Дооронбек Садырбаевдин доору... Сүрөттө калган ирмемдер

Жазылуу
Бүгүн — белгилүү кинорежиссер, мамлекеттик жана коомдук ишмер Дооронбек Садырбаевдин туулган күнү. Саясатчынын көзү тирүү болгондо быйыл 83 жашка толмок. Sputnik Кыргызстан агенттиги анын сүрөттө калган ирмемдерин сунуштайт.
Атактуу режиссер Дооронбек Садырбаев 1939-жылы 13-февралда Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы Апыртан айылында туулган. 17 жашында мектепти аяктап, борбор калаадагы медициналык институтка тапшырган. Бирок аны аягына чейин окуп бүтпөй эле киностудияга иштеп кетип калган. Кийин Ленинграддагы Театр, музыка жана кинематография институтунан билим алып келип, 1962-жылдан 1990-жылга чейин "Кыргызтелефильмде" режиссер, сценарист болуп иштеген. Киночу 70тен ашык даректүү тасма жатарып, "Арман", "Махабат дастаны", "Акбаранын көз жашы" өңдүү 16 көркөм фильмди көрөрмандарга сунуштаган. Ошондой эле кинодо актер, диктор болуп, үн коштоп эмгектенген.
Көп кырдуу таланттын калемгерлик өнөрүн да көпчүлүк билет. Анын 20дан ашык китеби кыргыз, орус тилдеринде жарык көрүп, айрым чыгармалары бир нече тилге которулуп, ырлары обонго салынган.
Кийин Жогорку Кеңешке депутат болуп шайланып, саясатка аралашып парламентте ал курч сөзү, ачуу чындыкты айтып турушу менен көпчүлүктөн айырмаланган. Саясатчы өз кезегинде бийлик тарабынан кысымга алынып, "Кайран эл" кинокартинасын көрсөтүүгө тыюу салынган. Кыргыз Эл Баатыры 2008-жылы 28-майда 69 жашында узакка созулган оорудан улам көз жумган.
© Фото / из семейного архива Садырбаевых

Дооронбек Садырбаев мектепте окуп жүргөн кезинде дарыгер болгусу келип медициналык институтка тапшырган

Дооронбек Садырбаев мектепте окуп жүргөн кезинде дарыгер болгусу келип медициналык институтка тапшырган - Sputnik Кыргызстан
1/14

Дооронбек Садырбаев мектепте окуп жүргөн кезинде дарыгер болгусу келип медициналык институтка тапшырган

© из семейного архива Дооронбека Садырбаева

Киночу үзөңгүлөш жолдошу, обончу Түгөлбай Казаков менен Ленинград шаарында, 1978-жыл

Киночу үзөңгүлөш жолдошу, обончу Түгөлбай Казаков менен Ленинград шаарында, 1978-жыл - Sputnik Кыргызстан
2/14

Киночу үзөңгүлөш жолдошу, обончу Түгөлбай Казаков менен Ленинград шаарында, 1978-жыл

© Фото / из семейного архива Садырбаевых

Садырбаев чыгармачылыгын кинодон баштап, ата мекендик кинематографияда өз ордун тапкан

Садырбаев чыгармачылыгын кинодон баштап, ата мекендик кинематографияда өз ордун тапкан - Sputnik Кыргызстан
3/14

Садырбаев чыгармачылыгын кинодон баштап, ата мекендик кинематографияда өз ордун тапкан

© Фото / из семейного архива Садырбаевых

Чыгармачыл инсандын жашоодо аябай боорукер болгонун жакындары эскерип келет

Чыгармачыл инсандын жашоодо аябай боорукер болгонун жакындары эскерип келет - Sputnik Кыргызстан
4/14

Чыгармачыл инсандын жашоодо аябай боорукер болгонун жакындары эскерип келет

© Sputnik / Александр Федоров

Алайдын тоолорунда иштеген киночулар. Четте отурган режиссер Садырбаев.

