Тамеки чеккен таятанын жээн неберелерге тийгизген кесепети. Изилдөө

© Sputnik / Алексей Мальгавко / Медиабанкка өтүүТамеки чегип жаткан кары адам. Архив
Тамеки чегип жаткан кары адам. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.02.2022
Жазылуу
Чылым чегүүнүн кесепетин тийгизген генетикалык механизм эмне экендигин так билүүгө азырынча мүмкүн боло элек.
БИШКЕК, 1-фев. — Sputnik. Таятасы тамеки чеккен аялдардын толуп кетүү тобокелдиги чоң болот. Бул туурасында дарыгер жана теле алып баруучу Евгений Комаровский өзүнүн "Комаровости" деп аталган берүүсүндө айтып берген.
"Чылым чеккен кишилердин кыз неберелеринде тамекини оозуна албагандардыкына салыштырмалуу орто эсеп менен алганда май 3,5-5,5 килограмм көбүрөөк болот. Эгерде таятасы чексе, жээндеринде бул көрсөткүч 5,5-6,1 килограммга чамалап барат", — деген дарыгер.
Ал эми аялдардын өзүнүн чегер-чекпеси бул жерде роль ойнобой тургандыгын кошумчалаган.
"Миңдеген киши катышкан изилдөө учурунда мыйзам ченемдүүлүк ошентип өзүн көрсөткөн. Чылым чегүүнүн кесепетин тийгизген генетикалык механизм эмне экендигин так билүүгө азырынча мүмкүн боло элек", — деп түшүндүрдү дарыгер.
Буга чейин чылым чеккен ата-энелердин балдары чекпегендердин уул-кыздарына салыштырмалуу бир аз начар окуп, жүрүм-туруму дагы башкачараак болорун австралиялык окумуштуулар изилдеп чыккан.
Тамеки чегип жаткан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.01.2022
Чылым таштаган кишинин организми канча убакта калыбына келери айтылды
Жаңылыктар түрмөгү
0