ИИМ башчысына бешинчи орун басар дайындалды. Кыла турган кызматы

© Фото / пресс-служба МВДчки иштер министри Улан Ниязбековдун санариптештирүүнү өнүктүрүү боюнча орун басары болуп дайындалган Суюнбек Ниязбеков
чки иштер министри Улан Ниязбековдун санариптештирүүнү өнүктүрүү боюнча орун басары болуп дайындалган Суюнбек Ниязбеков  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.02.2022
Жазылуу
ИИМ башчысы Улан Ниязбековдун төрт орун басары иштеп келген. Учурда санариптештирүү маанилүү багыт болгондуктан бешинчи орун басары кошулганы белгиленди.
БИШКЕК, 9-фев. — Sputnik. Ички иштер министри Улан Ниязбековдун санариптештирүүнү өнүктүрүү боюнча орун басары болуп Суюнбек Ниязбеков дайындалды. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы кабарлады.
ИИМдин өздүк курамына Суюнбек Ниязбековду Президенттик администрациянын кырдаалдык борборунун директору Адилет Жанузаков тааныштырган.
Ниязбеков министрдин санариптештирүүнү өнүктүрүү боюнча орун басары, ошол эле убакта ИИМдин маалыматтык технологиялар башкы башкармалыгынын начальниги болуп дайындалган.
Өз кезегинде министр бул кызматтын негизги максаты элдин коопсуздугун ыкчам камсыздоо, сервистик тейлөөнүн жаңы заманбап баскычына өтүү, кылмыштардын бетин ыкчам ачып, сапаттуу тергөө амалдарын жүргүзүү жана элдин кызматында ар дайым болууга шарт түзүү болуп эсептелерин белгилеген.
"Андан тышкары, документтерди электрондук жүгүртүү форматына өтүү заман талабы болуп турат. Бул президентибиздин бирден-бир тапшырмасы. Жардам сурап кайрылган жарандарыбыздын маселесине ыкчам аракеттерди көрүү, коомдук коопсуздукту камсыздоо боюнча жаңы ыкмаларды ишке ашыруу негизги милдети болуп саналат", — деген Ниязбеков.
Суюнбек Ниязбеков 1969-жылы Нарын шаарында туулган. Ички иштер органдарында 2001-жылдан бери кызмат өтөйт. ИИМдин ички иликтөө кызматында жетекчилик кызматтарда иштеген. Өлкөгө өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал киргизилген убакта Бишкек шаарынын комендантынын орун басары болуп кызмат өтөгөн.
2020-жылдын февралынан тартып ИИМдин Маалыматтык технологиялар башкы башкармалыгынын начальниги кызматында иштеп келген. "Даңк" медалынын жана бир катар мамлекеттик сыйлыктардын ээси.
ИИМ башчысы Улан Ниязбековдун төрт орун басары иштеп келген. Анын биринчи орун басары Адылбек Бийбосунов, ал эми орун басарлары Нурбек Абдиев, Октябрь Урмамбетов жана Эркебек Аширходжаев болуп саналат. Учурда санариптештирүү маанилүү багыт болгондуктан бешинчи орун басар кошулганы белгиленди.
Жогорку соттун төрагасы болуп дайындалган Замирбек Базарбеков. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.02.2022
Президент Замирбек Базарбековду Жогорку соттун төрагасы кылып дайындады
Жаңылыктар түрмөгү
0