Дооронбек Садырбаевдин доору... Сүрөттө калган ирмемдер
Дооронбек Садырбаевдин доору... Сүрөттө калган ирмемдер
Sputnik Кыргызстан
Бүгүн — белгилүү кинорежиссер, мамлекеттик жана коомдук ишмер Дооронбек Садырбаевдин туулган күнү. Саясатчынын көзү тирүү болгондо быйыл 83 жашка толмок... 13.02.2022, Sputnik Кыргызстан
Атактуу режиссер Дооронбек Садырбаев 1939-жылы 13-февралда Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы Апыртан айылында туулган. 17 жашында мектепти аяктап, борбор калаадагы медициналык институтка тапшырган. Бирок аны аягына чейин окуп бүтпөй эле киностудияга иштеп кетип калган. Кийин Ленинграддагы Театр, музыка жана кинематография институтунан билим алып келип, 1962-жылдан 1990-жылга чейин "Кыргызтелефильмде" режиссер, сценарист болуп иштеген. Киночу 70тен ашык даректүү тасма жатарып, "Арман", "Махабат дастаны", "Акбаранын көз жашы" өңдүү 16 көркөм фильмди көрөрмандарга сунуштаган. Ошондой эле кинодо актер, диктор болуп, үн коштоп эмгектенген.Көп кырдуу таланттын калемгерлик өнөрүн да көпчүлүк билет. Анын 20дан ашык китеби кыргыз, орус тилдеринде жарык көрүп, айрым чыгармалары бир нече тилге которулуп, ырлары обонго салынган.Кийин Жогорку Кеңешке депутат болуп шайланып, саясатка аралашып парламентте ал курч сөзү, ачуу чындыкты айтып турушу менен көпчүлүктөн айырмаланган. Саясатчы өз кезегинде бийлик тарабынан кысымга алынып, "Кайран эл" кинокартинасын көрсөтүүгө тыюу салынган. Кыргыз Эл Баатыры 2008-жылы 28-майда 69 жашында узакка созулган оорудан улам көз жумган.
Бүгүн — белгилүү кинорежиссер, мамлекеттик жана коомдук ишмер Дооронбек Садырбаевдин туулган күнү. Саясатчынын көзү тирүү болгондо быйыл 83 жашка толмок. Sputnik Кыргызстан агенттиги анын сүрөттө калган ирмемдерин сунуштайт.
Атактуу режиссер Дооронбек Садырбаев 1939-жылы 13-февралда Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы Апыртан айылында туулган. 17 жашында мектепти аяктап, борбор калаадагы медициналык институтка тапшырган. Бирок аны аягына чейин окуп бүтпөй эле киностудияга иштеп кетип калган. Кийин Ленинграддагы Театр, музыка жана кинематография институтунан билим алып келип, 1962-жылдан 1990-жылга чейин "Кыргызтелефильмде" режиссер, сценарист болуп иштеген. Киночу 70тен ашык даректүү тасма жатарып, "Арман", "Махабат дастаны", "Акбаранын көз жашы" өңдүү 16 көркөм фильмди көрөрмандарга сунуштаган. Ошондой эле кинодо актер, диктор болуп, үн коштоп эмгектенген.
Көп кырдуу таланттын калемгерлик өнөрүн да көпчүлүк билет. Анын 20дан ашык китеби кыргыз, орус тилдеринде жарык көрүп, айрым чыгармалары бир нече тилге которулуп, ырлары обонго салынган.
Кийин Жогорку Кеңешке депутат болуп шайланып, саясатка аралашып парламентте ал курч сөзү, ачуу чындыкты айтып турушу менен көпчүлүктөн айырмаланган. Саясатчы өз кезегинде бийлик тарабынан кысымга алынып, "Кайран эл" кинокартинасын көрсөтүүгө тыюу салынган. Кыргыз Эл Баатыры 2008-жылы 28-майда 69 жашында узакка созулган оорудан улам көз жумган.