"Мини Хабиб" Ибраимов: Фигейредуга спарринг-өнөктөш болуудан алгач баш тарткам

© Фото / Дейвисон ФигейредуБразилиялык мушкер UFC чемпиону Дейвисон Фигейреду жана кыргызстандык мушкер Рыскулбек Ибраимов
Бразилиялык мушкер UFC чемпиону Дейвисон Фигейреду жана кыргызстандык мушкер Рыскулбек Ибраимов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.02.2022
Жазылуу
Бразилиялык мушкер Дейвисон Алькантара Фигейреду Абсолюттук мушкерлер лигасында (Ultimate Fighting Championship) чемпион болду. Титул үчүн болгон реванштык кармашта ал мексикалык Брендон Моренону жеңди.
Фигейреду АКШдагы Fight Ready мушкерлер академиясында машыккан. Титулдук беттешке даярдык көрүү учурунда ага кыргызстандык спортчу Рыскулбек Ибраимов спарринг-өнөктөш болгон.
Sputnik Кыргызстан мушкер Ибраимов менен байланышып, анын UFC атлетине кантип өнөктөш болуп калганы, машыгуусу, максаттары тууралуу сүйлөштү.
— Рыскулбек мырза, UFC уюмунун эң жеңил (57 кг) салмактагы чемпиону Дейвисон Фигейредунун титулдук беттешке даярдык көрүү учурунда сиз анын спарринг-өнөктөшү болгон экенсиз. Чемпиондук курду кайрадан жеңип алгандан кийин аны кантип куттуктадыңыз?
— Мен беттешти жогорку трибунадан туруп көрдүм. Жанында Генри Сехудо болду. Фигейреду чемпиондук курду тагынып, октагондон чыккандан кийин барып куттуктадым. Мен спарринг учурунда дайыма ага "Сен жеңесиң! Сенин тик туруп таймашкан артыкчылыгың бар, болгону күрөштөн айрым ыкмаларды өркүндөтүшүң керек" деп айтып келдим эле.
Аябай сүйүндүк. Команда менен турган жеринде куттуктадым. Ал да мени куттуктады. Кубанганынан көзүнөн жашы тыйылбай, кучактап алып аябай ыраазычылыгын айтты.
— Кантип спарринг-өнөктөш болуп калганыңызды айтып берсеңиз?
— Менин менеджерим Асан Султанов менен Фигейредунун машыктыруучулары тааныш, өз ара жакшы мамиледе экен. Бир күнү ал Фигейредуга татыктуу спарринг-өнөктөш издеп жатканын айтыптыр. Менеджерим мени айтып, бир апта сынап көрүп, жарап калса алгыла деп сунуштаган экен.
Бардым, алгачкы машыгуудагы спаррингде эле жактырышты. Анан алардын командасы мага аптасына 500 доллар төлөп бере турган болуп келиштик. Эки ай иштешкенден кийинки ийгилик ушундай болду.
© Фото / Рыскулбек Ибраимов Боец ММА, кыргызстанец Рыскулбек Ибраимов
Боец ММА, кыргызстанец Рыскулбек Ибраимов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.02.2022
Боец ММА, кыргызстанец Рыскулбек Ибраимов
— UFC чемпионуна өнөктөш болуу сунушун алгач укканда кандай кабыл алдыңыз?
— Адегенге баш тарттым. Менин да алдымда чоң максатым бар. Эң оболу келечекте мен да аталган уюмга чыгып калсам, Фигейредуга деле кез келип калышым мүмкүн, ошон үчүн аларга азырынча аралашкан туура эмес деп ойлодум. Анын үстүнө декабрь айында АКШдагы TITAN FC спорттук лигасында белгиленген беттешке даярданып жаткам.
Анан менеджерим менен башкы машыктыруучум Нургазы Амиракулов сунушка макул бол деп кеңеш беришти. Эгер сыноодон өтүп, анын командасына кошулуп калсам келечек да жакшы болорун айтышып, тобокел кылып, барып көрүш керек деп ынандырышты. Эки күндөн кийин макулдугумду бергем.
— UFC чемпиондору Генри Сегудо (жеңил салмак), Жон Жонс (орто оор салмак) сыяктуу атактуу мушкерлер машыккан Fight Ready ММА академиясына барган экенсиз. Ал жайга ар кимди эле ала бербейт да. Кайсы жөндөмдөрүңүздү сынап көрүштү?
