Кайран элге күйгөн, Tico айдаган Доке. Дооронбек Садырбаев тууралуу 7 факты

© Фото / из семейного архива Дооронбека СадырбаеваНародный артист КР Дооронбек Садырбаев
Народный артист КР Дооронбек Садырбаев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүн белгилүү кинорежиссер, жазуучу, мамлекеттик жана коомдук ишмер Дооронбек Садырбаевдин туулган күнү. Кыргыздын чыгаан уулунун көзү тирүү болгондо быйыл 79 жашка толмок. Азыркыга чейин калайык калк жоктоп келген инсанды Sputnik Кыргызстан агенттиги кызыктуу фактылар менен эскерет.

Доктур болгусу келген Дооронбек. Атактуу режиссер Дооронбек Садырбаев 1939-жылы 13-февралда Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы Апыртан айылында туулган. 17 жашында айылдагы орто мектепти аяктап, борбор калаадагы медициналык институтка тапшырган. Анын бул кесипти тандоосуна атасынын оор илдеттен улам эрте дүйнө салганы себеп болгон. Бирок ал жогорку окуу жайды аягына чейин бүтпөй эле киностудияга иштегени кетип калган. Кийин Ленинград шаарындагы Театр, музыка жана кинематография институтунда билим алган. 

© из семейного архива Дооронбека СадырбаеваДооронбай Садырбаев алгач дарыгер болууну чечкен. Бирок жогорку окуу жайды аягына чейин бүтпөй эле киностудияга иштегени кетип калган.
Народный артист КР Дооронбек Садырбаев - Sputnik Кыргызстан
Дооронбай Садырбаев алгач дарыгер болууну чечкен. Бирок жогорку окуу жайды аягына чейин бүтпөй эле киностудияга иштегени кетип калган.

Тасма тартууга ашыккан талант. Кинематографияга сүңгүп кирген жаш талант өмүрүнүн басымдуу бөлүгүн ошол жакта өткөргөн. Ал 1962-жылдан 1990-жылга чейин Кыргызтелефильмде режиссер, сценарист катары эмгектенип, 70тен ашык даректүү тасма жарата алган. Андан сырткары, "Арман", "Махабат дастаны", "Акбаранын көз жашы" өңдүү 16 көркөм фильмди көрармандарга сунуштаган.

Уста, комузчу, акын… Дооронбек Садырбаев үйүнө келсе уста, эс алып калса комуз черткен ырчы, жалгыз отуруп калса калемин алып акын, жазуучу боло калган көп кырдуу талант болгон. Анын 20дан ашык китеби кыргыз, орус тилдеринде жарык көрүп, айрым чыгармалары бир нече тилге которулган. Ал эми ырлары обонго салынып ырдалып келет. Анысы аз келгенсип кинодо актер, диктор болуп, үн коштоп эмгектенген. 

© из семейного архива Дооронбека СадырбаеваЖубайы Сонунбүбү Көлбаева менен 47 жыл чогуу өмүр сүргөн
Народный артист КР Дооронбек Садырбаев - Sputnik Кыргызстан
Жубайы Сонунбүбү Көлбаева менен 47 жыл чогуу өмүр сүргөн

Эл үчүн күйгөн Доке. Атагы алыска чыккан Садырбаев өлкө эгемендүүлүк алганда эки жылдай Түркиядагы "Ихлас" киностудиясында түрк жаштарын тарбиялап эмгектенген. Ошол учурда жакшы айлык маяна алып чет жакта иштеп жүргөн режиссер Кыргызстандагы саясий-экономикалык абалга жаны кейип мекенине келип алат. Ал жергиликтүү гезиттерге макалаларын жарыялап элдин көйгөйүн чечүүгө аракет жасайт. Бирок жыйынтык болбой жатканын сезип өзү туулуп-өскөн районунан Жогорку Кеңешке депутат болуп шайланып, саясатка кадам таштайт. Парламентте ал курч сөзү, ачуу чындыгы менен көпчүлүктөн айырмаланган. Кезегинде Үзөңгү-Кууш, Каркыранын коңшуларга өтүп кетүүсүнө каршы туруп, жан аябай далбастагандардын бири болгон.

Tico айдаган депутат. Эл өкүлү болуп иштеп жүргөн кезинде акча, кымбат баалуу автоунаа жана сыйлык берип анын оозун басууга аракет жасалган. Анткени ал учурунда Акаев, Бакиевдин жүргүзгөн саясатына кескин сын айтып, катуу сындаган. Бирок дүйнө чогултпаган саясатчы айрым атка минерлердин арам акчасына алданбай ишмердүүлүгүн уланткан. Өмүрлүк жары Сонунбүбү Көлбаева жолдошунун бир жолу дагы аны командировкага ээрчитип барбаганын, мындайга дайым каршы болуп келгенин айтат. Кичинекей Tico автоунаасын айдап алып иштерин бүтүрчү дейт жубайы. 

© из семейного архива Дооронбека СадырбаеваДооронбек Садырбаев үйүнө келсе уста, эс алып калса комуз черткен ырчы, жалгыз отуруп калса калемин алып акын, жазуучу боло калган көп кырдуу талант болгон
Народный артист КР Дооронбек Садырбаев - Sputnik Кыргызстан
Дооронбек Садырбаев үйүнө келсе уста, эс алып калса комуз черткен ырчы, жалгыз отуруп калса калемин алып акын, жазуучу боло калган көп кырдуу талант болгон

Көрсөтүлбөгөн тасма. Кыргыз Республикасынын Эл артисти өз кезегинде бийлик тарабынан кысымга алынган жайы бар. Анын 1916-жылдагы элдик боштондукту, 1937-жылдагы саясий окуяларды жана 1990-жылдагы кыргыз-өзбек коогалаңын чагылдырган "Кайран эл" тасмасы көрсөтүлбөй калган. Ал фильмди азыркыга чейин көрсөтүүгө тыюу салынган.

белгилүү публицист, коомдук ишмер, Шоро компаниясынын, Супара, Супара-Чуңкурчак этно-комплекстеринин негиздөөчүсү, жаратман Табылды Эгембердиевдин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Бүгүн Табылды Эгембердиев 67 жашка толмок. Ишкер тууралуу 12 факты
Байлык эмес, кадыр-барк чогулткан. Көрүнүктүү мамлекеттик ишмер жалган айткан адамдарды жек көргөн. Эгер кимдир бирөө аны алдаса, ал адам менен катышмак түгүл сүйлөшпөй койгон. Оозуна спирт ичимдигин албаган саясатчы өмүрлүк жары Сонунбүбү эже менен 47 жыл бирге өмүр сүргөн. Кайда барбасын өзүнүн баскан-турганы, сүйлөгөн сөзү менен үлгү болуп бардыгына бирдей мамиле жасаган жөнөкөй адамдардын катарын толуктаган. Кыргыз Эл Баатыры он жыл мурда, 2008-жылы 28-майда 69 жашында узакка созулган оорудан улам көз жумган. Кыргыз маданияты, саясаты жана жөнөкөй эле жарандар Дооронбек Садырбаевди азыркыга чейин жоктоп келет.

Доор адамы Дооронбек Садырбаевдин сүрөттө калган элестерин Sputnik фотолентасынан көрүңүз да, атайын даярдалган материалдан окуңуз.

Жаңылыктар түрмөгү
0