Алайдын тоолорунда иштеген киночулар. Четте отурган режиссер Садырбаев. - Sputnik Кыргызстан
5/14

Алайдын тоолорунда иштеген киночулар. Четте отурган режиссер Садырбаев.

© Фото / из семейного архива Садырбаевых

Кызуу иштеген кесиптештер. Режиссер Дооронбек Садырбаев менен оператор Нуртай Борбиев.

Кызуу иштеген кесиптештер. Режиссер Дооронбек Садырбаев менен оператор Нуртай Борбиев. - Sputnik Кыргызстан
6/14

Кызуу иштеген кесиптештер. Режиссер Дооронбек Садырбаев менен оператор Нуртай Борбиев.

© Фото / Александр Федоров

Тасма тартуу учуру... КРдин эл артисти Дооронбек Садырбаев менен СССРдин эл артисти Кайыргүл Сартбаева

Тасма тартуу учуру... КРдин эл артисти Дооронбек Садырбаев менен СССРдин эл артисти Кайыргүл Сартбаева - Sputnik Кыргызстан
7/14

Тасма тартуу учуру... КРдин эл артисти Дооронбек Садырбаев менен СССРдин эл артисти Кайыргүл Сартбаева

Камера кармаган Айбек Жангазиев, Евгений Барышников жана режиссёр Дооронбек Садырбаев

Камера кармаган Айбек Жангазиев, Евгений Барышников жана режиссёр Дооронбек Садырбаев - Sputnik Кыргызстан
8/14

Камера кармаган Айбек Жангазиев, Евгений Барышников жана режиссёр Дооронбек Садырбаев

© Sputnik / Александр Федоров

Дооронбек Садырбаев менен белгилүү балерина Айсулуу Токомбаева, Фрунзе шаары, 1977-жыл

Дооронбек Садырбаев менен белгилүү балерина Айсулуу Токомбаева, Фрунзе шаары, 1977-жыл - Sputnik Кыргызстан
9/14

Дооронбек Садырбаев менен белгилүү балерина Айсулуу Токомбаева, Фрунзе шаары, 1977-жыл

© из семейного архива Дооронбека Садырбаева

Садырбаевдин Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынында депутат болуп турган кези. 2002-жыл

Садырбаевдин Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынында депутат болуп турган кези. 2002-жыл - Sputnik Кыргызстан
10/14

Садырбаевдин Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынында депутат болуп турган кези. 2002-жыл

© Фото / из семейного архива Дооронбека Садырбаева

Көлдө небереси менен кайык айдаган саясатчы

Көлдө небереси менен кайык айдаган саясатчы - Sputnik Кыргызстан
11/14

Көлдө небереси менен кайык айдаган саясатчы

© из семейного архива Дооронбека Садырбаева

Коомдук ишмер жубайы Сонунбүбү Көлбаева менен 47 жыл чогуу өмүр сүргөн

Коомдук ишмер жубайы Сонунбүбү Көлбаева менен 47 жыл чогуу өмүр сүргөн - Sputnik Кыргызстан
12/14

Коомдук ишмер жубайы Сонунбүбү Көлбаева менен 47 жыл чогуу өмүр сүргөн

© Фото / из семейного архива Садырбаевых

Небереси менен эркелешкен саясатчы

Небереси менен эркелешкен саясатчы - Sputnik Кыргызстан
13/14

Небереси менен эркелешкен саясатчы

© Фото / из семейного архива Садырбаевых

Кыргыз Эл Баатыры 2008-жылы узакка созулган оорудан улам 69 жашында кайтыш болгон

Кыргыз Эл Баатыры 2008-жылы узакка созулган оорудан улам 69 жашында кайтыш болгон - Sputnik Кыргызстан
14/14

Кыргыз Эл Баатыры 2008-жылы узакка созулган оорудан улам 69 жашында кайтыш болгон

Жаңылыктар түрмөгү
0