— Мага чейин үч-төрт атлетти чакырып, сынап көрүп, аларды жактырышкан эмес экен. Күч жагынан, күрөш жагынан, функционалдык даярдыктарды текшеришти.
© Фото / предоставлено Рыскулбеком ИбраимовымБоец ММА, кыргызстанец Рыскулбек Ибраимов
Боец ММА, кыргызстанец Рыскулбек Ибраимов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.02.2022
Боец ММА, кыргызстанец Рыскулбек Ибраимов
— Фигейреду менен негизинен кайсыл ыкмалардын үстүндө иштедиңиз?
— Аны менен негизинен партерде (жерге жатып алышуу) көп спарринг өткөрдүм. Мен атаандашты торго кадап, жерге жыгып же, тескерисинче, мени жыгып алса кантип коргонуп, абалдан чыгып кетүү ыкмаларын, башкача айтканда, партерден иштегенди жакшы өздөштүргөм. Ушул нерсени аябай жактырышты. Торго камаганда эле атаандашты жыккан, аны тургузбай сабаган артыкчылыгымды россиялык айтылуу мушкер, жеңилбес чемпион Хабиб Нурмагомедовго окшоштурушту. Ошондон улам мени "мини Хабиб" деп атап алышты. Азыр да клубда баары мени "мини Хабиб" дешет (күлүп).
Фигейреду менен организмди көпкө чейин чарчабаганга көндүрүү үчүн алыскы аралыкка, тоолорго (кросс) чуркап жаттык. Тик туруп бири-бирибизге каршы соккуларды узатып, алардан коргонуу ыкмаларын өздөштүрүп иштедик.
— Өзүңүз да бир топ тажрыйба алсаңыз керек...
— Менден башка дагы эки мушкер өнөктөш болду. Алардын бири бразилиялык, экинчиси Испаниядан эле. Эң кыйыны эле спарринг болду. Анткени ал чемпиондук беттешке даярданып жатат. Кадимки таймаштагыдай күч менен сокку урат, тебет. Лоу-кик (бутка тебүү) балтыр, сан булчуңдарымды эзип салган учурлары болду (күлүп). Коргоносуң, качып тийгизбегенге аракет жасайсың. Аны катуу уруп же тепкенге болбойт. Анткени эң маанилүү беттеш алдында мушкердин денесине кандайдыр бир жаракат келтирилбеши керек. Башкача айтканда, биз спарринг-өнөктөштөр жарым күч менен уруп-тээп жаттык.
Кээ бир күндөрү машыктыруучу мени "Морено (Фигейредунун атаандашы) бол" дейт. Мексикалык мушкердин стили менен мушташып жаттым. Анын бетке сокку уруп алып, күлүп шылдыңдап качканын туурап, Фигейредунун жинин келтирген кылыктарын кайталадым.
Бул жакта күч, техника, тактика, организмдин абалын көзөмөлдөгөн машыктыруучу, дарыгер, диетологдордон турган беш устат бар. Алар бир апталык программа түзүшөт. Ошол боюнча даярдык жүрөт.
Тажрыйба тууралуу айтсам, организмди көп иштөөгө даярдагандан тарта кантип тамактануу керек, диета кармап, салмакты калыбында кармоо, ашыкча салмактан оңой арылуу, күнүмдүк машыгуунун программасын кантип туура бөлүштүрүүгө чейин үйрөндүм.
Өзгөчө тик туруп таймаш алып баруу жагынан, жиу-житсу боюнча пайдалуу ыкмаларды билип алдым.
Бизде (КРде) бир маал кечке күрөштүрүп, же кечке соккуларды кайталаган көрүнүш бул жакта жок. Ар бир бөлүк өз убактысы, сааты менен болот экен. Ал сыноолордон өтүп, көптү үйрөндүм десем болот.
— Өзүңүз да бир катар ММА промоушендерде беттештерге чыккан, 25тей беттеш өткөргөн, мындайча айтканда, такшалган мушкерсиз. Фигейредуга кеп-кеңеш айта алдыңызбы?
— Мен башынан эле аны "утасың, күрөш боюнча даярдыкты мыктылашың керек" деп айтып келдим. Торго кадап алып жерге жыгып, андан чыгып кетүүчү ыкмалар боюнча көп кеңеш айтып, көрсөттүм. Бирге көп жолу кайталадык. Жеңиштен кийин ушул көнүгүүлөр пайдалуу болгонун айтты.
