Молдомуса Конгантиевди акыркы сапарга узатуу зыйнатынан 10 ирмем
Молдомуса Конгантиевди акыркы сапарга узатуу зыйнатынан 10 ирмем
Sputnik Кыргызстан
Мурдагы ички иштер министри, генерал-лейтенант Молдомуса Конгантиев 2022-жылдын 12-февралында дүйнө салды. Маркумдун сөөгү 14-февралда Бишкек шаарындагы... 14.02.2022, Sputnik Кыргызстан
Конгантиев менен коштошуу зыйнаты Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында өттү. Акыркы сапарга узатууга министрлер кабинетинин жетекчиси Акылбек Жапаров, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов, УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев, мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, ИИМ кызматкерлери, министрлер, коомчулук келди.Молдомуса Конгантиев 64 жашта эле.
Мурдагы ички иштер министри, генерал-лейтенант Молдомуса Конгантиев 2022-жылдын 12-февралында дүйнө салды. Маркумдун сөөгү 14-февралда Бишкек шаарындагы "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлду.
Конгантиев менен коштошуу зыйнаты Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында өттү. Акыркы сапарга узатууга министрлер кабинетинин жетекчиси Акылбек Жапаров, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов, УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев, мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, ИИМ кызматкерлери, министрлер, коомчулук келди.
"Конгантиев милициянын ишин өркүндөтүү, кылмыштуулукка каршы күрөшүү, коомдук коопсуздукту камсыз кылуу ишине олуттуу жеке салым кошкон", — деп айтылат ИИМдин билдирүүсүндө
Молдомуса Конгантиев 64 жашында дүйнө салды. Аны акыркы сапарга узатып топурак салууга бийлик өкүлдөрү, милицияда кызмат өтөгөн санаалаштары, шакирттери барды