Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Акматова: өлкөдө насвай жасоого мыйзам уруксат бербейт

© Sputnik / Жоомарт УраимовСаламаттык сактоо министрлигине караштуу Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова
Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.01.2022
Жазылуу
Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова насвайдын ден соолукка тийгизген таасирин айтты.
Коомдук жайларда чылым тартууга тыюу салынган мыйзамга насвай да киргизилген. Анткени адамдын саламаттыгына анын терс таасири чоң. Бул тууралуу Айнура Акматова Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Акматова: өлкөдө насвай жасоого мыйзам менен тыюу салынган
Анын айтымында, насвайды өндүрүү боюнча белгиленген технология жок.
"Насвайды өндүрүү, жасоо боюнча өлкөдө тиешелүү мыйзамдар жок. Ошого байланыштуу аны сатуу, чегүү дагы мыйзамсыз болуп саналат десек болот. Азыркы учурда насвайдын эмнеден жасаларын так билбейбиз, анткени белгиленген бир технологиясы жок. Балким адам саламаттыгына олуттуу зыян алып келүүчү заттар кошулуп кетип жаткандыр. Мунун баары эч кандай текшерүүдөн өтпөйт. Ал эми медициналык көз караштан айта турган болсок насвай тартуу деле дем алуу, кан айлануу органдарына чылымдай зыянын тийгизет. Ошондуктан коомдук жайларда адамдардын өзүн-өзү алып жүрүү маданиятын жайылтуу максатында эл көп чогулчу жайларда насвай тартууга да тыюу салынды", — деди Акматова.
Ал насвай чегүүгө мектеп окуучуларынын арасынан да кызыккандар болуп жатканын, өсүп жаткан организм үчүн бул кооптуу экендигин кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0