Полевые сборы военнослужащих Волгограда - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.01.2022
Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал, 2022-жылдын январы

Жол куруу каралган. Тажикстандын УКМК башчысы айткан протоколдогу маалыматтар

© Sputnik / Зульфия ТургуноваБаткен облусундагы Көк-Таш айылы
Баткен облусундагы Көк-Таш айылы - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.01.2022
Жазылуу
Sputnik Кыргызстан агенттиги Саймумин Ятимов айткан протоколдо камтылган маалыматтарга кызыгып көрдү.
БИШКЕК, 29-янв. — Sputnik. Бүгүн, 29-январда, Кыргызстан менен Тажикстандын УКМК башчыларынын жолугушуусунан соң Саймумин Ятимов №39 протоколдогу талаптар аткарылышы керек деген оюн айткан.
Ал сегиз күндөн кийин тараптар бул протоколду ишке ашырууга өтөрүн, аталган документте жазылган пунктулар боюнча иш алып барарын белгилеген.
Sputnik Кыргызстан агенттиги аталган протоколдо камтылган маалыматтарга кызыгып көрдү. Буга чейин өкмөт бул боюнча төмөндөгүдөй түшүндүрмө берген:
№43 чек ара чекитинен №61 чек ара чекитине чейин, Баткен районунун Кара-Бак айыл аймагында жайгашкан № 135 чек ара чекитинен № 141 чек ара чекитине чейинки тилкесин чийип, жазуу иштерин жүргүзүү. Ушул тилкелер боюнча гана 1924 жана 1927-жылдардагы, ошондой эле 1989-жылдагы карталар пайдаланылат. Ташиев буга чейин аталган жылдардагы карталар ушул гана чек ара чекиттерин тактоодо колдонуларын айтып, Ворух анклавынын буга эч кандай тиешеси жок экенин белгилеген.
Эки өлкө Тажикстандын жарандарынын жана жүк ташыган унааларынын тоскоолдуксуз өтүүсү үчүн Ходжаи Аъло — Ворух жолун курат. Аталган жол Капчыгай (Танги) айылын айланып өтөт.
Аталган автожолдун курулушу жана ишке берилиши эки өлкө ортосундагы өз алдынча мамлекеттер аралык келишимге кол коюлган соң гана ишке ашырылат. Тагыраагы, качан гана анклавдын тегерек чети толук делимитация, демаркациядан өткөндөн кийин жолду пайдаланууга уруксат берилет.
Буга катар аталган келишимге кол коюлганга чейин тараптар Ворух тилкесиндеги кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын долбоордук сызыгын жазууга киришүүнү макулдашкан.
Ошол кезде УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев бул автожолдун курулушу тажик тарапка коридор берүүнү түшүндүрбөй турганын белгилеген.
Бүгүн, 29-январда, Кыргызстан менен Тажикстандын УКМК башчылары Камчыбек Ташиев жана Саймумин Ятимов жолугуп, сүйлөшүүнүн жыйынтыгы боюнча маалымат беришти - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.01.2022
Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал, 2022-жылдын январы
Кыргызстан менен Тажикстандын УКМК башчылары жолукту. Эмне чечимге келишти

Чек арадагы жаңжалдын чоо-жайы

27-январь күнү саат 17:50 чамасында Төрт-Көчө аймагына тажик жарандары оор жүк ташуучу автоунаага таш жүктөп келишкен. Аны Баткен — Исфана автожолуна түшүрүп жолду жаап, өздөрү ошол жерде Тажикстандын чек арачыларынын коштоосунда жүрүшкөн. Эки өлкөнүн чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусунун жыйынтыгында жол каттамы ачылган. Кырдаалды жөнгө салуу аракетине карабастан тажик тарап чек аранын башка аймагында, тактап айтканда, Чыр-Дөбө деп аталган жерде Кыргызстандын аскер кызматкерлерин көздөй миномёт жана гранатомёттордон ок чыгарышкан. Андан кийин тажик чек арачылары Төрт-Көчө аймагында Кыргызстандын аскерлерди аткылаган. Чек ара кызматы Тажикстандын аскер кызматкерлеринин аракеттери жеринен координацияланганы, алардын бул чагымчылдык аракетке мурдатан даярдык көргөнү байкалганы айтылган.
Ал эми коңшу өлкө башаламандык Сомониён айылынан Чоркухка бараткан тажикстандыктар ташка алынганынан улам чыкканын айтып жатат. Кийинчерээк Тажикстандын УКМКсы окуя Ходжаи-Аъло аймагынан Сомониёнго кетчү жолдо болгонун кабарлаган. Алардын айтымында, кыргызстандыктар тажикстандык жарандын Porter автоунаасын токтотушкан. Sputnik Тажикстан агенттигинин жазганына караганда, эки киши каза таап, 10 адам ар кандай жаракат алган.
Таңга маал эки тараптын чек арадагы атышууну жөнгө салуу боюнча сүйлөшүүсү аяктап, бир нече пунктудан турган макулдашуу кабыл алынды. Анын ичинде ок атууну токтотуу да каралган.
Кечээ эртең менен жерине УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев менен өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажыкеев барган.
Баткен облусундагы Кулунду айылы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.01.2022
Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал, 2022-жылдын январы
Баткенде чек ара тилкесиндеги үйлөр мамлекеттин эсебинен камсыздандырылат
Жаңылыктар түрмөгү
0