00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
15:56
4 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
18:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
«Манты за 700 сомов». Отмена % за обслуживание в кафе спровоцировала чрезмерный рост цен
08:05
37 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Жылдыз Бакашева: Кыргыз улуттук тарых музейинин бүгүнкү абалы жана келечек пландары
09:05
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
ЕАЭБдеги тоскоолдуктар жана 2026-жылга пландалган кооперациялык долбоорлор
11:04
26 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Жыл башынан бери 2 млн укук бузуу аныкталды - “Коопсуз өлкө” долбоору ишке кандай ашууда?
11:31
26 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Венесуэла, Гренландия, Иран: дүйнөлүк геосаясаттын жаңы күн тартиби кандай өзгөрүүдө?
13:05
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Пенсиянын топтомо бөлүгүн кайсы учурларда кайталап алса болот? Мыйзам долбоору сунушталууда
15:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Стимул
«Мыкты чоң ата» жана «Мыкты чоң апа» сынагынын жеңүүчүлөрү менен маек
17:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Цифровая миграция: как технологии меняют трудовую мобильность в ЕАЭС
18:07
26 мин
Тема дня
Проекты ЕАБР в Кыргызстане и улучшение интеграции в ЕАЭС: итоги работы банка
18:34
27 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Экономикалык панорама
Күмүш, акча бирдигине айлана алабы?
19:06
40 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Пенсиянын топтомо бөлүгүн кайсы учурларда кайталап алса болот? Мыйзам долбоору сунушталууда
21:04
41 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Айылына барып кайтыш болду. Молдомуса Конгантиев менен коштошуу. Видео

Жазылуу
Мурдагы ички иштер министри, генерал-лейтенант Молдомуса Конгантиев акыркы сапарга узады. Аны менен коштошуу зыйнаты Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында өттү.
Генерал менен коштошуу үчүн министрлер кабинетинин жетекчиси Акылбек Жапаров, ЖК төрагасы Талант Мамытов, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев, мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, министрлер, ИИМ кызматкерлери, коомчулук келди.
Конгантиевдин досу Курманбек Темирбаев ал кичи мекени Ноокен районуна куран окутууга барып, ошол жактан көз жумганын айтты. Ал эми бир тууган агасы Камбаралы Конгантиев "12 жыл кайгы-капада жүрүп чарчаган экенсиң" деп муңайды.
Генералдын сөөгү Бишкек шаарындагы "Ала-Арча" көрүстөнүндө жерге берилди.
Молдомуса Конгантиев 1958-жылдын 31-мартында Жалал-Абад облусунун Майлы-Сай шаарында туулган.
1989-жылы Кыргыз улуттук университетинин юридикалык факультетин "укук таануу" адистиги боюнча аяктаган. Эмгек жолун Улуттук банкта күзөтчү катары баштаган. Кийин ИИМдин социалисттик менчикти уурдоого каршы бөлүмдө нөөмөтчүдөн тарта опер кызматкерге чейин жеткен. Андан соң Жалал-Абад милициясында ар кайсы кызматтарды аркалап жүрүп, 2005-жылы "жоогазын" революциясынан кийин Бишкек милициясынын жетекчиси болуп дайындалган. Бул кызматта үч жыл отуруп, 2008-жылдын январь айында ички иштер министри болгон. ИИМди ал 2010-жылга чейин жетектеген.
2010-жылы 7-апрелде эл Курманбек Бакиевдин бийлигине каршы митингге чыкканда нааразычылык күч болуп турган Талас шаарына барган. Ошол жерден митингчилердин колуна түшүп ур-тепкиге алынган. Көп өтпөй аны жубайы Кыргызстандан алып чыгып кеткенин жергиликтүү ЖМКлар жазган. Бирок 26-апрель күнү КРдин Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматы россиялык кесиптештеринин жардамы менен Москва шаарынан аны колго түшүрүп, Бишкекке алып келген. Ага "Кызматтык ыйгарым укуктардан аша чабуу" жана "Шалаакылык" беренелери менен айып коюлган.
2019-жылы Бишкектин Биринчи май райондук соту мурдагы ички иштер министри Молдомуса Конгантиевди бардык айыптоолор боюнча далил табылбагандыктан күнөөсүз деген чечим чыгарган.
Тема боюнча:
Чарчаган арстанымдын акыркы сүрөтү. Ташиев Конгантиевдин сүрөтүн чыгарып, пост жазды
Молдомуса Конгантиевди акыркы сапарга узатуу зыйнатынан 10 ирмем
Жаңылыктар түрмөгү
0