— UFC уюмуна чыга турган атлеттин машыгуусу ары оор, ары кыйын экенби?
— UFC уюмунун атлети кара күч, техника, тактика, чыдамкайлык, айтор, бардык жагынан жогорку даярдыкта болушу керек экен. Ошонун баарын көрүп, баштан өткөрдүк.
Күнүнө эки маал, эртең менен анан кечинде машыгуу болду. Ал эми Фигейреду түшкү сааттарда кара күч жагынан даярдыгын өстүрүү үчүн темир көтөрүп иштеп (тренажёр) жатты. Башкача айтканда, ал үч маал даярданды. Түйшүк чынында аябай оор экен.
— Жеңиштен кийин Фигейреду сизди коноктойм деп Бразилияга чакырган турбайбы?
— Ооба, азыр деле байланышкан сайын айтат. "Жүр, мекениме алып барайын, бир ай конок болосуң. Сен мага аябай жакшы жардам бердиң" деп чакырды. Мен 4-февралда өтө турган беттешим бар экенин айтып баш тарттым. Буюрса, 2023-жылы сөзсүз барам деп убада бердим.
— Сизди Fight Ready ММА клубу мурда түзүлгөн эки айлык келишим аяктаса да кетирбей өзүнө алып калганы чынбы? Эми ушул мушкерлер академиясынын мүчөсү болуп чыгасызбы?
— Негизи мени менен келишим эки эле айга түзүлгөн. Титулдук беттеш өттү. Фигейреду чемпион болду. Ал азыр Бразилияга кетти. Келишимдин мөөнөтү бүтсө да мени кетирбей жатышат. Мындагы устаттар мени алдыда LFA лигасында өтүүчү кармашка даярдап, өзүлөрү алып барабыз деп жатышат. Алар менен бир батирде жашайм, бирге тамактанып, бирге машыгабыз.
— Спорттун кайсы түрү менен машыгып баштадыңыз эле? ММА спортуна кантип аралашып калгансыз?
— Ош облусунун Ноокат районундагы Көк-Жар айыл аймагынын Каранай айылында жөнөкөй үй-бүлөдө төрөлүп, чоңойгом. Кичинекей кезимден эле спортко өтө кызыгам. Айылда шартка байланыштуу спорттун кайсы бир түрү менен машыгууга мүмкүнчүлүк болгон эмес. Мектепти аяктагандан кийин 2011-жылы Россияга мигрант болуп баргам. Ал жакта бир досум "Айкөл Манас" аттуу спорт клубга алып барган. Ошондон тарта эрежесиз мушташ өнөрү менен алектенип келем.
Мени жеке машыктыруучум Нургазы Амиракулов аябай колдоп келди. Көптөгөн кыйынчылыктарды бирге өткөрдүк.
© Фото / предоставлено Рыскулбеком ИбраимовымБоец ММА, кыргызстанец Рыскулбек Ибраимов
Боец ММА, кыргызстанец Рыскулбек Ибраимов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.02.2022
Боец ММА, кыргызстанец Рыскулбек Ибраимов
— Ар бир футболчу дүйнө чемпионатынын аренасында ойносом деп кыялданат эмеспи, анын сыңары ар бир мушкер да UFC октагонуна чыксам деп үмүт кылары турулуу. Сизде да мындай ойлор болсо керек, анын үстүнө чемпион менен бирге машыгып, анын беттешин, мелдештин өзүн, андагы аураны көрүп-сезип келдиңиз да?
— Ал жердеги көрүнүш таптакыр башкача экен. Кыргызда "генерал болом дебеген жоокер жоокер эмес" деген сөз бар эмеспи. Ар бир ММА мушкеринде мындай кыял сөзсүз болот.
Менин да өзүмдүн үмүтүм, максаттарым бар. Ага жетүү үчүн күн сайын эмгектенип келем. Кадам-кадамы менен аракет жасалууда. UFC боюнча кыялдарым тууралуу кези келгенде айтылат.
Боец без правил Нуржигит Турдубай уулу - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.11.2021
UFC чемпиону Пётр Янды уткан Нуржигит: колун кайрысам багынып берген
Кыргызстандык мушкер Турсунбек Асылгазиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.12.2020
Аягына чейин кармашкам. Хабиб менен беттешкен кыргыз мушкер Турсунбектин маеги
Жаңылыктар түрмөгү
0