мындан улам Баш мыйзамдын 51-беренесинин 6-пункту иштей баштаарын, анда мамлекет өзүнүн аймагынан сырткаркы жерлердеги жарандарын коргой тургандыгын билдирген. Тагыраагы, казак бийлиги күнөөлүүлөрдү жазалабай турган болсо, анда кыргызстандык күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү аны сабагандарды таап, жоопкерчиликке тартуусу керек. Рузахуновдун жактоочусу Алматыда да кыйноолор боюнча иликтөө жүрүп жаткандыгын айткан.

Кыргызстандык музыканттын кармалышы

Казакстандын Qazaqstan мамлекеттик телеканалы 9-январда митингдерге катышуу үчүн Кыргызстандан барды делген жарандын сурак берип жаткан видеосун жарыялаган. Ал белгисиз адамдар митингдерге катышуу үчүн 90 миң теңге сунуштап чакырып, самолётко билетин алып берип, батирге жайгаштырганын билдирген.
Көп өтпөй Кыргызстандын ИИМи аталган жаран музыкант Викрам Рузахунов экенин аныктап, анын Алматыга концерт койгону барганын маалымдады.
Ошол эле учурда кыргызстандыктар музыкантты террорчу катары көрсөткөнүнө нааразы болуп, аны бошотуу талабы менен Казакстандын Бишкектеги элчилигинин алдына митингге чыккан. Алар менен УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев жолугуп мекендештин укугу корголорун убадалаган.
Кийинчерээк ТИМ Рузахуновду бошотуу талабы менен Казакстанга нота тапшырган.
Андан кийин Казакстандын мамлекеттик телеканалдары Рузахуновго байланышкан видеолорун өчүргөн.
Ал арада Юстиция министрлиги кыргыз жаранынын кыйноого кабылганын болжоп, Казакстандын күч түзүмдөрүнө кылмыш ишин козгоону Башкы прокуратурага демилгелеген.
Алматы шаарында январь айындагы башаламандык учурунда көз жумгандарды эскерүү иш-чарасы өткөрүлүп жатат - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.02.2022
Казакстан: 2022-жылдагы газ митингдери
Алматыда январь окуяларында көз жумгандар эскерилүүдө. Сүрөт
Жаңылыктар түрмөгү
0