Чарчаган арстанымдын акыркы сүрөтү. Ташиев Конгантиевдин сүрөтүн чыгарып, пост жазды

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевУлуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин башчысы Камчыбек Ташиев. Архив
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин башчысы Камчыбек Ташиев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.02.2022
Жазылуу
Молдомуса Конгантиев бир нече жыл Кыргызстандын ички иштер министри болгон.
БИШКЕК, 13-фев. — Sputnik. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин башчысы Камчыбек Ташиев ИИМдин мурдагы жетекчиси, генерал-лейтенант Молдомуса Конгантиевдин сүрөтүн жарыялады.
Конгантиевдин бүгүн каза болгону кабарланган. ИИМден аны тастыктап, башка маалыматты кийинчерээк беришерин айтышкан.
Молдомуса Конгантиев 1958-жылдын 31-мартында Жалал-Абад облусунун Майлы-Сай шаарында туулган.
1989-жылы Кыргыз улуттук университетинин юридикалык факультетин "укук таануу" адистиги боюнча аяктаган. Эмгек жолун Улуттук банкта күзөтчү катары баштаган. Кийин Социалисттик менчикти уурдоого каршы бөлүмдө нөөмөтчүдөн тарта опер кызматкерге чейин жеткен. Андан соң Жалал-Абад милициясында ар кайсы кызматтарды аркалап жүрүп, 2005-жылы "жоогазын" революциясынан кийин Бишкек милициясынын жетекчиси болуп дайындалган. Бул кызматта үч жыл отуруп, 2008-жылдын январь айында ички иштер министри болгон. ИИМди ал 2010-жылга чейин жетектеген.
2010-жылдын 7-апрель күнү эл Курманбек Бакиевдин бийлигине каршы митингге чыкканда, нааразычылык эң курч болуп турган Талас шаарына барган. Ошол жерден нааразы болгон митингчилердин колуна түшүп калып ур-тепкиге алынган. Көп өтпөй аны жубайы Кыргызстандан алып чыгып кеткенин жергиликтүү ЖМКлар жазган. Бирок 26-апрель күнү КРдин Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматы россиялык кесиптештеринин жардамы менен Москва шаарынан аны колго түшүрүп, Бишкекке алып келген. Ага "Кызматтык ыйгарым укуктардан аша чабуу" жана "Шалаакылык" беренелери менен айып коюлган.
2019-жылы Бишкектин Биринчи май райондук соту мурдагы ички иштер министри Молдомуса Конгантиевди бардык айыптоолор боюнча далил табылбагандыктан күнөөсүз деген чечим чыгарган.
Мурдагы ички иштер министри Молдомуса Конгантиев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.10.2019
Уулу бажычы, өзү асыл тукум жылкы кармайт. Молдомуса Конгантиев тууралуу 6 факты
Мурдагы ички иштер министри Молдомуса Конгантиев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.01.2021
Экс-министр Молдомуса Конгантиевдин жубайы дүйнөдөн кайтты
Жаңылыктар түрмөгү
0